Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

Мектеп окуучусу келбеттүү мырза аталды


Аскат Осмонов сынактын аягында сүйлөп жаткан кези.
Аскат Осмонов сынактын аягында сүйлөп жаткан кези.

Бишкекте келбеттүү жигиттердин мыктысын тандаган сынакта мектеп окуучусу биринчи орунду алды.

№74 мектепте 11-класста билим алып жаткан Аскат Осмонов "Mister universal ambassador Kyrgyzstan-2018" наамына ылайык деп табылды. Alim Serebrov эл аралык моделдик агенттиги уюштурган сынак 17-февралда Мамлекеттик циркте өтүп, 30 жигит күч сынашты. Жеңүүчү аталган агенттик менен келишим түзүп, эл аралык таймаштарга катышуу укугуна ээ болду.

Сынактын катышуучулары.
Сынактын катышуучулары.

Келбеттүү мырзаны тандаган сынактын жеңүүчүсүнүн аты-жөнү жарыяланган учурда көрөрмандар узакка чейин кол чаап турушту.

Биринчи орунду ээлеген 17 жаштагы Аскат "Азаттык" радиосуна келип, мелдеш тууралуу ой бөлүштү:

- Сынак мага жакты. Мектебимдин жарымы келди, мугалимдерим колдошту. Чынын айтсам, моделдик жолду тандаганыма сүйүнүп турам. Ата-энем каршы эмес. Подиумда элди кантип караш керек, колу-бутуңдун кыймылы кандай болушу керек - мунун баарын калыстар эсепке алышты. Мурда модель болуп жүргөн үчүн тажрыйба жагынан башкалардан алдыга оздум окшойт. Анын үстүнө боюм да роль ойноду. Менин боюм 189 см.

Бул сынактын шарты боюнча, катышуучунун бою 178 см кем болбошу керек. Жигиттер подиумда өзүн алып жүрүү, моделдик өнөр жагынан төрт багытта мелдешти: улуттук, классикалык, дизайнердик жана өзгөчө кийим. "Улуттук кийим" багытында катышуучулар ат минип чыгышты.

Алим Серебров, уюштуруучу.
Алим Серебров, уюштуруучу.

Таймашты уюштурган Алим Серебров билдиргендей, жеңүүчү жигит эми анын агенттиги менен келишим түзүп, дүйнөлүк сынактарга барууга мүмкүнчүлүк алды.

- Анткени чет өлкөлүк сынактарга жиберүү лицензиясы бизде бар. Кыргызстанда уюштурулган мелдештин ири демөөрчүлөрү жок. Ошондуктан жеңүүчүгө таажы кийгизип, жеңүүчү экенин аныктаган лента тагабыз. Башка баалуу белек берилбейт. Өнөктөштөрүбүз тартуулаган чакан белектерди алышат.

Кыргызстанда жигиттердин мыктысын тандаган сынактын жыйынтыгы "Mister universal ambassador" эл аралык уюмунун социалдык тармактардагы баракчаларына да жайгаштырылды.

Өлкөдө жигиттердин келбеттүүсүн тандаган сынак алгач 2017-жылы уюштурулган. Анда Азиз Юсупов биринчи орунду алган. Былтыркы сынак ресторандардын биринде өткөн. Бирок жеке себептерден улам Юсупов эл аралык таймашка барбай калган.

2016-жылы Нурсултан Айталиев аттуу жигит өз күчү менен "Mister universal ambassador" эл аралык сынагына катышкан. Азыр ал сулуулукту даңазалаган дүйнөлүк долбоорлордо эксперт катары иштеп жүрөт.

Аскат Осмонов
Аскат Осмонов

Быйыл биринчи орунду алган Аскат Бишкекте төрөлгөн. Кийим чыгарган чет элдик уюмдардын биринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө модель болуп иштейт. Ал мартта Казакстанда өтө турган мелдешке даярданууда. Андан ары башка чет өлкөлүк сынактарга катышуу ниети бар. Мектепти аяктаган соң телевидениеде алып баруучулук жаатында да өзүн сынагысы келет:

- Алып баруучу болгум келет. Бала кезимден бери диктофонго сүйлөп, үнүмдү жаздырып жүрө берем. Актер болгум келет. Деги эле видеокамера менен иштегенди жактырам. Бул максатыма жетүүгө аракет кылам, бирок моделдикти таштабайм. Мен ушул кесип менен бала кезимден бери адамдардын арасында жүргөндү үйрөндүм. Акча таптым, муктаждыктарымды өзүм чечип келатам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG