Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Көл демин сезген сүрөтчү


1-октябрда Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Дүйшөбек Искаковдун "Көл деми" аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.

Элүүгө чыгып, чыгармачылык дүйнөсүн көрөрмандардын сынына коюп жаткан Дүйшөбек Искаков живопись, графика, плакат жанрындагы эки жүздөй эмгеги эмне себептен “Көл деми” деп аталганын “Азаттыкка” мындайча айтып берди:

- Акындар көлдүн ажайып кооздугун сөз менен сүрөттөшсө, мен сүрөтчү катары бойок аркылуу чагылдырууга аракет кылдым. Көлдөн таасирленип, көл деминин эргүүсү менен жаралган сүрөттөрүмдү тартуу кылып отурам. Ысык-Көл мага чыгармачылык эргүү берет. Учурда Чолпон-Атада жашап, эмгектенем. Көлдүн кереметин канчалык деңгээлде ачып бергенимди көрөрмандардын сынына койдум.

Дүйшөбек Искаковдун Ысык-Көл тууралуу чыгармалары көркөмдүүлүгү менен айырмаланып, живопись, пейзаждар ачык түстөгү бойоктор аркылуу көлдүн ар түрдүү учурларын реалдуу чагылдырганын айтат коомдук ишмер, сүрөтчү Жыпар Жекшеев.

- Көргөзмөдө көзгө урунган сүрөттөр чексиздикке умтулган ак кар, көк муз баскан улуу тоонун чокусуна кызгылтым күн нуру тийип, күүгүм кирип бараткан Ысык-Көлдүн керемет бир учурларды элестетет. Анын эмгектеринин башкы өзгөчөлүгү – жогорку кесипкөйлүгүндө. Анын иштери бир көрүнүштү жөн эле көчүрүп койгонунда эмес. Дүйшөбектин сүрөттөрүнүн өзгөчөлүгү – ошол ишке жан дүйнөсүнүн кубатын арнагандыгында. Башкаларды туурап, ойкуп-кайкыбай, көлдү кандай көрсө, аны жан дүйнөсүнөн өткөрүп, реалдуу берип койгону менен баалуу.

Жаш сүрөтчү Саламат Толукбаев Дүйшөбек Искаков чыгармачылыкта изденүү жолунда экенин белгилеп, живопистери ары жандуу, ары кызыктуу тартылганын айтты:

- Көргөзмөдөгү көлдүн төрт мезгилдеги учуру, ар кыл элеси, алтын күз, тоо арасындагы айылдын жалпы көрүнүшү сыяктуу живопистер ары жандуу, ары кызыктуу жазылган. Маселен, бул бет маңдайдагы эле сүрөттү алайын, жай гана жаратылыштын көрүнүшү, эч кандай орой, осол нерселер жок. Лирика, назиктик... Ар бир сүрөтчүнүн өз дарамети, ички туюму бар, ал сүрөттөн даана көрүнөт. Бул сүрөттөр автордун илбериңки, жумшак мүнөзүнөн кабар берет. Бирок мага сүрөтчүнүн саясий плакаттары өзгөчө таасир калтырды.

“Көл деми” сүрөт көргөзмөсүнүн автору Дүйшөбек Искаков учурда плакат жанры унутта калып баратканы аны өкүндүрөрүн айтты:

- Жаратылыш темасында сүрөт тартканды жактырам. Көргөзмөдөгү сүрөттөрдүн көбү Ысык-Көлгө арналган. Башка түрдүү темадагы сүрөттөр да бар. Азыр Бишкектин көчөлөрүн кыдырсаң түрдүү жарнактар бар. Ошолордун ордуна сүрөтчүлөрдүн табият жана башка темадагы сүрөттөрү, саясий плакаттары илинсе жакшы болмок. Плакат жанры учурда унутулуп баратат. Бул - чоң искусство. Коомдогу бардык көйгөйлүү маселелерди плакат менен чагылдырып койсо болот. Шаарды кыдырсак бир дагы идеологиялык саясий плакат жок. Муну менен проблемаларды да айтса болот. Бийлик талашкандарды "Коррупционер" деген плакатымда чагылдыргам. ОБОН деген плакатым да саясий теманы козгойт. Бул плакат жанрын колго алып, жандандыруу зарыл.

Сүрөтчү Дүйшөбек Искаков 1963-жылы Түп районундагы Ой-Тал айылында туулган. 1982-жылы Бишкектеги Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1989-жылы Алматы шаарындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Литвада плакат өнөрү боюнча да билимин өркүндөткөн.

Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, Кыргыз Республикасынын көркөм өнөр академиясында мугалим болуп иштеген. Учурда Чолпон-Атадагы Алыкул Осмонов атындагы гимназия мектебинде эмгектенүүдө.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери сүрөт жаратуу жана жаш сүрөтчүлөргө билим берүү менен эмгектенип келатат. Андан сырткары сүрөтчүнүн айрым иштери АКШ, Түштүк Корея жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө өткөн көргөзмөлөрүнө катышкан.

Сүрөтчүнүн эмгектери негизинен реалисттик багыттагы пейзаж, графика, плакат жана портреттер. 1990-жылы “Ысык-Көлдү сактайлы” деген плакаты Алматы шаарында өткөн эл аралык конкурста экинчи орунду алган. 1998-жылы “Манас - кыргыз рухунун туу чокусу” деген плакаты да Көркөм өнөр академиясынын баш байгесине арзыган.

Эмгектеринин көбүн Ысык-Көл жээгинде жараткандыгын анын тарткан сүрөттөрүнөн көрүүгө болот. Таңкы шүүдүрүм коштогон кыргыз айылы, ак мөңгүлүү, симфония жараткан тоолор, айылдык адамдардын бейнеси чагылдырылган сүрөттөр кыл калем ээсинин назик, карапайым дүйнөсүн ачып турат дешет кесиптештери.

Буту ооруп, басалбай, майыптардын арабасында отуруп калган 73 жаштагы апасы уулунун сүрөттөрүн көрүп, көзүнө жаш алды.

"Көргөзмөнүн өтүшү – сүрөтчү үчүн экзамен деп ойлойм. Эң негизгиси уулумду адам бол дечүмүн. Эми сүрөттөрүн көрүп, сыймыктанып турам", - дейт апасы, акын Нурила Искакова.

Сүрөткер Дүйшөбек Искаков ажайып кыргыз жерин көркөм бойокко алууну дагы улантмакчы жана Кыргызстандын аймактарын кыдырып тартсам деген максат-тилеги бар.

Сүрөтчүнүн кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлгө арналган жеке көргөзмөсү 17-октябрга чейин созулат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG