Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

“Ээнсиреген үй” – эңшерилген дүйнө


"Ээнсиреген үй" тасмасынан.
"Ээнсиреген үй" тасмасынан.

“Аталар керээзи”, “Манастын төрөлүшүн утурлай” тасмалары менен белгилүү болгон режиссер Нурбек Эгендин “Ээнсирген үй” аттуу фильми май айынын башында Бишкектин кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Бирок тасма көрөмандарга жете элек эле кино ышкыбоздор арасында жандуу талкууга түштү.

Башкы каарман - ачык-айрым, эч нерседен тайманбаган Асел - кыз башына карабай көп түйшүктү өткөрөт. Алгач жигитинен боюна бүтүп калат, андан соң айылдын атаманы Султанга турмушка чыгууга мажбур болот. Бул өмүр аңгектен качсаң дөңгөккө дегендей эле турбайбы деген көз карашка алдырган Асел акыры өз жашоосунан качып, тээ өзү билбеген белгисиз жактан бакыт тапкысы келгендей. Ал баарын таштап Москваны көздөй сапар алат да, миңдеген кыргыз мигранттарынын катарын толуктайт.

“Ээнсиреген үй” – бул азыркы доордун күнгөй-тескейин, айыл турмушун, анын кудурет-кунун качырып жаткан миграция аркылуу чагылдырган социалдык драма.

Кинорежиссер Нурбек Эген бул тасма аркылуу бүгүнкү Кыргызстандын абалын көпчүлүккө көргөзүүнү көздөгөн:

- Бүгүнкү күндүн каармандары кимдер? Негизи Аселге окшогон жаштар. Ушул башкы каарманга окшогон ар бир адамдын туугандары, тааныштары бар. Мени ошол адамдардын тагдыры түйшөлтүп, чече албай турган, жооп таба албай турган маселелерге токтолуп калдым. Мен ошол маселелерди көрүүчүлөр менен бирге сүйлөшүш үчүн тарттым.

Айрым сынчылардын айтымында, “Ээнсиреген үй” тасмасы менен Нурбек Эген буга чейин кыргыз кино тарыхында болбогон жаңылыктарды киргизип, канга сиңген көз караштарды бузду. Маселен, айрым кадрлар кыргыздын кулк-мүнөзүнө туура келбей, андыктан көрүүчү бул тасманын маңызын түшүнө албай калышы мүмкүн экенин коомдук ишмер Эмил Үмөталиев айта кетти:

- Мен гана эмес, ар бир көрүүчү бир дагы сөзүн, бир дагы кадрын өткөзбөй, көз ирмебей көрө турган тасма болуптур. Бирок бүгүн эл бул тасманы баалай албайт, эртең баалайт.

Ал эми кинорежиссер Элнура Осмоналиева бул жашоонун кадимки көрүнүштөрү экенин, болгону алар буга чейин ачык көргөзүлбөй келгенин айтат:

- Баарыбызга белгилүү, өзүбүздүн жашоодон эле алынган ирмемдер. Ар бир үй-бүлөдө бул көрүнүштөр бар. Бирок биз баарын жокко чыгарып, ачык айта албай, жашырып келебиз. Үйдө болгон окуялар, үйдө эле калат. Кошунасы да, эч бирөө кийлигишпейт. Москвадагы биздин жердештерибиздин да тагдыры ушундай.

Тасманын башкы каарманы Асел өз бактысын издеп, жашоодон өз үйүн таппай келет. Асел сымал тагдырга туш болгондор азыркы коомдо аз эмес. А бирок кинодо айтылгандай жан дүйнөң жабыркап турса, жашаганга кайдан жай табасың?


XS
SM
MD
LG