Бул жолу эл өкүлү Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо") боюнча шек саналууда. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Кубатова "Азаттыкка" билдирди:
- Кылмыш иши факт боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин негизинде 29-июнда козголду. Тергөө амалдарын УКМК жүргүзүп жатат. "Кылмыштуу кирешени легалдаштыруу" деген берене.
Бул Шадиевге байланыштуу козголгон үчүнчү кылмыш иши. Айрым маалымат каражаттары иш Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө козголгонун жазышты.
Материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилип, тергөө жүрүп жатат. УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Кубан Арзыкулов иш Шадиевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкүнө байланыштуу козголгонун кошумчалады.
- Азыр тергөө иштери жүрүп жатат, ошондуктан маалымат бере албайбыз. Үй-бүлөсү деле эмес, мүлкү боюнча козголгон.
Төбө чачты тик тургузган байлык
Буга чейин Башкы прокуратура Кыргызстандын экономикасына 800 миллион сомдон ашуун зыян келтирген кызмат адамдарынан турган коррупциялык түйүн аныкталганын кабарлаган. Маалыматта кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу жана кайтаруу боюнча өкмөткө караштуу комиссия "2016-2018-жылдары жасалма документтерди колдонуп мыйзамсыз аракеттерге барган" деп шек саналып жатканы, андан бери мамлекет 847 миллион сомдук зыян тартканы айтылган. Буга байланыштуу бир катар ишканалар текшерүүгө алынып, айрымдарынын жетекчилери камакка алынган.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков кызматташы Шадиевге козголгон үчүнчү кылмыш иши ушуга байланыштуу болушу ыктымал экенин билдирди:
- Бул өзүнүн мурдагы жардамчысы, Мамлекеттик салык кызматын, Финансы полициясын жетектеген Замирбек Бабакулович (Осмонов - авт.), салык кызматында, бажы кызматында иштеген бир топтор менен бюджеттеги акчаны чыгарып кеткендиги жөнүндө, аларды офшорго которуп, бир ЖЧКдан экинчисине, андан дагы бир нерсеге которуп отуруп бюджеттин көп эле акчасын чыгарып кеткендиги жөнүндө маалыматтар бар. "Жыл башында салыктан 847 млн., анан 217 млн. сом акча чыгарылып кеткен" деген маалымат чыкпадыбы. Ошол жерде "ушулардын түздөн-түз тиешеси бар" деген маалыматтар бар. Осмонов убагында Шадиевдин жардамчысы болгон, анын көздөй кадры. Элдин төбө чачын тик тургузган мунун жалпы байлыгынын баасы 1,2 млрд. доллар болуп жатат. Кыргызстандын тышкы карызынын үчтөн бири болуп жатат. Ал эми банктагы камакка алган акчасы эле канча миллион доллар болуп жатат. Булардын бардыгын каяктан топтогон, бул мүлктүн баарын кантип, кайсы айлыгына алган?!
Момбеков Мамлекеттик салык кызматынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын (Финполиция) мурдагы башчысы Замирбек Осмоновдун ишмердүүлүгү иликтенбей жатканына кызыкты.
Осмоновдун өзү жана Шадиевдин жакындары менен байланышуу мүмкүн боло элек. "Азаттык" алардын жүйөсүн угууга даяр.
Буга чейин УКМК Шадиевге козголгон кылмыш ишинин алкагында анын бир нече мүлкү камакка алынганын жарыялаган. Ошого карабай ага тиешелүү катары кабарланган бир катар ишканалар, соодо борборлору ишин улантып жатканы коомчулукта суроону жараткан. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, Шадиевге кылмыш иши белгисиз себептерден улам козголбой келгенин, ошол убакта бир катар мүлкүн сатып кетүүгө үлгүргөнүн билдирген.
"Качкандан кийин иш козгоодон эмне пайда?"
Жогорку Кеңештин депутаты жана Шадиевдин фракциялашы Улукбек Ормоновдун айтымында, ал кызматташы менен 26-апрелде көрүшкөн бойдон маалымат ала элек. Ал козголгон кылмыш иштери тууралуу жыйынтык чыгаруу азырынча эрте деп эсептейт. Ал эми Шадиевдин маселеси фракцияда сентябрда, парламент эс алуудан келгенден кийин талкуулана турганын кошумчалады:
- Бул нерселердин бардыгы мен үчүн күтүүсүз, айтуу кыйын. Президент Сооронбай Жээнбеков да толтурулган декларациялардын чындыгын текшерүү тууралуу айтпадыбы. Буга чейин текшерилбей келген да. Эгер ушундай иштерди баштаса жалгыз эле Шадиев эмес, көптөгөн кишилерден маалымат чыгат. Ушунун баарын тергөө көрсөтөт. Күн мурунтан "күнөөкөр" деп айткандан карманып туралы. Бул сабак болот деп ойлойм. Атайын кызматтар ушундай иштер болгондо эле жалаякты жайбай, дайыма иштеши керек. Маалымат купуя болуп, тергелип бүткөндөн кийин гана ачыкка чыгарыш керек.
"Тазабек" порталынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы 100 бай адамдын алдыңкы сабында турган 48 жаштагы Аскарбек Шадиев дээрлик бардык президенттер менен иштешип, майлуу орундарды ээлеп турган.
"Эркин эл" партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков мурдагы президент Аскар Акаев бийлигинен бери Шадиев аралашкан ири долбоорлорду тергеп чыгуу зарыл экенин белгилеп жатат. Жарандык активист Шадиевдин чет өлкөдөгү байлыгын да иликтеп чыгууга шарт түзүлдү деп эсептейт:
- Шадиевдин Кыргызстандагы эле эмес, чет мамлекеттердеги мүлкүн иликтеп, эл аралык нормаларды колдонуу менен активдердин бардыгына бөгөт койгонго мүмкүнчүлүк бар. Биз билгендей Акаев убагында ири көлөмдө грант, насыялар алынган. Алардын басымдуу бөлүгү кайра бул жактан чыгып кеткен. Бакиев, кийин Атамбаев убагында да өтө чоң суммадагы акчанын келишине, ошол эле “РусГидро” болобу, Кытайдын банкы болобу, башка насыя болобу - Шадиев ортомчу болгон. Мына ошолордун бардыгын бүгүн жакшылап иликтеп, жыйынтык чыга тургандай кылыш керек. Анткени "Качып кеткенден кийин жүз иш козгогондон эмне пайда?" деген сөз болуп жатат.
Биринчи жолу Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу да 28-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козгогон. Мунун алдында ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Анын жардамчысы Шадиевдин дарыланууга чыкканын жана 1-2 жумада кайтып келерин айткан.
УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык, Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткени белгилүү болгон. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарган.
25-июнда Башкы прокурор Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") каралган белгилер боюнча иш козгогон. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылып, Шадиевге издөө жарыяланган.