Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Пара алган текшерүүчүлөр кармалды


Эсеп палатасынын аудитору жана анын эки мамлекеттик инспектору ири өлчөмдө пара алууга шектелип, камакка алынды

Кармоо операциясын жүргүзгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет пара катары берилген ири өлчөмдөгү акчанын көбү "Республика - Ата Журт" фракциясынын квотасы менен былтыр шайланган аудиторго багытталганын жарыялады. Ошондой эле атайын кызмат ал аудитор текшерүүгө алган объектилерден акча чогулткан туруктуу коррупциялык схеманын бети ачылганын билдирди. Кармалган аудитор Эркинбек уулу Эмилбектин талапкерлигин көрсөткөн парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы бул иш жыйында каралган соң гана расмий комментарий бериле турганын белгиледи.

Параны бөлүшүү учурундагы кармоо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 9-июнь күнү Эсеп палатасында атайын операция жүргүзүп, анын жыйынтыгында аталган мекеменин бир аудитору жана анын карамагында иштеген эки мамлекеттик инспектор кармалды.

УКМКнын из кубарлары аудитор Эркинбек уулу Эмилбек иш бөлмөсүндө башка бир мамлекеттик инспектордон ири өлчөмдөгү паранын бир бөлүгүн тапшырып жатканда аларды бир учурда кармашкан. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов алар көптөн бери байкоого алынып жүргөнүн айтты:

- Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында текшерилген объектилерден Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспекторлоруна ири өлчөмдөгү акча каражаты пара катары берилгени аныкталды. Анын көпчүлүк бөлүгү Эсептөө палатасынын аудиторуна берилип турган. Мына ошол аудитордун кызматтык бөлмөсүндө мамлекеттик инспектор ага ири өлчөмдөгү акчаны тапшырып жаткан учурда кармалды. Учурда аудитор жана бир мамлекеттик инспектор атайын кызматтын убактылуу кармоо жайына камалды. Ал эми башка бир экинчи мамлекеттик инспектор тергөө абагына киргизилди. Азыркы мезгилде бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Туруктуу схеманын бирөө гана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, алар эсептөө палатасында айрым аудиторлор өздөрү текшерген объектилерден ири өлчөмдө акча талап кылып, пара катары үзгүлтүксүз алып турган туруктуу коррупциялык схеманын бар экендиги боюнча ыкчам маалыматка мурда эле ээ болгон. Эсептөө палатасынын аталган аудитору жана эки мамлекеттик инспектор атайын кызматтын көзүнө илинип, из кубарлар эки айга чукул убакыт аралыгында алардын артынан сая түшкөн. Кылмышка шектүүлөр текшерген объектилерден коркутуу жолу менен акча талап кылган усулдар изилденип, андай учурлар баштан - аяк каттоого алынганы белгилүү болду. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул иштин натыйжасында Эсептөө палатасындагы туруктуу коррупциялык схеманын бири жок кылынганына токтолду:

- Эсептөө палатасынын ал аудитору башында турган мамлекеттик инспекторлор текшергени барган жерлерден ири өлчөмдө пара талап кылып, дайыма акча алып турган туруктуу коррупциялык схеманын бар экендиги иликтөө учурунда белгилүү болгон. Бул иш-чаранын натыйжасында туруктуу иштеп келген коррупциялык схеманын иши токтоду. Буга байланыштуу тиешелүү материалдар топтолуп, аталган кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесиндеги (коррупция) кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

Аудитордун таржымалы

"Эсептөө палатасы тууралуу" мыйзамга ылайык, анын курамы президенттин, парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттеги оппозициянын сунушу менен көрсөтүлүп, депутаттык корпустун көпчүлүк добушу менен шайланат. Эсептөө палатасынын курамы тогуз адамдан туруп, анын бир бөлүгүн парламенттеги оппозициялык азчылык сунуштаган ченем 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга кирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кармаган Эсептөө палатасынын аудитору Эркинбек уулу Эмилбек Жогорку Кеңештеги оппозиция деп саналган "Республика-Ата Журт" фракциясынын квотасы менен былтыр март айында шайланган.

Эркинбек уулу Эмилбек буга чейин салыкчы катары Майлы-Сууда, Сузак, Аламүдүн райондорунда жана Салык кызматынын Бишкектеги борбордук аппаратында иштеген. Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева аталган фракция көрсөткөн аудитордун кармалышы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Бул жаңылык бизге дагы өтө чоң терс таасирин тийгизди. Мындай болорун күткөн эмеспиз. Анан эми андан кийин тиешелүү маалыматтарды топтоп, жума күнү боло турган биздин фракциянын жыйынында анын кандайча кармалган жагдайларын талкуулашыбыз мүмкүн. Бардык жагдайларды иликтеп чыккандан кийин гана биздин фракциянын атынан атайын комментарий болот. Азырынча бизде бул боюнча толук маалымат жок.

Кыргызстанда бардык мамлекеттик мекеме-уюмдарды текшерген Эсептөө палатасынын аудиторлору кармалып, камакка алынган учурлар сейрек кездешет. Биринчи жолу 2013-жылы 21-ноябрда Эсептөө палатасынын мурдагы курамындагы оппозициялык "Ата Журт" фракциясынан көрсөтүлгөн аудитор Жусуп Иманалиев ири өлчөмдө пара менен кармалган болчу. Эсептөө палатасы ыйгарым укугунун алкагында, мамлекеттик мекемелердеги жана мамлекеттик үлүшү бар ишканалардагы каржылык мыйзам бузууларды текшерип, корутунду чыгарат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG