Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

УКМК Шаикованын дайынын таппай жатат


Алина Шаикова.
Алина Шаикова.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаикованын суракка келбей жатканын 2-августта кабарлады.

Комитеттин маалымат кызматынын өкүлү Асел Адылбек кызынын айтымында, Шаикова тергөөгө бир нече жолу чакырылган. Бирок мурдагы төрайым аларга үн каткан эмес.

"УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече жолу чакыруу жиберген. Бирок ал келген жок. Эгерде ушул жылдын 5-августуна чейин сурактан же башка тергөө амалдарынан баш тартса, Жазык-процессуалдык кодекстин 239-беренесине ылайык Шаиковага издөө жарыяланат", - деди Асел Адылбек кызы.

Коопсуздук комитети Алина Шаикованы паспорт чыры боюнча кылмыш ишинде "фигурант" деп атаганы менен анын "кылмышка шектүү" же "күбө" катары чакырылып жатканы белгисиз.

УКМК маалымат таратканга чейин айрым маалымат каражаттары Алина Шаикованын өлкөдөн чыгып кеткенин жазышкан.

Учурда Мамкаттоонун мурдагы төрайымы кайда экени белгисиз. "Азаттыктын" анын адвокаты же жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыга элек.

Мындан бир ай мурдараак Алина Шаикова "Азаттыктын" кабарчысы менен сүйлөшкөн учурда аны "паспорт чыры" боюнча камакка алуу аракети болуп жатканын айткан.

Ал бул паспорт чыры боюнча эч кандай мыйзам бузууга барбаганын бир нече жолу билдирген:

"Тендерди өткөрүүдөн мурда даярдыктар боюнча өкмөттүн аппаратына маалымат берип турганбыз. Тендердик комиссиянын ишине катышууну каалаган бардык тараптарга чакыруу жибергенбиз. Бардык жыйындар видеого тартылган. Эгер тергөө иштерине тоскоолдук болбосо, ал боюнча коомдук баа берүүгө даярбыз".

Кыргызстанда электрондук паспорт даярдоо боюнча чыр үч айдан бери уланып келет. Ал үчүн бланктарды сатып алуу боюнча тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңип чыккан. Бирок тендер жыйынтыгы жарыялангандан кийин мыйзам бузуулар жөнүндө арыздар түшүп, УКМК «Коррупция» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Аталган иштин алкаганда Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган.

Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан бошотулган.

Кийинчерээк бул иште УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун аты аталып, өз арызы менен иштен кеткен.

Учурда бул иш боюнча камакка алынган Мамкаттоонун мурдагы үч кызматкери тең тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыккан. Акыркы болуп өткөн апталарда аталган комитеттин экс-статс катчысы Данияр Бакчиевдин абактан бошотулганы белгилүү болду.

Бул иш боюнча алектенип келген жарандык активист Рита Карасартованын маалыматында, кылмышка шектүүлөр Каттоо кызматынын мурдагы жетекчилери Алина Шаикова менен Дастан Догоевге каршы көрсөтмө берүүгө макул болгону үчүн үй камагына чыгышкан.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

"Паспорт чыры боюнча кармалган мурдагы жетекчилердин ар бирин Тергөө абагынан бошотуп жаткан учурда "ушул боюнча күнөөлүүмүн, ушундай мыйзамсыз ишке мени Шаикова менен Догоев түрткөн" деп жаздырып алышыптыр. Аларга "Тергөө абагынан чыккың келсе күнөөнү моюнуңа алып, ушуларга каршы көрсөтмө бересиң" деген шарт коюшуптур. Муну азыр тергөө менен кызматташуу деп аташат экен".

Карасартова айтып жаткан Дастан Догоев учурда Маалыматтык технологиялык жана байланыш комитетинин төрагасы. Ал айтылган маалыматтарга комментарий берген жок.

Карасартова Алина Шаиковага айып тагуунун артында өлкөдөгү санариптештирүү жаатындагы долбоорлордогу кызыкчылыктар жатат деген пикирде. Анын айтымында, бул жаатка келген 60 миллион сомдон ашык долбоорлорду орусиялык "Руспром" аттуу компанияга берүүгө Шаикова каршы чыкканы үчүн азыркы абалга дуушар болушу мүмкүн.

Бирок эл арасында Шаиковнын окуясы тергөөнүн чакырыгына көңүл бурбай жаткан бир нече учурду эске салды. Маселен, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча күбө катары ИИМдин үч жолу чакыруусуна баруудан баш тарткан. Атамбаев милициянын аракетин "мыйзамсыз" деп жатат.

Өткөн апталарда болсо дал ушул эле иш боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевдин тергөөгө келбей, дайынсыз кеткени белгилүү болгон. Күч органдары генералга издөө жарыялаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев учурдагы абалды кооптондуруучу ишарат катары баалады. Анын айтымында, бул кырдаалга тергөөнүн адилеттигине ишенбестик да себеп болууда:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

"Жарандар бүгүн сот органдарына, сот адилеттигине жана укук коргоо органдарынын, тергөөнүн ачык-айкын, мыйзам чегинде иш алып бара турганына ишенбей жатат. Ошол себептүү кээ бирөөлөр тергөөдөн баш тартып, качып кетүүдө. Бул жакшы көрүнүш эмес, кооптуу сигнал. Мына ушуну ойлонуп, мыйзамдын бардык талаптарын аткарууга аракет кылыш керек".

Паспорт чыры боюнча улам бир адамга айып тагылып, тергөө уланып жаткан чакта Кыргызстанда электрондук паспортту даярдоо боюнча да иш аягына чыга элек.

Буга чейин сынакта жеңип чыккан литвалык "Гарсу Пасаулис" компаниясы кыргыз өкмөтүн өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деп эл аралык сотко кайрыларын билдирген. Ошол эле кезде сынакка катышкан германиялык "Мюльбауэр" компаниясынын тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын учурда Бишкек шаардык соту карап жатат.

Мындай соттошуулардан улам электрондук паспорт жетишпей каларын айткан Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин кызматташып келген " Де Ля Ру" компаниясы менен келишимди узартып, дагы 500 миң паспорт сатып алууну макулдашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG