Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Жакуповага өлкөдөн чыгууга тыюу салынды


Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

Жогорку Сот мурдагы депутат, адвокат Чолпон Жакуповага өлкөдөн чыгууга тыюу салган чечимди күчүндө калтырды. Жакупованы Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркына шек келтирди деген негизде сотко берген. Адвокат муну бийликке сын айткандарга каршы куугунтуктоо аракети катары баалап жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Адилет” укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупованын өлкөдөн чыгууга тыюуну алуу арызын дүйшөмбүдө карады. Анда Жогорку Соттун жарандык иштер коллегиясы Жакупова боюнча чечимди күчүндө калтырганын аталган органдын маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” кабарлады:

- Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы көзөмөл иретиндеги жарандык ишти карап, Чолпон Жакуповага карата Бишкектин Октябрь райондук сотунун 26-апрелдеги жана Бишкек шаардык сотунун 18-майдагы аныктамасын күчүндө калтырды.

Жогорку Сот мыйзам көрсөтүлгөн тартипте арыз каралганын кошумчалады.

Чолпон Жакупова соттун бул чечимине нааразы. Ал учурдагы бийликтин кемчиликтерин ачык сындаганын токтотпогону үчүн сот мына ушундай чечим кабыл алды деген пикирде:

- Жогорку Соттун чечими даттанууга жатпайт. Эми иш кайтарылып келгенде арыз берсем болот. Анткени негизги иш болсо азырынча карала элек. Өлкөдөн чыгууга салынган тыюу гана каралып жатат.

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Жарандык коом cөз эркиндигине кабатыр

Көз карандысыз журналисттер союзу медиа менен бийликти конструктивдүү диалогго чакыруу максатында жыйынга чогулду. Анда айрым басылмалардын бийлик тарабынан сотко берилиши да талкууланды.

Жакупова негизги иш деп жаткан арызды башкы прокурор Индира Жолдубаева апрель айында берген. Анда Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп Чолпон Жакупованы жана Zanoza.kg сайтын сотко берген. Ага Жакупованын ушул жылдын 30-мартында Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө сүйлөгөн сөзү жана анын Zanoza.kg сайтына жарыяланышы себеп болгон.

Жакупова менен бирге Zanoza.kg сайтын негиздеген "Промедиа" фонду, журналисттер Нарын Айып менен Дина Маслованын үстүнөн арыз жазылып, алардын ар биринен 3 миллион сом талап кылынган. Доонун суммасы чоң болгондуктан Бишкектин Октябрь райондук соту жоопкерлерди Кыргызстандын аймагынан чыкпоо жана Жакупованын мүлкүн камакка алуу боюнча аныктама чыгарган эле. Мындан соң Чолпон Жакупова адам укуктарына арналган бир нече эл аралык иш-чарага катыша албай калганын айтып келет.

Президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп арыз берилген публицист Нарын Айыптын айтымында, Жогорку Соттун акыркы чечими Жакуповага гана эмес, жалпы коомдун сесин алууга багытталды:

- Бул Чолпон Жакупованын өзүнө гана эмес, башкаларга да багытталган чара. Анткени “ушундай адамдын укуктарын чектеп, өлкөдөн чыгарбай, үйүн камакка алып кое алабыз, көрдүңөрбү, баарыңар унчукпай отургула” деген сөз. Башкалар “Жакупованы ушинтип жатса, бизди эмне кылат” деп унчукпай, сын пикирин айткандан тартынып калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жалпы коомго багытталган чечим.

Иллюстрация
Иллюстрация

Анткен менен бийликтин тарапкерлери Жакупованын иши ашкере саясатташып кеткенин белгилешүүдө. Маселен, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Жетигеновдун айтымында, бул иште соттун чечимине басым болду деген пикирлер жүйөсүз:

- Бул маселе саясатташып жатат окшойт. Президент булардын мүлкүн камакка алгыла деп чечим чыгарбайт. Анын үстүнө президент айрым маалымат каражаттарынан өз арызын деле кайтарып алууну сунуштабадыбы. Ошондуктан президент аралашып жатат деген туура эмес. Соттун мыйзам чегиндеги чечими болду окшойт.

Жакупованын ишинен тышкары Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.

Кечээ Жогорку Сот Zanoza.kg сайтындагы макаланы жайылтууга тыюу салган шаардык жана райондук соттун чечимин колдоду.

"Адилет" укуктук клиникасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Чолпон Жакупова акыркы 15 жылдан бери өлкөдө укук коргоо, саясат жаатында активдүү ишмердик жүргүзүп келет. 2015-жылы “Бир бол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршы болгону үчүн быйыл жыл башында мандатын өз эрки менен тапшырып берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG