Текшерүүдө 15 миллионго чукул кубометр жаратылыш газы ишкананын өздүк керектөөсүнө жумшалды деген негиз менен жок кылынган. Ошондой эле анда айлык акы жана сыйлык фонду негизсиз көбөйтүлүп, кызматкерлерге маяна жана сый акыны мыйзамсыз чегерүү фактылары калкып чыккан. Бул материалдар прокуратура органдарына тапшырылган менен ушул кезге чейин кылмыш иштери козголо элек. Парламенттик оппозиция өкүлдөрү “Кыргызгазды” жетектеген Тургунбек Кулмурзаев президенттин жакын адамы болгондуктан жоопко тартылбай жатканын белгилешүүдө.
Чыгышталган газ, “чыркыраган” миллиондор
Эсептөө палатасы “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын өткөн эки жылдагы ишмердигин текшерүү учурунда ири каржылык мыйзам бузууларды таап чыкты. Алардын ичинен эң эле орчундуусу ишкананын адаттагы өздүк керектөөсүнөн ашыкча көрсөтүлгөн жаратылыш газынын чыгышталышы.
Эсептөө палатасынын маалымат катчысы Азамат Курамаев 2012-2013-жылдары “Кыргызгаздын” жетекчилиги ишкананын өзүнүн керектөөсүнө деген шылтоо менен адатта колдонулчу ченемден ашык жаратылыш газын чыгыштаган факты туурасында буларды билдирди:
- 2013-жылы “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун отчетунда көрсөтүлгөндөй 119 миллион сомдук жаратылыш газы ченемден ашык коротулган. Анын ичинен 48 миллион сомдук жаратылыш газынын жеке керектөөгө деген менен кайда чыгымдалганы боюнча эсептик негиздемеси жок болуп чыккан. 2012-жылы болсо жаратылыш газынын жоготуусу 51 миллион 996 миң кубометрди же болбосо жалпы келип түшкөн газдын 14 пайызын түзгөн. Анын ичинде ченемден ашык ички керектөөгө кетти деген негизде 10 миллион кубометр газ жоготуусу катталган.
Атагы чыккан айлык акылар
Мындан сырткары “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасы 2012-жылы айлык акы фондун 41 пайызга негизсиз көбөйткөн. Анын негизинде 119 миллион сомго чукул каражат айлыкка кошумча төлөнүп берилгени аныкталган. Ошол эле кезде ишкана айлык акыны ошончолук жогорулаткыдай киреше тапкан эмес. Текшерүү учурунда ошондой эле сый акыга, материалдык жардамга жана административдик жардамга он миллион сомго чукул акча негизсиз коротулганы чыгып калган.
Мындан сырткары Азамат Курамаев “Кыргызгазга” тиешелүү жер тилкелери анын карамагынан мыйзамсыз чыгарылган факты табылганын белгиледи:
- “Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасы өзүнүн карамагында турган жер тилкелерин көрсөтүүдө бир топ эрежелерди одоно түрдө бузган фактылар чыккан. “Кыргызгаздын” карамагында 93 сотых жер аянты бар деп көрсөтүлгөн. Бирок кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана кадастр департаментинде мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 40, 58 гектар жер аянты бар экени аныкталган. Бул боюнча анда маалымат жок болуп чыкты. Бирок ишкана мына ошол каттоого алынган газ куурлары өткөн жана газ сакталган жер аянттарына салык төлөөгө тийиш эле.
Бармак басты, көз кысты...
“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасындагы бул мыйзам бузуулар боюнча материалдар мындан үч ай мурун эле прокуратура органдарына жөнөтүлгөн. Бирок бети ачылган бул фактыларды укук коргоо органдары териштирип чыгып, кылмыш ишин козгой элек. “Кыргызгаз” ишканасы мамлекеттик үлүшү үстөмдүк кылган акционердик коом болгондуктан анын жетекчилигинин ишмердигин мыйзам боюнча прокуратура органдары кароого тийиш эле.
Бирок баш прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу бул иш тууралуу маалыматы жоктугун айтты:
- Конкреттүү айтканда биз “Кыргызгазды” карабайбыз да. Аны экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы карайт. Материалдарды прокуратурага өткөрүп берген күндө деле аны тергөө биздин компетенцияга кирбейт. Аны ошол жогоруда аталган кызмат иликтейт. Биз тергөөнүн мыйзамдуулугун гана көзөмөлдөшүбүз мүмкүн. Бирок бул боюнча бизде маалымат жок.
Буга чейин парламентте Баткендеги иштетүүдөн чыгып калган газ түтүктөрүн Казакстанга сатуу фактысы боюнча “Кыргызгаздын” жетекчиси Кулмурзаевдин жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлгөн эле. Бирок прокуратура органдары буга ушул кезге чейин укуктук баасын бере элек.
Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев “Кыргызгазды” шашылыш сатуу менен андагы кыңыр иштер жашырылганына токтолду:
- “Кыргызгазды” анын ичиндеги коррупциялык схемаларды иликтеп, алып чыкпай туруп эле сатып жиберүүнүн өзүндө көп иш бар. Башында биз ишкана толук текшерүүдөн өткөн соң анан сатылсын десек, атайын эле укпай коюшту. Демек, бул ишти тездетип, сатууга кызыкдар күчтөр болгон. Жанагы элүү миллион доллар каяктан жүрүп пайда болгону белгисиз бойдон калды. Ошентип отуруп, аны сатуу боюнча макулдашууну парламенттен күчтөп жатып эле өткөрүп кетишти. Бул ишке ошол кездеги өкмөт башчысы менен “Кыргызгаздын” жетекчиси Кулмурзаев түптүз жооп берүүгө тийиш эле. Бирок бизде андай болбой жатпайбы.
“Кыргызгаз” сатылганга чейинки андагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча азыр “Газпром-Кыргызстан” болуп кайра түзүлгөн ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. “Кыргызгаз” быйыл 14-апрелде Орусиянын “Газпром” компаниясына 50 миллион доллар карызы менен символикалык түрдө бир долларга сатылган. Аны өкмөт коңшуларга болгон көз карандылыкты жоюу менен байланыштырган болчу. Бирок ошонун эртеси Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон.