Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Экс-депутатка аткезчилик айыбы илешти


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мурунку депутаты Турсунтай Салимовго таандык “Мадина-текстиль” ишканасы контрабанда боюнча айыпталып жатат.

Өткөн айда бул ишкананын унаасы “Бишкек” эркин экономикалык аймакка эндей кездеме эмес, Кытайда тигилген даяр кийимдерди алып кирип баратканда кармалган.

Байкоочулар аткезчилик жол менен жүк ташууда түрдүү айла-амалдар колдонуларын, анын артында адатта таасирлүү аткаминерлер турарын белгилешет.

Бажы кызматы 22-июлда “Бишкек” эркин экономикалык аймакка Кытайдан эндей кездеме менен фурнитура ташып келди деген унааны текшерген. Андан кездеме эмес баасы дээрлик бир миллион сомдук кийим-кече чыккан. Бажы кызматынын басма сөз өкүлү Жаманак Мусуркановдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул факт боюнча кылмыш иши козголгон:

Базар
Базар

- Автоунаада Кытайда тигилген спорт шымдар жана чолок шымдар болгон. Бул факт боюнча иш козголуп, айып пул жана тиешелүү бажы алымдар төлөтүлүп коё берилген. Негизи бул өңдүү фактылар аябай эле көп. Жашыруун алып келе жатканда кармалган, же болбосо товардын атын башка кылып жашырып алып келе жатканда тыкыр кароодо аныкталган учурлар бар.

“Мадина-текстиль” ишканасы парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын өткөн жолку чакырылыштагы депутаты Турсунтай Салимовго таандык экени айтылып жүрөт.

Ишкана “Бишкек” эркин экономикалык аймакка эки жыл мурун катталган. “Мадина-Текстилдин” жетекчиси Ришат Насыров даяр кийимдерди тымызын ташып алып кирип жүргөн деген дооматты четке какты. Ал кармалган товарды Кытайдагы өнөктөштөрүнө шылтады:

Турсунтай Салимов
Турсунтай Салимов

- Кытайдагы өнөктөшүбүз жаңылып эндей кездеме ордуна башка товар жөнөтүп жибериптир. Биз алардын жаңылыштыгы айынан чоң айып пул төлөдүк. Бул эми аткезчилик товардай көрүнүп калды. Бирок андай эмес. Биз ошондой эле спорт шымдарды “Бишкек” эркин экономикалык аймактын ичинде тигебиз. Даяр, тигилген кийимдерди ал жактан ташып келүү пайдалуу эмес. Ошондуктан биз бул жактан кийим тиккен ишкана ачканбыз да. Биздин Кытайдагы өнөктөштөрүбүздүн дагы ал өлкөдө цехтери бар. Буга чейин спорт шымдары ошол жакта тигилип, Кыргызстанга, Орусияга жөнөтүлчү. Биз кийинчерээк биргелешкен ишкана түзүп, бул жакта да цех ачканбыз.

Дүйшөн Ирсалиев “Бишкек” эркин экономикалык аймактын башчысы болуп былтыр күзүндө дайындалган. Ал соңку учурда аткезчилик тыйылып калды деп ишендирди:

- Эми мурда ушундай схемалар болуп келген. Мына азыр токтоттук. Ошон үчүн сегиз ай ичинде 170 миллион сомду 900 миллионго жеткирдик. Баарыбыз ачык-айкын иштеп жатабыз. Ошон үчүн контрабанданын баары токтоп, акчанын баары бюджетке түшүп жатат.

Азыр Кытайдан келген товарларга бажы төлөмү көбөйдү да. Мындан улам товарлар кымбаттады. Анан товарларды “Бишкек” эркин экономикалык аймакка алып келип, алар салыктан бошотуп жатат. Салыктан бошогондон кийин албетте базарда баасы арзаныраак болот. Товарды алып келгендер көбүрөөк пайда табат.
Нурипа Муканова

Анткен менен атамекендик өндүрүштү колдоо максатында “Бишкек” эркин экономикалык аймакта ишканаларга салыктан жеңилдик берилгени менен андан пайда чыкпай жатат деп сындагандар көп.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканованын баамында, аткезчиликтин мурдатан бери колдонулуп келе жаткан айла-амалдары азыр деле токтой элек:

- Кытайдын товарлары арзан болуп турганда биздики атаандаштыкка туруштук бере албай жатты. Өндүрүш чыгымы да көбөйдү. Ошондуктан көп жылдан бери эле сырттан даяр продукцияны алып келип, эркин экономикалык аймакта чыгарылды деп белгилеп, мындан кимдир бирөөлөр пайда көрүп, салык төкпөй келе жаткан. Азыр Кытайдан келген товарларга бажы төлөмү көбөйдү да. Мындан улам товарлар кымбаттады. Анан товарларды “Бишкек” эркин экономикалык аймакка алып келип, алар салыктан бошотуп жатат. Салыктан бошогондон кийин албетте базарда баасы арзаныраак болот. Товарды алып келгендер көбүрөөк пайда табат.

Нурипа Муканова мындай иштердин артында адатта таасирлүү аткаминерлер турарын кошумчалады:

- Мурдатан бери келе жаткан схеманы азыр бир аз өзгөртүп, башкачараак кылып жасап жатышат. Эми мындай товарларды эч качан жөнөкөй коммерсант алып келип, салыктан тазалап кайра алып чыга албайт. Андай адамдарды таасирлүү аткаминерлер калкалап турат. Мындан улам экономикабыз ордунда турат, ошол эле учурда кимдир бирөөлөр кирешесин көбөйтүп жатат.

“Бишкек” эркин экономикалык аймакта ушул тушта 400гө жакын ар кандай ишкана бар. Салыктан кыйла жеңилдик берилген мындай ишканалар жол-жобо боюнча даярдап чыгарган продукциясынын кеминде 70 пайызын экспорттошу керек. Бирок анын теңине жакыны да сыртка чыкпасы айтылып келет. Кыргызстанда жалпысынан беш эркин экономикалык аймак бар.

XS
SM
MD
LG