Мен кесипти кантип тандадым? Бул суроо менин оюмда кыйладан бери жашап келет, себеби азыркы жумушсуздук кырдаалында кесип тандоо менен мен келечегимди кошо тандап жаткандыгым талашсыз. Кийинчирээк чеберчиликке да кызыгып, эмгек сабагында халат тиккенге да жетиштим. Ошол кыйынчылык коштогон күндөр менин эсимде калды.
12 жашымдан тарта АКШ элчилиги тарабынан уюштурулган Access программасынын негизинде англис тилин үйрөнгөндөн баштап мен кошумча тил билүү - заман талабы экенине ынандым.
Ата-энем шаарда иштеп, шаарда турчубуз. 13 жашка келгенде айылга барып мал кармаганды, талаадагы эгин-тегинди жыйнаганды, нан жаап, көң жыйып айтор мага белгисиз нерселерди акырындык менен үйрөнө баштадым.
Азыр ойлосом, шаардын ызы-чуу жашоосуна караганда айылдын тынч, түтүн жыттанган жашоосу кандай керемет, бирок кээде шаардын бардык шарты бар жашоосун сагынам, айрыкча кышында.
14 жашка келгенде апам экөөбүз боёп-түзөө (визажист) курсуна чогуу барып окудук, анын пайдасы тийди, боёнгон кыздарга карата көз карашым да өзгөрдү. Азыр мен кимдир бирөөгө карата айтылган «балжырап боёнуп алыптыр» деген сындарга кошулбайм. Чынында боёно билүү да чоң чеберчилик.
Быйыл 9-классты бүтүрүп жатып, билим алуу абдан маанилүү экенине ынандым. Азыр кесипти тандоого багыт берген булактар көп. Бирок адамга өз шыгына болгон ишенимди дагы бекемдөө үчүн ата-эне, курбулардан сырткары бизге кеңеш берген борборлор же окуу жайлардагы насаатчылар болсо деп тилек кыламын. Анткени алар кесиптин күңгөй-тескейин жакшы билишет да.
Мен балдар менен иштегенди жактырам, бирок кээде чыдамым жетпейт, бир нече тилде эркин сүйлөп, Кыргызстандын аброюн чет жерде көтөргүм келет, бирок ал үчүн талыкпаган эмгектен сырткары күчтүү тааныш керектигине шек жок. Ата-энем болсо акча берип, жумушка орноштуруудан баш тартып, азыр эле туура кесип тандоомо кеңеш беришүүдө.
Андыктан коомдун талабын эске алып, дипломдогу бааларымды билимим жана жөндөм-шыгым менен далилдөөнү эңсеп келемин.
Жогоруда жазылган ойлорду таразалап көрүп ашпозчу болууну туура деп таптым. Бирок аны окуп бүткөндөн кийин элчи да болгум келет, ал ой отурсам да, турсам да тынчтык бербей жатат. Буюрса, мен окууну бүтүп, жумушка орношор мезгилде Кыргызстанда элди ойлогон, кесипкөй адистерге жол ачылар деп ишенем.
Зарина Жаныбекова, Киров орто мектеби, Кара-Суу районунун Тельман айылы