Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Үмүттүн соңку бир күнү: Дилибизди тыңшайлы


Мына эми шайлоого бир күн, бир түн калганда айкырып-кыйкыра кулак тундурган саясий жарнамалар унчукпай калат.

Бири-бирин коштогон же төгүндөгөн, таш жаңырыктай (маанисин бурмалап, тайыздантып) кайталаган же терс кайрыган, өзү жактаган талапкерин колдобосо, таанышын жектеген, шилекейи аккыча мактаган же кетпес кеги, өчпөс өчү бардан бетер каралаган, балит сөз менен шалпый акарат кылган ызы-чуу бүгүн токтойт. Токтобосо да басаңдайт.

Ырас, талапкерлерди жактап-жектегендер акыйлашкан талашын үйүндө улантат, телефондордун жаагы баары бир басылбайт, Фейсбук, «Классташтар» сыяктуу социалдык желелерде купуя каттар агыла берет. Бирок, кантсе да, добуш берүүгө бир күн калгандагы мыйзам талап кылгандай, ачык, жарыя үгүт болбойт. «Өх!» - деп, өз алдынча акыл калчаганга азыраак болсо да мүмкүнчүлүк алабыз.

Эми үмүтүбүз ушул соңку 24 саатта калды…

Биз пас эмес, бийикпиз

Ушул күнү биз жок дегенде бир нече саат шайлоо, талапкерлер, саясий жагдай ж.б.у.с. такыр ойлобой, жанга жаккан музыканы (табитибизге жараша классиканы, комузду же эстраданы) уксак же эң жакшы көргөн адабий чыгарманын, көркөм фильмдин, спектаклдин эң урунттуу жерлерин эсибизге түшүрсөк…

Жаштык кездеги идеалдарыбызды, алгачкы сүйүүбүздү, бийик, таза мүдөөлөрүбүздү, студент кезибизде Кудай, Акыйкат, Намыс, Эрдик сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө таң атканча кызыл чеке болуп талашканыбызды эстесек…

Өмүр жолубуздагы эң бир жаркын сааттарды, эч тартынбай сыймыктуу кадам жасаган, тобокел жагдайлардан кишичилигибизди жоготпой чыга алган учурларыбызды көз алдыга келтирсек…

«Кедейдин бир тойгону – орто байыганы» деп какшык макалда айтылгандай, утурумдук пайданы, жердешчил, тууганчыл тар кызыкчылыктарды эмес, улут (өлкө, мамлекет) мүдөөсүн, келечегин ойлосок… Мейли, уйгактай жабышып, аке-жакелеп чакырган чайына барсаңыз баргандырсыз, добуш сатып алуучулар таңуулаган акчаны да «эл катары» алгандырсыз. Албетте, албай эле койсоңуз жакшы болмок. Буга байланышкан убаданы аткарбай коюш да уят. Бирок балдардын келечегине чыккынчылык кылуу мындан миң эсе уят, миң эсе жийиркеничтүү экендигин түшүнүңүз…

Добуш сатып алуучулардан алган акчаны кайтарып бере албайсыз, минтиштин кереги да жок. Аны кийин майыптарга, жетим-жесирлерге, өтө муктаж үй-бүлөлөргө берип койсоңуз, абийириңиз таза болот.

Көкүрөктө ата-бабалардын арманын, үмүт-тилегин жаңырткан күү чертилсе…

«Эл эмне дейт?» деген сокур намыс, куру дымак, келишүүчүлүк, ээрчимелик, өң көргөндө жүз таймалык сыяктуу кемчиликтерге жеңдире электеги чыныгы намысыбызды ойготуп, рух чалгынын күүлөп көрсөк…

Тунжурап, тунуталы жан дүйнөнү

Практикалык психологияда тунжурап, көңүлдү бир жерге топтоо ыкмасы медитация деп аталат. Чыгыш салтында сүкүт дейт. Мунун диний формалары да бар. Бул аркылуу акылдын үстүңкү куюндай уюлгуган катмарынан рух дүйнөсүнүн терең, тунук чегине сүңгүп кириш үчүн сырткы уу-дууну эле эмес, ички уйгу-туйгуну да басаңдатып, демейкиге салыштырмалуу кыйла алгылыктуу, арыштуу, даана чечимди табууга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен.

Чыгармачыл инсандар үчүн эргүү, анын деми менен келчүү өзгөчө идеялар, табылгалар зор мааниге ээ. Ийгиликчил, мыкты башкаруучулар, уюштуруучулар, саясатчылар ички туюмга кулак түрөт. Эң бийик мүдөөлөргө эң сергек, кеңири (мейкиндик жагынан да, мезгил жагынан да – алыс жана калыс) ойлонуп, дилин таза сактай билген кайраттуу, чыныгы намыстуу инсандар гана жетет. Алдамчылык менен жетишилген максаттын келечеги жок…

Биз тандаган талапкердин мүдөөсү канчалык бийик? Же ал эптеп эле бийликке жетишти гана ойлоп жатабы? Сөзү менен иши канчалык коошот? Адамдык насиличи? Кимдер менен табакташ, кимдер менен сапарлаш?..

Бир сөз менен айтканда, татыктуу, таза башчыны шайлаш үчүн ар бирибиз өзүбүз колдон келишинче тазарышыбыз керек. Рухий бийиктикке умтулушубуз керек.

Уу-дуудан качып, дилибизди тыңшап, жан дүйнөбүздүн тереңинен жаңырган үндү уга алсак, чечүүчү учурда кийин өкүнбөгүдөй кадам жасай алабыз. Ушул күнү алдыдагы алты жылыбызды эле аныктабастан, элибиздин, мамлекетибиздин тагдырына зор таасир тийгизе турган чечим кабыл аларыбызды унутпай, ошого жараша сергек, кыраакы болууга бар күчүбүздү топтой чымыркана, кайраттана, акылыбызды сергектенте умтулалы.

Жолдош Турдубаев, публицист

«Азаттыктан» эскертүү: Добуш берүү күнүнө 24 саат калган чактан тартып үгүт токтотулгандыгына байланыштуу бул макалага карата талапкерлердин аты-жөнү жазылган комментарийлер жарыяланбайт
XS
SM
MD
LG