Мен кыргыз жеримди көз алдыма элестеткенде Ысык-Көл менен Соң-Көлдү, Нарын дарыясы, аскасы көк мелжиген Ала-Тоо тартылат. Кыргызда "Өз элинин тарыхын билбеген эл - наристе балага окшош" деген сөз бар. Ысык-Көл, Чатыр-Көл, Суусамыр, Арстанбап, Сары-Челек, дагы башка жерлерибизди көрүп "бейиштин жери тура", деп суктангандар көп. Кыргызстаным кандай керемет.
Азыркы кезде Кыргызстанды "бейиштин жерине" окшоштурбаган бир да саякатчы-мейманды жолуктура элекпиз. Тоолорубуздун койну арча, алтын, сурма деген сыяктуу кен байлыктарга бай экендигин биз толкундануу, сыймыктануу менен айтып келебиз. Абасынын тазалыгы, суусунун молдугу, жеринин кенендиги, элинин меймандостугу менен азыр атагы алыска угулганын танабызбы?
Меймандар бул жерди экинчи Швейцария, деп аташып, менин жерим болуп калсачы, деп суктангандар да аз эмес. Биз бул жерден кыргыз элимдин атагын алыска чыгарган "Манас" эпосун айтпай коё алабызбы? Ар бир атуул "Мына менин кыргыз элим! Мына менин кыргыз жерим!" - деп дүйнөгө жар салууга даяр турушу керек.
Ал эми Кыргызстандын өнүгүүсүнө атайын жумуш орду менен камсыз кылууга завод, фабрикаларды курушубуз керек, анткени канчалаган жердештерибиз өз элинен башка элде, жерде жумуш издеп жүрөт. Ошол жердештерибизди жумуш менен камсыз кылып, мекенибизди биргеликте өнүктүрүшүбуз керек. 2010-жылы 7- апрелде өз жерине, өз элине күйүп жанган агаларыбыздын кырчын өмүрлөрү кыйылды. Кыргыз жери үчүн Ата мекен дегенде тик турган, бизге окшогон жаштар көп болуусуна тилектешмин.
Мекеним мени тапкан алтын энем
Мекеним мени өстүргөн алтын атам
Кубатым, кубанычым сен дегенде
Жашарып, жаңыланып алга басам,
Жаным бир, жүрөгүм бир Мекен менен!
"Мекенсиз адам үйсүз калган, каңгыган иттен жаман", деген экен биздин ата-бабаларыбыз. Мекендин баркын билген баатырларды жетилткен элдин ар бир атуулунда патриоттук дух, сезим болуш керек. "Патриоттуулук" дегенибиз бул ички купуя сезим, ал көкүрөктө ыйык сакталат. Патриоттуулук - бул табиятты сүйүү. Себеби, мени курчап турган табият бул менин дүйнөм, Мекенимдин бир үзүмү.
Ал эми Мекеним тууралуу маалымат бере кетсем, Кыргызстан-эгемен, эркин өлкө. 6-миллионунчу жаш наристе жарыкка келди. Кыргызстанда 80ге жакын башка улуттун өкүлдөрү жашайт. Биз, кыргызстандыктар, пейли кенен, меймандос келебиз. Аймагыбыз жети облустан турат. Алар : Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустары. Ал эми борборубуз - Бишкек шаары. Ал илим менен билимдин, маданияттын борбору, бак-дарактуу, жашыл, кооз шаар.
А мен болсо кыргыз элимдин, кыргыз жеримдин өнүгүүсүнө азыртадан кам көрүүнү ойлойм. Оюмда мектепти эн жакшы "5" деген баалар менен бүтүрүп, жогорку окуу жайга өткүм келет.
Мекендештерибизге "Өлкөм үчүн мен эмне кылдык?"-деген суроо берип, салымдарыбызды кошсок деп ойлойм. Келечекте дарыгер болууну каалайм. Кыргыздын дени сак улут, дени сак өлкө болушу үчүн салымымды кошконго аракет кылам. Мекенибиздин келечеги, учурда мамлекетти башкарып иштеп жаткан агаларыбыздын, аталарыбыздын жана өсүп келе жаткан жаштардын колунда. Анткени, улуу муундар кийинки муундарга жана Кыргызстандын келечекте өнүгүүсүнө ар тараптуу шарттарды түзүп бериши керек, деп ойлойм.
Арстанбек кызы Жылдыз, Жалал-Абад облусунун,Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын, №1 Макмал орто мектебинин 8- классынын окуучусу.