10-июль, 2015-жыл...Бул күн мен үчүн 6-август сыяктуу бир өзгөчө, эстен кеткис күн болуп калды. Анткени 6-август күнү жарык дүйнөгө келип, ата-энемди кубандырсам, 10-июль күнү жашоомдун жаңы барагын ачтым. Тандаган кесибиңе жараша келечегиң аныкталат эмеспи. Бул күнү мен Улуттук университеттин физика факультетине кабыл алындым.
9-классымдан бери физикага кызыгып, олимпиадаларга катышып келем. Ушул предмет боюнча мугалим болууну эңсээр элем. Менин ушул кесипти тандаганым ата-энеме да жакты. Аябай ыраазы болушту.
Мен кээ бир курбалдаштарым таң калам. Баары эле сот, прокурор болгусу келет. Кеткен акчаны пара менен кайтарып алабыз дешет кээ бири. Алар кийин мамлекет үчүн күйүп иштерине анчейин ишенбейм.
Мен да мурдараак чоң кызматта иштеген, машине тепкен айымдарды көрүп, кандай гана бактылуу деп суктанчумун. Бирок акыркы кезде кесибимден бакыт табуу бул акча менен өлчөнбөсүн, элге ак эмгек өтөп, ошондон рахат алуу бакыт экенин сезе баштадым.
Кээ бир бүтүрүүчүлөр тесттен алган баллына жараша же окуу жайдагы таанышына таянып, жүрөгү каалабаган кесипти тандап алышат. Төрт жыл окуп кесиби менен иштебеген жаштар канча? Мен аларды ала качууга баш ийип, көңүлсүз турмуш курган келинге окшоштура берем.
Мен мектепте чоң класстар үчүн “жашоо" жана "турмуш” деген сабактар киргизилсе, окуучулар ар кандай кесиптер, жашоонун оош-кыйышы тууралуу кабардар болсо деп ойлойм.
Айгерим Пазылова, Лейлек району, И. Раззаков атындагы мектептин бүтүрүүчүсү