Мамлекетти, элди ойлогон, бир кездеги Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу азаматтар чыгар бекен?
Чыкса качан? Кыргызстан таптакыр таланып-тонолуп бүткөндөбү?
Караңызчы, жадагалса ичүүчү сууну да башка өлкөлөрдөн ташып ичкен, эч кандай табигый байлыгы жок Сингапурду гүлдөгөн өлкөгө айланткан мамлекет башчыларын?
Биздин бейиштей жерибизде эмнелер гана жок? Ак мөңгү тоолордон агып түшкөн сууларыбызчы? Булагыбызчы? Тоо-токойлорубуз менен жер үстүндөгү жер-жемиштерибиз, жер астындагы кендерибизчи?
50-жылдары Сингапурдун калкынын 40 пайызы жазганды мындай кой, окуганды билчү эмес экен.
А бизчи? Бизде бүгүн сабатсыз кишини табуу кыйын го?
Кайсы көчөнү аралаба жалаң англисче, жакындан бери кытайча жазылган аталыштар көбөйүүдө.
Сингапурду Сингапур кылган бир кездеги жол башчысы Ли Куан Ю айтып атпайбы, «өлкөнүн экономикасын билимдүү жаштар менен кесибин мыкты билген, ыймандуу, таза, эл-жер деп күйүп-бышкан кадрларга таянып туруп көтөргөмүн» деп...
Бизде билимдүү жаштар жокпу?Кесибин мыкты билген кадрлар жокпу? Ыймандуу, таза, эл-жер деп күйгөн уланг-кыздар жокпу?
Ли Куан Ю Сингапурду 31 жылдын ичинде коррупциясы жок, чоң тургай майда кылмышы жок, бардык жагынан өнүккөн өлкөгө айлантыптыр. Биздин өз алдыбызча мамлекет болгонубузга быйыл 28 жыл болду.
Эмне өзгөрдү? Эмнеге жеттик?
Эң жөнөкөй бир мисал. Майрам сайын Кыргызстандын буту менен басып, мурду менен тынган бюджеттик мекеме-ишканалары, ар кандай акционердик коомдор, фирмалар бири-бири менен тымызын атаандашып, эң кымбат открыткаларга заказ берип сатып алып президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге, Жогорку соттун судьясына, андан кийинки даражадагы чоңдорго куттуктоолорун жөнөтүшөт. Андай бийлик башында турган чоңдор үчүн заказ менен жасалган открыткалардын баасы кээде 2-3 миң сомго чейин жетерин айтышат. Эми ушунун зарылдыгы бар беле? Ондогон, жүздөгөн мекемелерден келген андай открыткалардын баарын президент окумак беле? Окумак турсун карап Коёрун кудай билет? Бир күн өтөрү менен таштандыга ыргытылчу мындай «жасалма жагымпоздуктун» кимге кереги бар? Билинбеген менен казынанын канчалаган акчасы «жасалма открыткалар» аркылуу талаага чачылып жатат?
Америкада 20 доллардан ашкан белек алган аткаминер жоопко тартылып, ошол замат кызматынан айдаларын биздин бийликтегилер билет болду бекен?
Ушул сыяктуу майда-барат сезилген, бирок далай акчанын башын «жалмап» келаткан керексиз нерселерибиз канча?
Бир нерсе болсо эле «каражат жок» дегенди айтабыз. Акчасыз жасала турган нерселер толтура. Мен бирин гана сунуш кылайын.
Күн сайын Бишкектин автовокзалдары менен аэропортунан өлкөбүздүн 7 облусуна, ички шаарларына транспорт каттайт.
Мисалы, Каракол тарапка каттаган автобуска түшкөн жүргүнчүлөргө Ысык-Көлдүн аймагына киргенден тартып Көлдүн географиясынан, тарыхынан кыскача маалымат берип, Балыкчыга келгенде шаар тууралуу, андан ары өтүп айыл аралаганда айыл тууралуу, маселен «бул айыл Тору-Айгыр деп аталат. Бул айылдан кыргыздардан жүрөккө биринчи операция жасаган улуу хирург, академик Иса Ахунбаев, улуу ырчы Болот Миңжылкыев, профессор, көрүнүктүү тилчи Токтосун Акматов, таланттуу ата-бала акындар Совет Урмамбетов, Кыргыз эл акыны Кыялбек Урмамбетов, таланттуу драматург Жеңишгүл Өзүбекова, таланттуу актер, обончу, ырчы Асылбек Өзүбеков чыккан» деп маалымат берип жүрүп отурса жаман болбойт эле го?
Же Кара-Балта шаарына маршруткага түшкөндөргө Турар Кожомбердиевдин керемет ырларынан окуп, ырларына кандай обон жазылганын, кимдер жазганын айтып, ырларынан уктуруп жүрүп олтурса, биринчиден, бүгүнкү кымгуут турмуштан чарчагандар эс алса, экинчиден Кара-Балта тараптан кандай асыл адамдар чыкканын билбегендер билип албайт беле?
Муну жасаганга андай деле акча кете койбойт го дейм. Адегенде жакшылап ойлонуп, текстин жакшылап түзүп чыгып, флешкага жаздырып алып, угузуп кете берсе канча адамдын жан-дүйнөсүн агартып, канчалаган жаш муундарга жакшы маалымат, жакшы тарбия берет элек.
Мен шарттуу түрдө гана чыгармачыл адамдарды мисалга тарттым. Болбосо ар бир айылдан чыккан, ар кыл кесиптин мыктылары көп эмеспи.
Бишкек болсо болорунча болду. Кечээ босогону аттай албай карап тургандар бүгүн төрүбүзгө өттү. Өтмөк тургай тепсей баштады. Кыргызча аталыштарды тап жойгондой жоюп кетип баратат. Кайсы көчөнү аралаба, жалаң англисче, жакындан бери кытайча жазылган аталыштар көбөйүүдө. Уятты, намысты, сезимди, мээни акча баскан жерде ушундай маңкурттук болот. Ушуга жол берген мыйзамга, ушуларды каттоодон өткөрүп турган Юстиция министрлигине кыргыздын ата-бабаларынын арбагынын атынан наалат гана айткың келет!