Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Бийлик түрмө, эл ыңкылап менен коркутат


Жеңишбек Эдигеев.
Жеңишбек Эдигеев.

Женевада жашаган журналист Жеңишбек Эдигеевдин Кыргызстандагы акыркы окуялар боюнча ой толгоосу.

Митингдер бизге Бакиевди берди, Атамбаевди берди, эки жолку чоң мародерчулукту жана 86 адамдын ажалын берди, бирок бир да сабак бербей койду. Митингдер кыргыз элинин аң-сезимине эркин ойлонууну же демократиялуу ой жоруудан мурда агрессияны көбүрөөк сиңирди, бири-бирин сыйлабоону көбүрөөк үйрөттү, чындыкты, мыйзамды тоготпостукту жана бетпактыкты үйрөттү. Митингдер ошого көндүрдү. Кыргыздын мүнөзү өзгөрдү. Чындыкка эмес, аянттагы элдин санына, караанына, кыйкырыгына карап баа бергенге үйрөттү. Эл баарыдан мурда кара күчкө жүгүнүп калды.

Митингдер кыргыздын касиетине ОБОНчулардын образын кошту, танк менен тепсетсең да кеп сиңбеген ажаандыкты үйрөттү. “Бул эне эмес, бул кыргыз эмес!” деп кыргыздар кыргызга түкүрдү. Кыргыздан кыргыздар түңүлдү. Эзелкинин уй мүйүз тарткан жыйындарынын, туура сөзгө сынган касиеттин ашмалтайы чыкты! Анткени эки тарап уй мүйүз тартып бирикпейт, анткени туура кепке сынбай калдык.

Түндүк менен түштүккө гана эмес, эми “тигилер” менен “биздикилерге” бөлүндүк. Кыргыз короосуна ушундай жаңы бороон кирди. Бийлик – түрмө менен, эл ыңкылап менен коркуткан заман болду. Ак үйдүн СССРден калган күчү менен сүрү бар эле... Бүгүн аны түз эле атканага теңеп сөгүнчү болдук. Каратаман калк Ак үй менен аянттын ортосунан чындыкты ажыраткандан, издегенден адашты. Чарчадык, тажадык деген байкуш элдин ого бетер алты айласын кетирди: Ак үй менен аянттын “чоңдору”.

Кызыкчылыктын жана саясий кумардын апогейине жеткенде “Калайык, Ата Мекен коркунучта!!!” деп жар салышты. Бийлик, эки ыңкылапты көргөн бийлик – жакаңды карматып кечээги мурдунун учундагы катаны кайталагандан тажабады. Ажо, эки ыңкылап жасадым деген ажо – бир үмүт шамын жага албай, башкаруу жолун таба албай койду. Ыңкылаптын маани-маңызы бузулду. Ыңкылап ал болгону тиш кайрашкан саясатчылардын бири-биринен өч алган күрөшүнө айланып баратат...

Аянттын айрым жасалма ораторлору дагы эле болсо “сен от жүрөк” деп жаштарды далыга таптап окко айдоого даяр. Ыңкылап үчүн кан төгүү бул “өлгөндүн өз шору” деген арман болорун биздин турмуш ырастады. Кайдыгерлик жаман, бирок бүгүнкүдөй саясий кыл чайнашта бир жагына от бүркпөй, ынтымак менен сабырга үндөгөн тарабында көбүрөөк болсок экен!

Эл саясат менен бийликке - “бир келген дүйнөдө, атасынын гөрү, мен да татып көрөйүн”, “мен да элден калбайын” деген принципти адат кылып келгендей сезилет. Элге деңгээл менен эмес, саясий жана адистик билим менен эмес башка жол менен, “сыйлоо” менен кызмат кылуу амалдуу ыкмага айланды. Интеллигенция деген уюткуну кеп кылуудан калдык. Анткени ал деңгээлде биз жукардык.

Ишенген кожолор бир тараптуу сүйлөп жулкунуп чыккан мүнөттө ишенимден чийилчү болду. “...Алды артыңдан тал кармар“ учур келди. Элге бүгүн улуу кептен улап, Манастап ураандасак таасирдүүбү же мечитке жыйнап такыбалар насаат айтса жакшы сиңеби, билбей калдык. Не дегенде Кыргыз эли башынан кечирген эреже салт, философиябыз да, тутунган динибиз да бизди бириктирбей келет. Биз батышты карайбызбы же чыгыштыбы, кай жагы болсун баарынын бир эле сыры бар экенин ал – мыйзам экенин унуттук. Өнүгүүнүн он түркүн системасы болгон менен жандырмагы – мыйзамын кастарлап, сыйлоодо экенин эстен чыгардык. Мамлекетке салыкты келесоолор төлөй берсин деген “кыйындыгыбыздан” арыла элекпиз.

Демократия дейбиз. Ар демократиянын өз чындыгы бар. Өз кан-жанынан, тарыхынан чыккан чындыгы бар. Биздин тарых Европа менен Америкада өткөн эмес. Биздин демократиябыз ар коктудан келип кепке келише алганыбыз, аксакал экен деп төргө өткөзө алганыбыз, ич күйсө да эринди тиштеп эпке келгенибиз ошол биздин демократия. Эзелкинин эрежесинен чыкпай, ичкен касамынан коркконубуз ошол биздин – демократия. Качан бул касиетибиз сакталып турса – демократияны демократия дебей манасыя дейсиңби, ханасыйа деп коесуңбу анын айырмасы жок. Демократия бул күндө жашооңду аралап, тирилигиңди түзүп турушу керек. Ал колуңа кармалып, тишке салсаң чайналып тургандай кан болуп денебизде айланышы керек. Кыргызга жаман көрүнүштүн баары Батыштан, Европа менен Америкадан келген дешет кээ бирлер. Бирок каргаша болуп башка иш түшсө бүт чындыкты, адилеттикти ошол жактан издейбиз. А адилеттүүлүк – гумандуулук менен ыймандуулук бар жерде болот. Биз адилеттүүлүк түзө албаган өлкөдө жашайбыз. Батыш бүгүн согуш болуп атат деп Жакынкы Чыгыштан, ачкачылык болуп атат деп Африкадан агылган жүз миңдеген качкындарды жайгарып, үй-жай берип багуу менен алек. А биз кыргыздар, башканы кой, тажикстандык жана оогандык кыргыздарды кой “түштүктөн келген кыргыздар” деп жерип отурабыз. Болбосо, “курама кылып – журт кылган” ал - башкадан мурда биздин сапат болушу керек эле.

“Ар бир революция таарыныч менен башталып таарыныч менен бүтөт” дейт. Элге бүлүк салып ыңкылап кылаарын кылып алып кайра бурч-бурчтан таарынгандар чогулуп аягы жок айлампага түшпөсөк экен. Дүйнө коомчулугун мындай коелу мобуреки коңшу өзбек менен казак туугандарга күлкү болбосок экен.

Дүйнө картасында кыргызга сабак болчу сыйкырдуу сандар турат, ал: 30 миллионго чукул уйгур менен 50 миллион күрт элинин чийилген картасы, эш туткан өлкөсү жок экендиги. Бул чыркыраган чындык. Эмесе, Кыргызды кудай бүтүн кылсын, арууласын Ала Тоосунда.

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG