Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:17
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында журналисттерге бир жылдык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйынына чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. Анда жыл жыйынтыгынан сырткары, президент журналисттерди кызыктырган башка да суроолорго жооп берди. Журналисттерди ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан окуялар кызыктырды. Маселен, Атамбаев чыңалып турган Орусия-Түркия мамилеси, бир канча жылдан бери курулбай турган ГЭСтер, Сирияга согушка кетип жаткандар, сөз эркиндиги, 2017-жылдагы президенттик шайлоо жана башка ондогон суроолорго жооп берди.

Президент мышыкты жакшы көрөт, төө буурчак жебейт

Жылдык маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев орус-түрк мамилеси, Кумтөр, экономика, диний радикализм жаатындагы темалардан тышкары жеке өзүнө байланыштуу суроолорго да жооп берди. Президент мышыкты жакшы көрөрүн, үйүндө ит жана мышык багарын билдирди. “Жаныбарлар адамдарга жардам беришет”, деди Атамбаев.

Ошондой эле акыркы күндөрү биртоп талаштарды жараткан төө буурчак боюнча да оюн айтты: “Жубайым салатка кошуп жегенди жакшы көрөт. Ал жада калса Кытайдан рецебин да алып келген экен. А чынын айтсам, мен аны жактырбайм. Маселени мындай жол менен чечүү туура эмес. Менимче, эмне жакшы сатылса ошону эгиш керек”, деди президент.

Аз илгерээк өкмөт башчы Темир Сариев төө буурчак атамекендик азык, анан да арзан экенин белгилеп, андай баалуу азыктарды арбын колдонуу зарылдыгын айткан. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынып, премьер-министр элди эт ордуна төө буурчак жегиле деп үгүттөп жатат деген сындар айтылган.

Президент бачабаздарды кастрациялоону колдойт

Президент Алмазбек Атамбаев бачабаздарды механикалык кастрациялоону колдойт. Бул тууралуу ал жылдык маалымат жыйынында билдирди.

“Мен бачабаздар менен террорчуларга өлүм жазасын киргизмекмин. Бирок буга биздин Конституция жана эл аралык милдеттемелерибиз тыюу салат. Мындай кылмышкерлер менен варвардык ыкмада күрөшүү керек. Анткени алар адамдар эмес. Жакында эле атасы баласын зордуктап салганы, а жакындары аны коргоого аракет кылганы тууралуу маалыматты көрдүм. Мен алардын ордунда болгондо кылмышкерди ташбараңга алмакмын. Кээ бир уюмдар адам укугу бузулуп атат деп айтып жатышат. А баланын укугун ким коргойт?” деди президент.

Ошондой эле Атамбаев террорчуларга карата чараны күчөтүү зарылдыгын, Сириядагы “Ислам мамлекети” диний-радикал тобуна ыктыярдуу кошулуп кеткендерди өлкө жарандыгынан чыгаруу керектигин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG