Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:45
Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Атамбаев: Орусия ГЭСтерди кура албайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында журналисттерге бир жылдык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчынын басма сөз жыйынына чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 140 журналист чакырылган. Анда жыл жыйынтыгынан сырткары, президент журналисттерди кызыктырган башка да суроолорго жооп берди. Журналисттерди ички жана тышкы саясаттагы болуп жаткан окуялар кызыктырды. Маселен, Атамбаев чыңалып турган Орусия-Түркия мамилеси, бир канча жылдан бери курулбай турган ГЭСтер, Сирияга согушка кетип жаткандар, сөз эркиндиги, 2017-жылдагы президенттик шайлоо жана башка ондогон суроолорго жооп берди.

Атамбаев: Жаш, кызуу кандуу жигиттин өлкө башына келишине жол бербейм

Бул тууралуу жылдык жыйынтыктоочу маалымат жыйынында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев билдирди.

“2011-жылкы президенттик шайлоодо мен 63 пайыздан көп добуш алдым. Ал эми 2017-жылы эки талапкер 50 пайыздан добуш алып, талаштын айынан жаңжал чыгышы мүмкүн. Өлкө башына жаш, кызуу кандуу жигит, ал эми өкмөт башына дагы бир ошондой жашы келип калса, эмне болорун элестетип көргүлөчү. Мен президент катары буга жол бербейм. Ошондуктан Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам. Өзүм үчүн, кресломду сактап калуу үчүн эмес, өлкө тынчтыгы үчүн”, деди Атамбаев.

Маалымат жыйын мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 140 чет элдик жана жергиликтүү журналисттердин катышуусунда өтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG