Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

"Балдарыбызга жаркын жашоо азыр керек"


Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиеванын балдардын келечеги тууралуу ой-толгоосу.

"Биз жакында кайра келебиз! Силердин келечегиңер үчүн ушуну кылып жатабыз". Ушинтип айтып, колуна зылдай чаар баштык көтөргөн ата-энелер босогодон балдарына кылчайып, сооротуп, келечек жөнүндө кеп кылышат. Балдар үчүн "келечек" деген сөз абдан бүдөмүк, чаташкан, ошентсе да кубанычтан, кыялдан, ачылыштардан жана бакыттан турган нерседей сезилет.

Ата-энелер өзүн айыптуу сезгенин сездирбеш үчүн анысын терең катып, башка түшсө байтал жорго болгонун жашырса да үнүнөн саал сезилип турат. Балдары менен ажырашкандан оор эмне бар? Өзүн күнөөлөгөн ата-энелер балдары менен коштошкончо шашат. Аларды алыс-алыс алып кеткени машине күтүп турат...

Миграция – бул глобалдык көрүнүш, акыркы көрсөткүчтөр боюнча ал дүйнө жүзүндө 260 миллион адамды камтыйт экен. Көп учурда канчалык кыйын болсо да өз өлкөсүнөн кетүүдөн башка айла калбай калат. Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам балдарына акча которуп туруш үчүн чет өлкөдө иштегенге аргасыз. Өлкө бюджетинин үчтөн биринен көбү эмгек мигранттарынын которгон акчасы түзөт. Бирок бул акчанын чыныгы баасы кандай?

Өлкөдө 119 000 баланы атасы да, энеси да калтырып кеткен. Алар туугандарынын, кошуналарынын жана тааныштарынын колунда, айрым учурларда мекемелерде калып, ушул азыркы бүдөмүк убакта жаркын келечекти күтүүгө мажбур болуп отурушат. Бул балдардын айрымдарын эмитен эле алар туш болгон куураган турмуш, зомбулук жана жетишпеген жашоо күтүп турат. Башкалары Кайыңдыда 10 күн мурун чарчап калган эки жашар наристедей болуп келечектен үмүт кылбай деле койсо болот, ал эми кайтып келген ата-энесин да кучак жайып тосо албайт.

Дал ушул убакта балдарыбыздын коопсуздугун камсыз кылыш үчүн биз, Жогорку Кенештин депутаттары, ата-энесинин экөө тең миграцияда жүргөн балдар үчүн милдеттүү камкорчулук киргизүү маселеси менен иштеп жатабыз. Балдарга кам көрө турган чоң ата, чоң энелер, туугандары баланын жоопкерчилигин мыйзам жүзүндө тең бөлүшөт. Камкорчулукту киргизүү маселеси биздин кызыкчылыгыбызды мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо үчүн эл аралык тажрыйба жана экспертиза менен камсыз кыла турган БУУнун Балдар фонду жана Европа Биримдиги менен жакындатты.

Балдарыбызга жаркын келечекке караганда азыркы жаркын жашоо көбүрөөк керек. Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты Габриэла Ортис: "Биз көп эле жаңылыштык кетирип, көп эле жаза баскан күнөөбүз бар, бирок эң чоң кылмышыбыз – балдарыбызды таштап, өмүрдүн башатына кесир кылганыбыз. Бизге керек болгон көп эле нерсе күтө тураар. Бала күтпөйт. Так ушул азыркы тапта анын сөөгү катып, каны коюлуп, сезими калыптанып атат. Биз ага "Эртең" дей албайбыз, анын аты "Бүгүн" деп айтканы бар.

Жыл аяктап келатат. Келгиле, бир чечим кабыл алалы! Келаткан жылды мурдагы жылдардай эле балдар жылы кылалы. Балдар башкы багытыбыз болсун! Эртең келе турган эмес, күн сайын жашообузда кашкайып турган башкы багытыбыз болсун!

Парламент депутаты Аида Касымалиева

XS
SM
MD
LG