Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:41

"Бугудагы" май токоч студенттердин тамагы


Саламатсыңарбы! Мен Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде билим алам. 1993-жылы Ысык-Көл облусундагы жер соорусу Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулгам. 1995-жылы оорунун кесепетинен шум ажал жашоодогу тирегим - атамды алып кете берди. Ошентсе да энем мени эч нерседен кем кылбады. Энем мугалим болуп эмгектенчү. Адамдын эртеңкиси табышмак дегендей келечекте эмне күтүп турганы жаратканга гана маалым болсо керек.

Мен ошондо бешке чыккан жылма тентек кыз элем. Анда эмне баламын да, кайгы - капа дегенди билбей, ойноп жүргөн кезим. Адаттагыдай кыздар менен ойноп жүрсөм энем жумуштан келди. Ошол күнү энеди анан бизди чоң сыноо күтүп турган экен. Энем өзү бир нерсении тез жасагандыктан бүт жумуштардын бардыгын бүтүрдү. Ошентип олтуруп кеч да кирип келди. Чоң энем түймө түйүп олтурган, мен болсо ар кимге тийишип, эч нерседен капарсыз элем. Бир маалда энем эс-учун билбей жыгылып түштү. Тезинен медайымды чакыртышты. Ал көрүп эле инсульт болгон тура деди. Ал эмне болгон оору экенин кийин түшүндүм. Биз үч бир тууганбыз, эң кичүүсү мен. Ошол учурда авам Түркияда 4-курста билим алып жаткан, энемдин окуясын угар замат кайтып келди. Көп өтпөй чоң энем каза тапты.

Убакыт зымырык куш сыяктуу, бат эле көз-ачып жумгуча мен да чоңойдум. Ал мезгилде энем айыгып, жакшы болуп калган. Авам болсо тилекке каршы окуусун уланта албады. Мен болсо куурчактай кийинип, мектеп босогосун 2000-жылы аттадым. Ошондо эми мектепти качан бүтмөк элем, дагы көп жыл бар деген элем, бирок 11-класска кантип келгенимди сезбей калдым. Турмушка байланыштуу үйдөгүлөр «сени окута албайбыз» дешти. Анан эмне кылышмак эле, энем пенсионер, авам оор жумушка жарабайт ашказанынан 3 жолу операция болгон. Ал жөлөк пул алат. Мен дагы атамдын жоктугуна байланыштуу мамлекеттен жардам алам. Айрым туугандарыбыз:- «үчөө тең акча алат» деп суктанышат. Бир гана бюджетке өтсөм окумай болдум. Күн санап олтурсам, Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы келди. Көңүл жылытарлык балл деле алган жокмун, бирок өтө төмөн эмес. Авам абдан билимдүү адам, көптөгөн маалымкаттарды чогултуп жатып окууга өттүм. Ошондогу биздин сүйүнгөнүбүз ай, энем көзүнө жаш алды.

Ошентип олтуруп көптөн бери күткөн студенттик күндөрүм башталды. Биздин алыс тууганыбыздын кызы ошол университетте аспирантурада окучу. Аны өз эжемдей көрүп, ал да мени бир тууган сиңдисиндей көрүп батирине киргизип алды. Экөөбүз батир акысына 500 сом гана төлөчүбүз. Араң өткөндөн кийин аракет кылайын деген ой менен жакшы окуп, стипендияга жеттим. Университеттин мугалимдери окусаң деле акча алат дегенге бекер ишенген экенмин. Мында студенттердин өздөрү акча бергенге кызыкдар.

Студенттик күндөрүмөн ичинен кызыктуусун айтып берейин. Анда мен 1-курста жаткам. Биз жашаган батирден келемиш чыга баштады. Болгон мыдырды жеп кетип, айла түгөнгөндө там бооруна мык уруп, тамак-аштарды илип жаттык. Дайым эртең менен жечү нанымды келемиштен коргоп, катып турчумун. Бир күнү столдун үстүндө унутуп калыпмын, бар болгону ошол эки кесим нан бар эле. Аны калтырып салганымды эртең менен туруп жатканда эстедим. Эстегенде не пайда, ашканага барсам, күкүм гана калыптыр. Айла жок университетке ачка жөнөдүм.

Жакшы окуганым менен бир дагы ийрим же коомдук иштерге катышпадым. Мунума абдан өкүнөм. 1-курста информатика сабагынан кыйналдым. Информатикадан берген эжейим абдан жакшы эле. Ушул бир нерсе үйрөнүп алса экен деп жан-дили менен өтөт, ошончо да талап кылат. Оо-ий беш-алты ирет кирип жатып араңдан зорго зачет алдым. Кээ бир албай калган студенттер акча чогултушту, бирок эжейибиз такыр албады. Сакадай бою сары алтын акылдуу, билимдүү мугалим.

Группада көбүнчө кыздар окуйт. Чогулуп алып 10 сомдук салат жегени “Бугу” деген базарга барабыз, адаттагыдай ал жерде эл жыкжыйма. Университетте окугандардын жарымы ошол жактан тамактанышат. “Бугу” базарынын сыртында кыпкызыл май токочтор сатылат. Эгер акчаң болсо андан кыя өтпөйсүң. Акчаң болбосо, шилекейиңди кылк жуткандан башка айлаң жок. Бир жолу ошол базарда 10 сомго салат салдырып жеп олтурсам артыма бир караан келип туруп алды. Эч нерсе деп сүйлөбөй же кетпей тура бергенинен чыдабай, бурулуп карасам, көздөрү жалжылдаган ит турган экен, мындайды күтпөгөн жаным чочуп кеттим. Байкуш ачка экени билинип турду колумдагы май токочту эбак жеп койгом. Арга жок ичимен «сен да кызык экенсиң, студенттен тамак үмтөткөн», - дедим.

Кайыргүл Бекбосунова, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенти
XS
SM
MD
LG