Урматтуу кыргызстандыктар!
Кадырлуу калайык!
Биз бүгүн эң чоң саясий, экономикалык, маданий жана рухий майрамдын алдында, дүйнөдөгү дөө-шаа мамлекеттер Америка, Кытай, Жапония, Орусия жана башкалар менен бир катарда, бирдей укуктан пайдаланып, Бириккен улуттар уюмуна, башка көптөгөн эл аралык шериктештиктерге мүчө болуп, келечекти кеңири ойлоп, бала-бакырабыздын болочок бактысына бар күчүбүздү, үмүт- тилегибизди артып жашап жана эмгектенип жаткан кезибиз.
Эгемендүүлүккө ээ болгон күн - бул биздеги майрамдардын майрамы, башка салтанаттарга шарт түзгөн, жол ачкан күн катары тарыхыбызга, маңдайыбызга жазылды.
Ата-бабаларыбыз, Манас атабыз баштаган улут баатырлары, көөнө тарыхтагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерибиз географиялык ушунча чоң аймакты, улутка гана таандык улуу тилибизди, кыргызга гана мүнөздүү маданий салт-санаабызды, көчмөн калкка ыңгайлуу чарба жүргүзүүнү бизге, урпактарга энчилеп калтыргандыгы үчүн мамлекеттүүлүккө, ушул майрамга ээ болуп отурабыз.
Эгемендүүлүгүбүздүн 23-жылы СССР деген эң күчтүү державанын курамынан чыгарылып эне-атасынан эрте ажыраган жетимдердин кейпинде эпсиз оор күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Өнөр жайыбыз, курулуш индустриябыз токтоп, жабдуулары тонолуп-таланды, айылда да колдо болгон мал - мүлкүбүздү, сарай-саябандарыбызды адамдын оюна келбеген тескери айла - амалдар менен бөлүп алдык. Жер энебиз гана жашообуздун туткасы болуп бардыгыбызды кармап турат.
Эң негизгиси - туу туткан идеябыз болбой, баш-аягы көрүнбөгөн башаламан кезге туш келген муундун аң-сезими бузулду, алардын адамзат, улут тарыхындагы баалуулуктарды аңдабай, адамгерчиликтүү асыл сапаттардан алыстап жатышканы абдан өкүнүчтүү!
Өңгөдөн да Кыргыз мамлекети туруктуу өнүгүү өрүшүн таба албай, тамтаңдап так баса албай жүргөнүбүздө коңшу мамлекеттердин алдыга жакшы жагына бир кыйла узап кетишкендиктери жаныбызды күйгүзүп, намысыбызга тийүүдө. Албетте, 23 жашка чыкканга чейин жашообузда да кара тактар арбын болду, айрыкча жаңы замандын оор сыноолору оңго-солго жетишерлик эле калчады. Эзелтеден элдин каалоосу менен келген эгемендигибизди көз карандысыз мамлекетибизди сактап кала алабызбы же жолубуздан адашабызбы деген күдүк ойлор да бизди түйшөлтпөй койгон жок.
Кадырман калайык калк!
“Өткөнгө өкүнбө, кеткенге кейибе” деген кеменгер ата-бабаларыбыздын керээзинин келкели келди. 2010-жылда кабыл алынган Баш мыйзамыбызга ылайык, башкаруунун парламенттик системасы негизинен элибиздин түпкү таламына шайкеш келүүдө. Мамлекеттибиздин тышкы саясаты, президенттин, депутаттардын, өкмөт башчысынын иш - аракеттери элге даана көрүнүп турган шарт түзүлдү. Экономикабыздын ар тармагында, Эл аралык мамилелерде алдыга жылуу бар, өлкөдө саясий туруктуулукка жетишүүнүн жол-жобосун ишке ашыра баштадык. Айрыкча Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан 2014-жылдын “Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы” деп жарыяланышы мамлекеттик курулуштун маселелерин аңдап билүүгө, мамлекеттик, демократиялык, коомдук тартибин чыңдоо, укуктук мамлекетти калыптандырууга ишенимдүү негиз болууда.
Азыр колубузда 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясы бар. Анда алдыдагы жылдарга экономикалык, социалдык, маданий өнүгүүбүздүн так багыттары көрсөтүлүп турат. Анда көрсөтүлгөндү аткарууга ар бирибиз салым кошууга тийишпиз. Коомубузду муунтуп, буту-колубузду тушап өнүктүрбөй жаткан жети баштуу желмогуз - бул коррупция экендиги бардыгыбызга эле белгилүү.
Кыргыз Республикасынын президентинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жарлыгы, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жергиликтүү бийликтердин жүргүзүп жаткан иштери азырынча жетишсиз. Коррупцияга каршы коомдук ой-пикирди жаратуу, аларды топтоо, багыттоо иштери чачкын. Эл арасында коррупцияга каршы күрөш республикалык деңгээлдеги маселе деген ой-пикир үстөмдүк кылат. Айылдык, райондук, облустук деңгээлдеги коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө эч жерде сөз болбойт. Акыркы мезгилдерде коррупцияга, уюшкан кылмыштарга каршы күрөшүү иштери президентке жана “Ата Мекен” саясий партиясына, Башкы прокуратурага гана тиешелүү болгондой солгундоодо. Бул ишке жалпы мүнөз берип эл-журттун колдоосуна таянуу, кампаниялык мамиле эмес, күн сайын күчөтүү гана күткөн натыйжаларды берет. Өлкөбүздүн Бажы биримдигине кошулуу маселеси боюнча элде ар тараптуу жеткиликтүү маалымат жок болгондуктан ар кандай ээн ооздуктар, ар түркүн айтылган апыртуулар терс таасирин тийгизбей койбойт.
Мында көптөгөн маселелердин түйүнү массалык аң-сезимди жогорулатуу, республиканын көздөгөн максатына аны багыттоого топтолгон. Ошондуктан “Мамлекет массанын аң-сезимдүүлүгү менен күчтүү” деген коммунисттердин мурдагы аныктамасы аксиома боюнча турат.
Өкмөт мүчөлөрү, административдик ведомстволордун, борбордук органдардын жетекчилери, алардын орун басарлары өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, алардын орун басарлары, президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери, юристтер, депутаттар эгемендүүлүк күнүнө карата айылдардын, шаарлардын райондордун ар бирине чыгып, эл менен жолугуп алардын суроолоруна жооп берсеңиздер абдан пайдалуу иш кылган болосуздар.
Анткени Эгемен күндү майрам катары белгилөөнүн болжолдуу болсо да жобосу жок болгондуктан көпчүлүк айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын даярдыктары жок жана 31-август күнүндө саясий эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү республикадагы бирдиктүү саясий күн деп аталган мындай мурдагы иш - чараны ай сайын бир жолу өткөрүү менен көптөгөн маселелердин оң жагына чечилишине жетише алат.
Урматтуу жердештер!
Айылдык, райондук, облустук, республикалык деңгээлдердеги жетекчи статусун алган ар бир кызматкердин жеке өрнөгү жөнүндөгү маселени ар тараптан курч көрөрүүгө убакыт жетти.
Жетекчинин өндүрүштүк, технологиялык, уюштуруучулук жөндөмдөрүнөн сырткары адеп-ахлактык, моралдык сапаттары терең анализделип элдин көз алдында тургандай кырдаалдын түзүлүшү шарт.
Президенттик аппараттын, өкмөттүн бөлүмдөрүндө, Жогорку Кеңештин комитеттеринде, жергиликтүү администрацияларда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчинин калкты саясий тарбиялоо ишине катышуусу, ал жетектеген эмгек жамаатындагы моралдык-психологиялык кырдаал жөнүндө маселелер талкууланып, баа берилип турган шартка жетишибиз керек.
Көз карандысыздыгыбыздын күнү ар бир жаран үчүн өзгөчө, улуттук сыймык, келечегибизге болгон терең ишеним, улуттук баалуулуктарга, элдик салт-санаага негизделип, ынтымак-ырашкерликти чыңдоого багытталууга тийиш.
Жайлообай Абдиев, Ак-Талаа району, Баетов айылы
Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер, персоналдык пенсионер.