Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Сакура кыз абийиринен да кымбатпы?


“Жеңиш” паркындагы президент тиккен сакура дарагын үч жылдан бери экиден милиция кайтарып келет. Алар 24 саат бою кезектешип, күнүгө үч жолу алмашышат. Даракты коруп турганы билинсин деп, атайын жанына кабинет да ачып беришиптир.

Айтсак, кайтарылып турган 118 көчөттөн азыр сексени калыптыр. Бир түп көчөт болсо 200 долларга бааланат экен. Дарактын түрү болгон сакуранын да наркы болгондон кийин "коомдун бир бөлүгүн түзгөн аялдардын баркы качан көрүнөт?" деген суроо жаралбай койбойт. Анткени ушул эле эс алуучу жайда кыйноого кабылып, эч кимден жардам алалбай келгендер четтен чыгат.

Бул сейил бак күнү-түнү бою кайтарылганы менен, кыздардын зордукталган фактылары өтө көп катталган. Эртең менен чуркагандар үчүн да кооптуу болуп эсептелинет. Себеби түнкү клубдардан чыгып алып, бакта мас абалда жүргөн кыз-жигиттер көп. Алар таң атпай колуна ичимдик кармап, чуркап жүргөн кыздарга, жада калса апасы менен тең болгон аялдарга да тийишкенин көрөсүң. Каяша айтсаң уят сөздөр менен ашатып сөгүшөт. Сөөкө жетчү сөздөрдү айтса да аман калганыңа ыраазы болуп келе бересиң...

Булардын баарын көрүп отурган тартип сакчыларынын сакурадан башка эч нерсе менен кымындай да иши болбойт. Анткени эс алуучулардын коопсуздугун кароо алардын негизги милдетине кирбейт экен. Мисалы, сакуранын көчөттөрү уурдалгандан кийин дароо күзөтчү коюлду. Бирок буга чейин кыздар канча зордукталса да бир дагы жолу чара колдонулган эмес. Ачыгын айтканда "сен өлсөң да, сакура көп жашасын" дегендей мамиле жасап келишет.

Ушул эле жылдын май айында “Жеңиш” паркында 21 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу radar.kg сайты жазып чыккан. Андан бери эки ай өткөнүнө карабай, эч кандай коопсуздук күчөтүлгөн жок. Ал эми күзөтчүлөр болсо мурдагыдай эле сакуранын түбүнөн жылбай отурушат. Негизи мындай окуялар бул жерде көп катталса да, анын изи жашырылып келет.

Англияда түндө сейил бакта бараткан кызды коркуткан бир эркекке жаза катары 7 жыл 7 күнгө эркинен ажыратылганы тууралуу сот өкүмү чыккан. Ага таң калган журналисттер: “Кызга тигинин колу да тийбептир, кыз кыйкырып качканда башка адамдар коркуткан кишини кармап калышыптыр. Бул жаза көптүк кылбайбы?" деп сурашканда, сот "кызды коркуткандыгы үчүн 7 күн, ал эми англис кыздарынын түндө паркта жүрүү эркиндигине кол салгандыгы үчүн 7 жыл берилди” деп жооп берген экен. Англия эли менен кыргыздардын эркиндик сөзү окшош болгону менен, аны кабыл алуу жана түшүнүүбүз эки башка. Анткени бизде “кой, андай жерге барба, жаман адамдар көп” деп жакындарыбызды чектеп жатып, кылмышкерлерге парктарда арак ичкенге жана адамдардын коопсуздугун чектегенге эркиндик берип жатабыз.

Даткайым Азамат кызы, "Азаттыктын" практиканты

XS
SM
MD
LG