Блоггер Данияр Айтмандын кыргыз коомундагы аялдарга мамиле тууралуу кезектеги ой толгоосу.
Айтканым кулакка орой угулушу мүмкүн, бирок мен эркек болуп туулганыма абдан сүйүнөм. Себеби, Кыргызстанда кээ бир аялдын баасы малдан да арзан.
Семиз бээнин баасы базарда миң доллардан кем эмес. Ал эми аялды таламандын тал түшүндө, бир баштык арзан момпосуй, кийүүгө жарабаган эки кытай көйнөк жана бир жашик арак менен кудалардын көңүлүн алып, оңой эле көчөдөн сүйрөп келип өмүр өткүчө чарбаңа кошуп койсоң болот.
Жыл сайын Кыргызстанда миңдеген аялдар уурдалат. Изилдөөчүлөрдүн эсебинде, кыргыз кыз-келиндеринин үчтөн бир бөлүгү уурдалып келген. Үй-бүлө жана коомчулук чыккынчылыгына кабылган, зордукталган, жан дүйнөсүнө айыккыс так түшүп, басынган, көр оокат менен чектелген аялдар кимди тарбиялап өстүрүшү мүмкүн? Албетте, аң-сезими төмөн, жалтак жана сатылма муунду.
Балким сиз Роза Отунбаеваны же парламенттеги аялдардын 25% квотасын мисал келтирет чыгаарсыз. Бул – көз боёмочулук, алдамчы элес. Кыргыз аялдары – малдай эле. Алар өз “кожоюнуна” кыңк этпей баш иет жана анын бардык кордугуна көз жумат.
Бизде өз программасынын биринчи, же мейли канчанчы болсун пунктунда аялды койдой уурдап, тагдырын таш-талкан кылган зөөкүрлөргө аёосуз согуш жарыялаган партия барбы? Бул улут генофондунун браконьерлерин же бычып, же 20 жылга түрмөгө камаш керек деген демилгени бирөөсү көтөрүп чыктыбы?
Эгерде кыргыз аялдары "мал" болбосо, эмне үчүн туугандары, достору, тааныштары же кошуналары уурдалган "колуктуга" жардам берүү ордуна, көрмөксөн, билмексен болушат? Эмне үчүн милиция бул уурулукту кан буугандай токтотпойт, азап тарткан аялдарды коргоп, кылмышкерлерди жоопко тартпайт? Эмне үчүн кыз уурдаган сөрөй, кой уурдаганга караганда жеңил жаза алат?
Эгерде кыргыз аялы "мал" болбосо, эмне үчүн кыз денесиндеги "жука чел" анын билиминен, акылынан, адамгерчилигинен да жогору бааланат да, болочок күйөө менен кайын-журту ошого жараша мамиле кылат?
Эгерде кыргыз аялдары "мал" болбосо, эмне үчүн келгенине эки ай толо элек келинди “боюңда барбы?” деп суракка алышат, 20дан ашкан кызды "батыраак күйөөгө тий" дешип жүдөтүшөт, кокус бойдок кыздын жашы 30дан өтүп калса, туугандары “кара далы” болуп калды деп кайгырып, "эптеп бирөөнүн этегин кармап кетсе экен" деп тилешет?
Эмне, кыргыз коомунда аялдын тагдыры, жападан жалгыз милдети бир жүдөө эркекке башын байлап, андан бала төрөөбү? Эмнеге күйөө сөрөй ата болууга дарыланып, жаман адаттарын таштап даярданбайт да кийин оорукачан бала жарыкка келсе аялын гана күнөөлөйт?
Эгерде кыргыз аялдары "мал" болбосо, эмне үчүн эринин кордугун, таягын, арагын, беймазалыгын кечирип, өмүр бою малайдын ролун аткарат?
“Жашоодо сен үчүн ким маанилүү аялыңбы же ата-энеңби?” деп кайсы кыргыз жигиттен сураба, ал сөзсүз “Ата-энем маанилүү, анткени аялды чекеден чертип аласың» деп жооп берет. "Менин жападан-жалгыз сүйүүм, жамандык-жакшылыкта жанымда турчу жаншеригим" деген сөздү айткылары келбейт. Анткени алар жубайын "мал" катары көрөт, ал эми малдан жана анын төлүнөн качан болбосун оңой эле кутулса болот.
Мындан 12 жыл мурун Кыргызстанда тартылган кыз алакачуу жөнүндөгү даректүү тасманы европалык курсташтарым менен бирге отуруп көргөм. Чынын айтсам, ал мага анчейин таасир этпеген, уялып, намыстанган деле эмесмин. Кийин бир боорукер классташ кызым колун менин колумдун үстүнө коюп, "Данияр, мага эч качан өзүмдүн келинчегимди уурдап албайм деп убада берчи" деп суранганда жан дүйнөм аңтар-теңтер боло түшкөн. Аялды уурдап барып, тагдырын талкалаган эркектер үчүн өтө уялып, жер катуулугунан гана калгам.
Ошондон бери кайсы гана жерде болбоюн, чет элдиктер менен Кыргызстан жөнүндө кеп козголгондо, "Билесиздерби, Кыргызстан ушундай укмуш сонун өлкө – ал жерде аялдарды малдай эле уурдашат" деп айтам. Анткени, коомубуздун кара тагын жашырууга, унчукпай коюуга эч убакта абийирим жол бербейт.
Ооба, буга чейин мага кандай гана ат жармашпады. Коркок күйөө, маңкурт, аялынын тилинен чыга албайт д.у.с. Бирок мен үчүн ал сөздөрдүн чиркей чаккандай таасири жок, мага эң негизгиси – кызым аман-эсен чоңоюп, өз укугун энесине окшоп чечкиндүү жана айбаттуу коргой алганы, өзүн сыйлаган адамга жолугуп, эңсеген кыялдарын ишке ашырууда артка кетенчиктебей кайраттуу болгону алда канча маанилүү.