Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Биз бийиктиктерди багындырабыз


Алакандай Кыргызстандын ичинде көйгөйлөр көп экени жамы журтка маалым. Маселен, билим берүү борборлорунда паракорчулук күн санап өсүп баратат. Мамлекеттик байлык бийлик алмашкан сайын Москва, Минск өңдүү шаарлардын банктарына которулуп кетүүдө. Географиялык түндүк, түштүк сөзү калкты экиге бөлүп, көкөйүбүзгө көк таштай тиймей болду. Кабырганы кайыштырган маселени көрүп туруп, “б” арибиндеки макаланы жазууну туура көрдүм.

Байыркы бабаларыбыз бапестеп, барктап баалуулуктарыбызды бүгүнкү балдарга багыштады. Бул баалуулуктардын баркын боз балдар билээри белгисиз.

Биздин багытыбыз баткакка белчесинен батып бараткансыйт. Билим берүү борборлору бүдөмүк бойдон болууда. Баягыдай билимдүүлөр баркталбай, бизнесмендер бааланууда. Билимдүүлөрдүн бир бөлүгү бизнеске берилип, базарда байлыктын баасын бычышат. Балдар болсо билимдин башатын билбей, бир бодосун берип билим берүү борборлорун бүтүрүшүүдө.

Балдардын баарлашканын байкасаң бир бөлөкчө: Брат (байке) баягыда Боконбаеванын (Бөкөнбаевдин) бир бурчунан, бир баланы бетке берсем болгон буюмдарын берди. Баягыда бузулган бийкечтер болуп "Бакардиге" (түнкү клуб) барып, "Балтикадан" (сыра) бастырып болушунча бийледик.

Биримдикте болбостон бул балыкчылык, бул базаркоргондук болуп бөлүнө берчү болдук. Бизди бөлүүгө белсенген Батыровдой (Кадыржан Батыров) бузукулар бар. Байкаштырбасак бардык балээ бөлүнүүдөн башталат.

Бөлүнө берсек Баткенди боевиктер барымталайт. Баетовду (Нарын) бүтүйгөн бээжиндиктер багынтаары бышык.

Булуң-бурчтарга барсаң, бели бекчейген байбичелер, бешикке бөлөнгөн балакайлардан башкаларын байкабайсың. Балакаттагы балдардын бир бөлүгү бекерпозчулук бара-бара быжырап баратканынан Бишкекке баса беришкен.

Бардыгын бетпактык, башаламандык, баңгичилик басты. Баса, бийлик бутактагылар бул башаламандыкты билээр бекен? Башчыларыбыз билсе бали! Бакиевдей болуп байкабаса, баягыдай бардак боло берет.

Бюджетибиз болсо билинбестен бөксөрүп баратат. Бюджетти банкротко батыргандар байкуш бомждор болмок беле? Баягы бийликтеги байманаптар. Байманаптар биздин байлыгыбызды билгизбей, "Бакай" банкка бекитип байыгандан байып баратышат. Байлыктарынан бечараларга бөлүшүшпөйт. Бечарага бергичекти бир бизнес баштаганы баалуураак.

Бийлер башкаруучулукту бейбаш балдарына берүүдө. Балдары болсо бийликти будамайлап башкарат. Биздей байкуштарды банкротко батырган Бакиевдин бейбаш баласы болду.

Балээнин баары "Билайндын" бирдигинин баасын бычкандан башталды. Бакиевдерге багы байланганын билип, бийликти бошотуп берүүсүн бир боорлорубуз билдиришти. Бакиев бийлигин бербесин билдирип, Бишкектин борбордук бөлүгүндө, бетпактанып балдарды БТРге бомбалатты. Бизге бел болчу баатырлар бейкүнөө бейитке берилди. Бакиев болсо байлыктарын баштыгына батырып Беларуска баса берди. Беларуста бакытка балкыбаса, боордоштору батырбайт.

Болочокто бийликке барчу балдар, билимдүү, баалуулуктарды барктаган, бюджетти бөксөртпөй, байыткан бандиттерге бөгөт болчу башчы болсо, биз бийиктиктерди багындырабыз.

Сапар Акунбеков
Кыргыз-Түрк Манас университети
XS
SM
MD
LG