«Сыйкырдуу квадратты» эң биринчи жолу, легенда боюнча, биздин эрага чейинки 2200-жылдары Кытайдагы чоң дарыянын катуу суу ташкынында сыртка чыгып калган ташбаканын панцириндеги (капкагындагы) даана басылган чекиттерден жолуктурушкан. Бул белгилерге өз убагында Конфуций абдан терең маани берген, ал азыр деле кызыктуу, пайдалуу. Квадрат болгону тогуз, кайталанбас сандардан турат:
4 9 2
3 5 7
8 1 6
Кандай гана санабайлык – туурасынан, тигинен, диагоналынан, ж.б. – суммасы дайыма 15 болот. Эмнеге бул квадрат «сыйкырдуу» деп аталат, мааниси кандай?
Квадраттын ортосунда, борборунда «5» турат, бул санды «эң жакшы», «абдан сонун», «бардыгы ойдогудай» деген мааниде колдонобуз. Ар кимибиздин негизги максатыбыз «5» - ынтымактуу үй-бүлө, ишеничтүү достор, сапаттуу билим, көңүл өстүргөн маданият, турмуш. Телегейи тегиз мамлекет, көздү суктандырган табигат, мезгил болсо дейбиз. Канткенде «5»ке, аруу тилегибизге, ойлорубузга жетебиз жана керектүү жоопторду «сыйкырдуу квадраттан» таба алабызбы?
Сандардын бул квадратынын эң алгачкы талабы, илгерки ойчулдардын жазып кеткенине кайрылсак, – «5» тин алдында, борбордо «1» туруш керек. Конфуций айткандай: «ааламга сапар биринчи кадамдан башталат», же биздин ар бир кадамыбыз бирдей бекем, туруктуу болсун деген тилек катылган. Баарыбыз бирдей туруктуу позицияда, принципте болушубуз абзел. Сөзүбүзгө бекем туралы, айтылган сөздү кийин танбайлы жана унутуп калбайлы. Бүгүн бирди сүйлөп, эртең башканы айтпаш керек. Бул - гармониялуу жашоого, урмат-сыйга, алкышка жетүүнүн алгачкы кадамы.
Жашоо бир келет, акыры бара турган жерибиз да бирөө эле. Жараткан да бирөө. Ата-энебиз, туулган жерибиз, мекенибиз... Жыгылсак кайрадан турабыз, бирок бир эле жолу сөздөн жаңылсак, убадага бекем турбасак ишеничтен биротоло кетебиз. «Адам эмес» дейт андайларды, «сенин атаң ушундай болгон» деп артыңдагы балдарың сөзгө калат.
Эгерде квадраттагы «5» санынын алдына «1» эмес, башкасы туруп калса «сыйкыры» жоголот. Мисалга, «2» туруп калды дейли. Эки жүздүүлүк адамдын абдан начар сапаты, эч кимге жакпайт. Эки жүздүү адам бийликке жетсе азабын бардыгы тартат, дайыны жок чаржайыт ойлору менен элди тажатат, кыжырдантат. Ууру, каракчы («мародер») – булар бардыгы «эки буттуу айбандар». «Сыйкырдуу квадраттын» маанисин жоготпойлу, эч качан жаңылбай, туруктуу жана бирдиктүү, ынтымактуу калк бололу.
Квадраттын ортосундагы «5» тин башында, жогорку сапта жана ортодо, «9» турат. Эң башкы («5») максаттарга жетиш үчүн абдан көп («9») аракет талап кылынат, болушунча билим, илим, маданият топтойлу башыбызга. Көптөгөн («9) өнөрлөрдү өздөштүрөлү. Көп («9») сандагы чын пейил досторубуз болсун, көптөгөн жерлерди көрөлү. Көптөгөн («9») жакшылыктарын көрөлү, көп жашайлы.
Башыбызда акыл азайганда карылык башталат эмеспи («9» кемигенде). Тынбай билим, информация ала берели «мээни эс алдырбай», жалкоолонбой. Жаман ойлорду жолотпойлу, ушак таратып жаман атка конбойлу. Башыбызды жаман иштерге, максаттарга сарптабайлы, жаман ойлор менен мээбизди уулантпайлы. Эмне үчүн аракеч жана наркоман тез карыйт, аз жашайт, бардыгына жат болот? Алар тандап алган жолу менен акыл-эсин, билимин, маданиятын талкалашат, жашоосун бузат. Бат эле «алжышат», кебетелери да, кептери да такыр өзгөрөт.
«Сыйкырдуу квадраттын» жогорку сабында, «9» дун сол тарабында «4»,оңдо - «2» турат. Бул сандар убакыттын туруктуулугу жана тардыгы, баалай билели кайра кайтып келбес жашоону. Абдан («9») билимдүү, акылдуу, маданияттту болуш үчүн тынбай, жылдын төрт («4») мезгилинде, сутканын эки («2») убактысында талыкпай аракет кылалы, ойлонолу. Азыркы илим муну тактап кайталап келатат - эгерде карылыкка эртелеп баш ийбейм десең эки эле эмес, төрт башка тилди жакшылап өздөштүр. Акыркы жылдары жаштарыбыз ааламдын төрт бурчунда жашап калышты. Кыйла алыс жактарга кетишти. Бардыгынын эки көзү төрт - элимдин ынтымагы, мекенимдин өнүгүү келечеги дегенде.
Калган сандардын – 3, 6, 7, 8 - такталган орду, «сыйкырдуу» мааниси турат бул квадратта, алар белгилүү жана өзгөрүлбөйт. Бирок, жашоодо бардыгы «сыйкырдуу квадраттын» чегинде боло бербейт, чеңгелине батпайт, биз канчалык аны каалап, ойлонуп, аракеттенсек да. Күтүлбөгөн окуялар, кырсыктар капыстан, белгисизден пайда болот. Кокустуктар качан, кайдан келээрин эч ким билбейт, боолгоп айта албайт. Ар кимдин башына айтылбаган окуя, күтүүсүз жаңылык сөзсүз келет, андыктан даяр болуш керек андайга.
Илимде бул факторду «10х» деп атайт, же башкача аталышы – стратегиялык өзгөрүү мезгили. «10х» - он эсе көп күч, сыноо дегенди туюнтат. Мугалимдер үчүн, мисалга – бул билим берүүгө каралган бюджеттин кыскартылышы, жабылышы. Адис же жумушчуга – ишкананын, мекеменин иштебей токтоп калышы. Демек, дайыма жаңы технологияларды өздөштүрүп, башка адистиктерди да үйрөнүп, башты ийип бат эле кокустукка багынып бербейли.
Электр жарыгы туруктуу берилбесе, кайра-кайра өчүрүлүп, же газ берилбей калса бул «10х» эмес, бул башка фактор. Бул сөзгө турбагандан, жоопкерчилик жоголгондон, бекем тартип болбогондон, коррупция, уурулук, каракчылык жайылгандан болчу нерсе. Коомдо, же башыбызда «Сыйкырдуу квадрат» талкалангандан...
Профессор Рыспек АБДЫЛДАЕВ,
Сан-Франциско, АКШ