Адам баласы жарык дүйнөгө келгенден тарта айланасындагы нерселерди изилдеп, үйрөнүп баштайт. Үйрөнүүгө болгон күчтү бизге кудайым жаралганда эле дилибизге салып койсо керек. Буга мен бир нече күн мурда Пакистанда желкесине ок жеп, аман калган 14 жаштагы өспүрүм кыз тууралуу кабарды окугандан кийин дагы бир ирээт ынанып жатам.
Малала Юсуфзайдын мисалы Кыргызстанда билим алып жаткан миңдеген өспүрүмдөргө билим алууга болгон эркиндиктин баасы канча экенин даана көрсөтө алат. 11 жашынан баштап Би-Би-Синин урду тилиндеги сайтына блог жазган бул кыз Пакистандын талибдер үстөмдүк кылган Суат аймагында жашайт. Үч жылдан бери билимге умтулуу тууралуу жазган күндөлүгү үчүн кежигесине ок жеп, өлүм менен да тирешти. Анын күндөлүгү өз жашындагы кыздардыкынан айырмаланбайт деле. Болгону Малала өз оюн ачык айта алды. Таң калганым, талибдер кыздардын мектепке баруусун тыйып жатса болбой, окууну самаган, эртең менен кеч турганына эмес, мектепке барбай калганы үчүн кайгырганы болду.
А бизде болсо баары даяр, билим алууга кыздарыбыз толук укуктуу. Каалаган китептен, каалаган интернет булагынан өзү самаган маалыматын кыздарыбыз ала алышат. Бирок акыркы мезгилде мындай эркиндикке карабай мектептерде, университеттерде билимдин сапаты барган сайын түшүп барат. Менимче, мунун баары биздин билимге болгон эркиндикти туура эмес, максатка ылайык колдоно албай жатканыбызда болуп жүрбөсүн?
Маселен окуу китептери жок дейбиз. Туура китеп көйгөйү Кыргызтандын кендирин кесип келет. Бирок согуш жүрүп жаткан Пакистанга салыштырсак биздики кудайга шүгүр эле.
Беш-алты жыл мурда өзүм да балдардын китепке кызыгуусун арттыруу үчүн “Кулунчак” балдар журналын чыгарып көргөм. Алгач аны Кыргызстанды кыдырып акысыз тараткан элек. Ошондогу мугалим, ата-энелердин бизди таң калып: “Кайсы диндин өкүлүсүңөр? Бул эмне деген миссионердик журнал?” – деген сыяктуу суроолорду бергени али эсимде.
Малаланын жашындай өспүрүм куракта балдардын кызыгуусу өзгөчө курчуп, аларды туура тандалган китеп, интернет сайттар менен билимге кызыктырбаса кеч болуп калат. А бизде болсо интернет маалыматтын булагы болбой эле “агент” анан онлайндан сүйлөшүү куралу болуп калды.
Былтыр Ат-Башыга эс алганы барганымда коңшу байкенин 10 жаштагы кызы апасы от тамызып жаткан гезит айрындыларын жанталашып окуп жатыптыр. Жанына басып барып, гезит айрындыларын карасам, “сары макалалар” жык толгон сапсары прессабыз экен. Айгүл мындан көрө китеп окубайсыңбы? – десем, “Кайсы китепти эже, биздин үйдө китеп жок да”, - дейт.
Заңгыраган чоң ак там, короо толо мал, согушу жок тынч өлкө, ар апта сайын той болуп турган бакубат коомдо он жаштагы кыргыз Айгүл үчүн бир китеп жок экени мени абдан өкүндүрдү. Ал эми ошол эле Айгүлдүн телевизору, соткадагы агенти, толтура ДВДси жана башка мен билбеген “байлыктары” бар экен.
Пакистандык Малалада болсо жогоруда санагандарымдын көбү жок болчу. Ошентсе да ал билимге умтулуу күчү менен дүйнөгө өз атын таанытып, улуттук каарманга айланды...
Бактыгүл Чыныбаева, Лондон