Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Шииттер: идеологиялык талаштын төркүнү


Канатбек Мурзахалилов жана Улан Усупов
Канатбек Мурзахалилов жана Улан Усупов

«Биз жана дин» түрмөгүндө Ислам дининдеги шииттер агымына жана идеологиясына токтолобуз.

Кыргызстандагы шииттер жамааты жана өлкөдөгү эки агымдын мамилеси жөнүндө да сөз кылабыз.

Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов жана Кыргызстан Ислам университетинин ага окутуучусу, теолог Улан Усупов талкуулашты.

Канатбек Мурзахалилов: - Сунниттер менен шииттердин ортосундагы касташуу көптөгөн факторлорго байланыштуу экенин билебиз. Маегибиздин башында алардын ортосундагы бөлүнүүнүн башатына, тамырына токтоло кетсеңиз.

Улан Усупов: - Шииттер хижрий жыл санагынын биринчи кылымынын аягында, башка айтканда биздин замандын VIII кылымынын башында пайда болгон.

Булардын тарых сахнасына чыгышынын негизги себеби акыйда маселесине барып такалат. Мисалы, шииттерде “керээз” деген түшүнүк бар. Бул эмне? Алар Мухаммед пайгамбардын керээзинин негизинде азирети Али мусулмандардын имамы, лидери болгонуна ишенип келишет.

Исламды өзүнүн нукура абалына жеткире турган куткаруучу имам Махдий келет деген түшүнүк да алардын акыйдасында бар. Ушул ишеним акыйдаларына негизделген түшүнүктөр айрыкча “малавий”, башкача айтканда араб эместердин арасында жайыла баштаган.


Ислам эми гана тарала баштаган учурда же пайгамбарыбыздан кийинки мезгилде азирети Осмондун, азирети Алинин өлтүрүлүшү, андан кийин “Кербала окуясы” же “Кербала трагедиясы” деп Мухаммед пайгамбардын небереси азирети Хусейиндин Иракка жакын жердеги Кербала деген жерде өлтүрүлүшү тарых барактарында шииттердин пайда болуусуна негиз болгон.

Бирок булардын келип чыгуусунун эң негизги себеби - имамат же халифалык түшүнүгү. "Азирети Мухаммед пайгамбардан кийин халиф, имам болуп азирети Али келиши керек эле. Азирети Абу Бакр, азирети Умар, азирети Осмондор анын акысын, анын халифалык укугун тартып, басып алган. Азирети Али, анын укум-тукуму, урпактары халифалыкка келиш керек. Пайгамбарыбыздан кийинки 12 имам күнөө иш кылбай турганы, мусулман үмөтүнө лидер боло турган ал имамдар келип, жол көрсөтүп берет" деген түшүнүк булардын акыйдасында бар.

Канатбек Мурзахалилов: - Суннит менен шиит агымдарынын негизги айырмачылыктары кандай?​

Улан Усупов: Шииттерде да намаз беш убакыт окулат. Бирок беш жолу болгону менен бешим жана аср, шам жана куптан намаздары бириктирилип, үч маал азан айтылат. Азандарында “Али Алла Тааланын досу экендигине күбөлүк берем” деген сөздү кошуп айтышат. Даарат алганда сунниттер маасы кие турган болсок, маасыга гана масх тартабыз. Булар болсо жалаң бутка да масх тарта беришет.

Азирети Хусейин шейит болгон жердин топурагынан жасалган деген сажда ташчалары бар. Намазда сажда кылганда чекелерин ошого тийгизишет. Ибадат өңүтүнөн алганда ушундай айырмачылыктар бар.

Шииттердин ишеним акыйдасында жогоруда айтылган “12 имам келет, ал имамдар мусулман дүйнөсүнө лидер болуп, жалпы үмөткө багыт жол көрсөтөт. Алардын сөзү пайгамбардын сөзүнүн, пайгамбардын сөзү алардын сөзүнүн деңгээлинде” деп ишенишет.


Канатбек Мурзахалилов: - Шииттердин ичинде да көптөгөн агымдар бар экенин билебиз. Алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланышат? Шииттер кайсы өлкөлөрдө көп тараган?

Улан Усупов: - Жакынкы жылдарда жүргүзүлгөн статистикалык санактар боюнча 1 миллиард 570 миллион мусулмандын ичинен 10-13 пайызын шииттер түзөт. Сандык курамдан алсак, изилдөөлөр боюнча 200 миллионго жетип-жете бербеген шиит мусулман бар. Дүйнөдөгү шииттердин 3/1 бөлүгү Иранда жашайт.

Шииттер Ирак, Бахрейн, Ливан, Азербайжан аймактарында да бар. Борбор Азияда, анын ичинде бизде Кыргызстанда да шииттер бар. Булардын Йеменде жашагандары зайдия агымы же мазхабын кармангандар. Алар Йеменде жашаган калктын 40-45% түзөт. Булар ахли сунна вал жамаат же сунниттерге эң жакын деп эсептелет. Керек болсо шииттер буларды бөлүп, өзүнүн агымы катары эсептебеген учуру бар.

Ооганстандын, Пакистандын, Сауд Арабиясынын, Түркиянын да калкынын 10-15% шииттер түзөт. Булардын эң чоңу имамия. Имамия бүгүнкү күндө эң чоң агымы деп эсептелет. Ирандын негизги мазхабы. Андан кийин исмаилия, анан зайдия. Ал Йемендин расмий мазхабы сыяктуу. Анан кийин мушария бүгүнкү күндө Сирияда бар. Дагы бир агымы - друзия. Ал да Сирияда тараган.


Канатбек Мурзахалилов: - ХХI кылымдын башынан эле Жакынкы Чыгыш дүйнөлүк маанилүү окуялардын сахнасына айланды. "Араб жазы", диктатуралык бийликтердин кулашы, куралдуу кагылышуулар жана региондогу таасирдүү оюнчулардын тирешүүсү эл аралык мамилелердин эң маанилүү темасы болуп калды. Айрым изилдөөчүлөр бул касташуунун себебин саясий, тарыхый жана геосаясий келишпестиктерден улам чыгып жатат деп айтып жүрүшөт. Ал эми кээ бирлери аймактагы абал суннит жана шиит жамааттарынын ортосундагы таасир талашуу же диний айырмачылыктардан улам болуп жатат дешет. Бул чыр-чатактарда диний компоненттин катышы канчалык деңгээлде бар деп эсептейсиз?

Улан Усупов: Сунниттер менен шииттердин басып өткөн жолун карай турган болсок ортодо кагылышуулар болуп келген. Осмон империясынын учурунда шииттердин Ирандын аймагында өзүнчө Сафавиддер деген мамлекети болгон. Ал жакта да түрдүү кагылыштар болуп турган. Бирде жеңип, бирде жеңилип дегендей.

Көптөгөн согуштар көз караштардын келишпестигинен улам болгон. Ошол эле суннит менен сунниттердин, шиит менен шииттердин ортосунда болгон.

Сунниттер менен шииттердин ортосундагы согуштарга назар салсак дин, мазхаб, акыйдага байланыштуу кагылышуулар балким 10-15 пайыздын тегерегинде болгон чыгар. Чыр-чатактар көбүнчө саясий жана экономикалык негизде, башкача айтканда таасир талашуудан улам болуп келген.

Бүгүнкү күндө сунниттер менен шииттердин ортосундагы чыр-чатактар да таасир талашуудан улам болуп жатат. Учурда Сауд Арабиясынын максаты дүйнөгө Меккени борбор кылып салафизмди жаюу болсо, Иран өзүн борбор катары эсептеп, дүйнөгө шиит идеологиясын жайылтуу деген максатты көздөп келатат. Бул талаш-тартыштарда диний компоненттерге да таянат. Бирок анын саясий-экономикалык жагы күчтүүрөөк.


Канатбек Мурзахалилов: - Эми Кыргызстандагы шииттер жөнүндө сүйлөшсөк. Өлкөбүздө шииттердин жамааты, аларга таандык муфтиятка баш ийген бир мечит Бишкек шаарында ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Жалпы Кыргызстанда шииттердин болжолдуу саны канча? Бизде сунниттер менен шииттердин өз ара мамилеси кандай?

Улан Усупов: - Бир канча жыл мурдагы санакка ылайык Кыргызстандагы шииттердин саны 1000 кишинин тегерегинде деп эсептелген. Бишкекте “Имам Али” атындагы шииттердин мечити бар. Азербайжан улутундагы имамы бар. Мечит Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына баш ийип, дин комиссиясынан атайын эсептик каттоодон өтүп ишин алып барууда. Байкоочулар шииттердин толеранттуу имамы, жамааты, мечити бар деп белгилешет. Буга чейин идеологиялык жактан алардын Кыргызстанга, диний кырдаалга эч кандай зыяны, тоскоолдугу көрүнгөн эмес.

Маекти бул жерден тыңдаңыз:

Шииттер: тиреш жана идеологиялык талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:59 0:00
Түз линк

Канатбек Мурзахалилов: - Айрым дин аалымдары жана талдоочулар "Кыргызстанда ишин жүргүзүп жаткан шииттерге тиешелүү айрым фонддор жана окуу жайлар келечекте биздеги диний кырдаалга терс таасирин тийгизет" дешет. Сиздин оюңузча абал чындап коркунучтуубу?

Улан Усупов: Бүгүнкү күндөгү абал жана дүйнөдөгү идеологиялык баскынчылыкты, ааламдашуу доорунда жашап жаткан шартты карай турган болсок Кыргызстанга дагы көп нерсе кирип келе жатат. Бул өңүттөн караганда Кыргызстанда шииттердин позициясы бекемделиши мүмкүнбү? Ооба, мүмкүн. Айрым фонддор билим берүү, финансы тармагында, тил үйрөтүү, кайрымдуулук жаатында, муктаждарга жардам көрсөтүү сыяктуу көптөгөн багыттар боюнча ишин жүргүзүп, кишилердин көңүлүн алып жатат.

Аны менен бирге өздөрүнүн позициясын, көз карашын, дүйнө таанымын элге, жаштарга жайышы мүмкүнбү? Жайышы мүмкүн. Келечекте сыртынан булар шиит дебесек да алардын баалуулуктарын, позициясын, көз караштарын карманган жаштардын тобу калыптанышы мүмкүн экендигинен кабар берет. Бул Кыргызстандын келечегине албетте коркунуч туудурат.

Муну болтурбоонун кандай жолу бар? Биринчиден, ортодогу толеранттуу мамилени сакташыбыз керек.

Экинчиден, Кыргызстандагы салттуу болуп эсептелген имам Аззам мазхабыбызды жана имам Матрудий акыйдабызды бекем карманышыбыз шарт. Керек болсо орто мектептерде, медреселерде атайын программаларды учурдун талабына ылайык иштеп чыгып балдарыбызды окутуп, түшүндүрүп туруу зарыл.

“Кимде маалымат болсо, анда ал куралчан” дегендей өзүнүн мазхабын, акыйдасын терең билген киши башка жакка ооп кетпейт. Эгерде бул ишти жүргүзө албасак, анда сырттан келгендер Кыргызстанда “ат ойнотуп”, таасирдүү күчкө айланышы мүмкүн. Бул өз колубуздагы мамлекеттик идеологияга, мамлекеттик саясатка барып таяна турган эң маанилүү маселе болуп эсептелет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG