Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Саясатка айланган ооз ачар


"Ыйман" фонду мамлекеттик резиденцияда уюштурган ооз ачардан. Бишкек, 23-июль, 2014.
"Ыйман" фонду мамлекеттик резиденцияда уюштурган ооз ачардан. Бишкек, 23-июль, 2014.

Кыргызстанда орозо кармагандардын саны көбөйгөн сайын ооз ачыруу жөрөлгөсү өзүнчө эле шаан-шөкөткө айланып баратат.

Өзбекстанда кафе-ресторандарда ооз ачыруу тыйылып жаткан чакта Кыргызстанда тескерисинче бул жөрөлгө кеңири жайылып, а түгүл жогорку деңгээлде ооз ачыруулар болууда. Адатта кафедеги массалык ооз ачыруулар чакырган кишини же уюмду даңазалаган видеотасма менен башталат. 200-300 чамалуу белгилүү адамдын башын бириктирген тамак үстүндө чакырган тарапты даңазалоо үчүн кадыр-барктуу адамдарга тойдогудай сөз берилет.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев баш болуп массалык ооз ачырууларды ири тойканаларда өткөрүп келгени жалпыга маалым.

Ооз ачарбы же саясый шоубу?

Белгилүү коомдук-саясий ишмер Азимбек Бекназаров ооз ачыруулар өзүнчө эле саясый өнөктүккө айланганын белгилөөдө. Анын айтымында саясатчылар, колунда бар адамдар орозодогу сый тамактарды саясый упай топтоо максатында өткөрүшөт.

- Иптар иптар эмей эле тойлорго окшоп баратат. Андай ооз ачырууларга баргандарды карасаң жалаң министрлер, депутаттар, кыскасы аткаминерлер отурат. Биринен бири өтүп иптарларды чоң-чоң ресторандарга өткөрүп, байлыгына мактангансып жүздөгөн адамдарды коноктоп жатышат. Мунун баары эле алдыдагы саясый иш-чараларга даярдык болуп саналат.

22 жылдан бери орозо кармап келатканын айткан Бекназаров саясый иптарларга барбайт жана кафе-ресторандарда ооз ачырууга тыюу салган өзбек президенти Ислам Каримовду колдойт.

Байкоочулардын баамында, быйыл саясатчылардын ичинен ооз бекиткендердин саны арбын. Маселен, парламенттин спикери баш болгон 30дан ашык депутат, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, баш прокурор Аида Салянова жана башка бир катар аткаминерлер да орозо кармап жатышат.

Министр Базарбаев "Ыйман" фонду уюштурган ооз ачарда.
Министр Базарбаев "Ыйман" фонду уюштурган ооз ачарда.

Өзү орозо кармабаса да ооз ачыруулардан калбай барганга аракет кылган социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев орозокечтердин сый тамагын сынга алгандар менен макул эмес

- Бул ар бир адамдын жеке иши. Сындаган туура эмес. Каалагандар кафе-ресторанда өткөрө берсин. Биздин министрликте 26 адам орозо экен. Мен аларга министрликтин имаратында эле сый тамак уюштурдум. Ар ким шартына жараша ооз ачырат да.

Деген менен ооз ачар орозо кармагандар үчүн гана берилчү сый тамак. Бирок азыр Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте орозо кармаганы деле, кармабаганы деле күүгүм талаш ооз ачарга жөнөп калмайы адатка айланды. Ооз ачарга чакырган тарап деле алардын орозо кармаган-кармабаганын ылгап отурбайт.

“Орозо саясаттан алыс болуш керек”

Шарият боюнча ооз ачарга колунда бар адамдарды эмес, кедей-кембагалдарды, жардамга муктаждарды чакырган адам көбүрөөк соопко калат. Мындай пикирин Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев ортого салды. Ал орозону саясатка аралаштыргандарга караманча каршы.

Муфтий Максат ажы ооз ачарда сүйлөп жатат. Бишкек, 23-июль.
Муфтий Максат ажы ооз ачарда сүйлөп жатат. Бишкек, 23-июль.

- Исламда бай адамдарга караганда жардыларга ооз ачырууга көбүрөөк сооп берилет. Ооз ачыргандарга айтаар элем, биринчи кезекте жардамга муктаждарды чакыргыла деп. Ким кандай максатта иптарга чакырганын билип болбойт. Бирок баарын кудай таразалайт. Эгер адам чын дилинен эмес, саясый же башка максатта ооз ачырса анда ага сооп жазылбайт.

Акыркы убактарда жогоруда сөз болуп жаткан ооз ачарды иптар же ифтар деген сөз менен алмаштыргандар да аз эмес.

Эл баатыры Бексултан Жакиев (оңдо) "Ыйман" фонду уюштурган ооз ачарда. Бишкек, 23-июль.
Эл баатыры Бексултан Жакиев (оңдо) "Ыйман" фонду уюштурган ооз ачарда. Бишкек, 23-июль.

Кыргыз эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев ислам канчалык жайылган күндө да кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактоого үндөйт.

- Биз исламды танган жерибиз жок, бирок кыргыз бойдон калышыбыз керек. Мисалы адалды халал, арамды харам деп калдык. Кыргыздар эч качан ифтар деген эмес, ооз ачар деп эле айтышкан. Мейли тилибиз байысын десек экөөнү тең айта берсек болот. Бирок ифтарды таңуулап, кыргызча түшүнүктөрдү жокко чыгаргысы келгендер көп болуп жатат.

Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев ооз ачарда ырдап жатат. Бишкек, 23-июль, 2014.
Төкмө акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Аалы Туткучев ооз ачарда ырдап жатат. Бишкек, 23-июль, 2014.

Саясатчылардан тышкары өнөр адамдарынын, ырчы-чоорчулардын арасында динге берилип, орозо туткандар да арбып бараткандай. Орозо айындагы сый тамактарда төкмө акындардын ыр менен даават айтышы, ырчылардын исламды даңазалаган ырлары коомчулукта ар кандай пикирлерге жол ачып келет.

XS
SM
MD
LG