Иштебеген да тиштейт...
Кыргыз мыйзамдары боюнча эл өкүлү соттолуп кетмейинче депутаттык мандаттан да, маянадан да ажыратылбайт. “Иштебеген тиштебейт” деген жашоо мыйзамы Жогорку Кеңеш депутаттарына келгенде өз күчүн жоготкондой. Тагыраак айтканда, парламент депутаты козголгон кылмыш ишине байланыштуу жылдап ишке чыкпаса да мамлекет эсебинен маяна алууга укуктуу.
“Жаңы муун” саясый кыймылынын мүчөсү Адил Турдукуловдун пикиринде, кылмыш иши козголгон депутаттарды бир гана маянадан эмес, мандаттан да ошол замат ажыратуу керек.
- Биринчи инстанцияда депутаттарды күнөөлүү деп тапкан чечим болгондон кийин аларды мандатынан ажыратыш керек болчу. Эми ошол эле Түлеевди, Келдибековду кедей адам деп айтууга болбойт. Алар керек болсо жардамчыларына өз жандарынан деле айлык төлөй алышат. Өздөрүнүн айлыктарынан деле баш тартып коюшса болмок да. Тилекке каршы бул көрүнүштөр биздин аткаминерлердин адамдык дарамети тайкы экенин каңкуулайт.
Ошол эле учурда мугалимдер менен доктурлар бир ай талбай иштеп, он миң сомго жетпеген айлык алып жатса, депутаттар иштебесе да 30 миң сом маяна алганы коомчулукта талаштарды пайда кылып келүүдө.
Мыйзам баарынан улук
Жогорку Кеңештин регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева шаардык соттун чечими менен 11 жылга эркинен ажыратылган “Ата Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2,5 жылдан бери, сот чечими менен чет жерде дарыланууга укук алган парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков бир жылдан бери иштебесе да айлык акыны иштегендерден кем калбай алып жатканын айтууда.
- Мыйзам боюнча Келдибеков менен Түлеев сот аларды күнөөлүү деп тапканга чейин айлыктарын ала беришет. Парламенттин бухгалтериясы ушул мыйзамдын негизинде алардын маяналарын которуп жатат. Менимче алардын айлыктарын ишеним каттын негизинде жакындары же жардамчылары алышат. Бирок алардын кызматтык унаалары гаражда турат. Машинанын майына деген акча берилген жок.
Алтыбаева кошумчалагандай, ушул убакыттан бери Келдибеков менен Түлеевдин бирден кеңешчисине жана жардамчысына да маяна которулуп келет.
Жогорку Кеңеш депутаты орточо эсеп менен кызматтык чинине, иш тажрыйбасына, ээлеген кызматына жараша айына 30 миң сомдон 80 миң сомго чейин айлык алат. Эл өкүлүнүн бирден жардамчысы жана кеңешчиси 18 миңдин тегерегиндеги айлыкка иштейт.
Бийликтин укуругу узун, бирок акыйкат эмеспи?
Парламенттеги эркин депутат Өмүрбек Абрахманов буга чейин мыйзамчыларга кеткен каражаттарды кыскартууну колдоп келгени менен соттун чечими чыга электе эле депутатты маянадан ажыратууга караманча каршы. Айтымында, айрым эл өкүлдөрүнө саясий куугунтуктун негизинде гана иш козголуп, алар ак жерден бийликтин курмандыгына айланышы мүмкүн.
- Соттун күнөөлүү деген эң акыркы чечими жок болсо, анда депутат мыйзамда көрсөтүлгөн айлыгын алышы керек. Анткени азыркы авторитардык бийлик өзүнө каршы кишилердин бааарын камап коюшу мүмкүн. Баарын иштен кетирип, соттобой жүрө берет. Кылмыш ишин козгоордон мурда материалдардын, далилдердин баарын топтош керек. Бизде далил жок эле жылдап кармап отура беришет. Факты жок эле эзе беришет. Мыйзамдагы чекиликтерден улам ушундай маселе жаралып жатат.
Нариман Түлеев калаа башчысы болуп турганда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деген айып менен 2012-жылдын 22-июнунда камакка алынган. Жакында эле Бишкек шаардык соту райсоттун чечимин күчүндө калтырып, аны 11 жылга эркинен ажыратты. Коррупция, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча шектелген парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 2013-жылдын ноябрында камакка алынган. Ал 2014-жылдын августунда Биринчи май райондук сотунун чечими менен чет өлкөгө дарыланууга кеткен. Азыр анын Дубайда экени айтылууда.
Жалпысынан 5-чакырылыштагы парламент депутаттарынын 13үнө кылмыш иши козголду. Алардын төртү депутаттык мандаттан ажыраса, айрымдары чет өлкөгө зуу коюшту. Башкы прокуратура Урмат Аманбаеваны депутаттыктан чакыртып алуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына өтүнүч жолдоду, ал ортодо Түлеев бир айга жетпеген убакытта депутаттык мандатынан ажырары белгилүү болду.