Ымалага доо кетишине мурда убадаланган инвестициялык долбоорлордун ишке ашпай калгандыгы себеп катары көрсөтүлгөн. Бирок чыңалуунун конкреттүү критерийлери айтылбагандыктан, айрым серепчилер сайттын маалыматына сын көз менен караса, кээ бирлери эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын аягы күтүлгөндөй эле болуп жатканын белгилешүүдө.
Орусия менен мамилеси чыңалган жана жакшырган мамлекеттердин рейтингинде адистер 100 баллдык система менен Бишкекке 50 упай ыйгарган. Бул сан эки тараптуу ымаланын солгундашы боюнча Кыргызстан өткөн жумага салыштырмалуу 10 тепкичке көтөрүлгөнүн билдирет.
Рейтинг түзгөндөрдүн божомолунда, “Бишкек менен Москванын мамилеси начарлады” деген көрсөткүчкө Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча түзүлгөн келишимдин токтотулушу негиз кылып алынган.
“Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши да инвестициялык климатты көзгө көрүнөрлүк даражада оң жакка өзгөртпөдү”,- деп белгилешет серепчилер.
“Сорос Кыргызстан” фондунун мурдагы директору Медет Төлөгөнов аталган рейтинг кандай критерийлер менен чыгарылганы так болбогондуктан, ага таянып өлкөлөр аралык ымала тууралуу божомол жасоого болбойт, деген ойдо:
- Жалпылап алганда, кыргыз-орус мамилеси солгундап баратканы чындыкка жакын. ГЭС боюнча төрт жыл мурунку макулдашууну кыргыз тарап денонсациялашы жалпы картинаны көрсөтүп турат. Бирок рейтингдин методологиясын түшүнбөдүм. Бишкек кайсы критерий боюнча 50 балл алды? 30 балл алган учурларга эмне негиз болгон? Ымала кандай болгон кезде 40 балл берилет? Ушул суроолорго жооп жок. Мисалы, Молдова менен Орусиянын мамилесинин чыңалышына европачыл жана москвачыл күчтөрдүн тиреши негиз боло алат. Бул ачык көрсөткүч.
Ал эми Кыргызстан боюнча алсак, ортодогу макулдашуулардын жокко чыгарылышынан улам тараптар бири-бирине кабак түйгөн учурлар болуп жатабы? Мамиле кескин чыңалып баратат деген сыпаттаманы адистердин анык пикирлери менен конкреттештирип коюшса, башка кеп.
Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча 2012-жылдын сентябрында түзүлгөн келишимди жакында кыргыз бийлиги денонсациялаган. Буга расмий Москва келишимдеги айрым пункттарды аткаруу мүмкүн эместигин билдиргени негиз болгон.
Энергетика тармагындагы серепчи Эрнест Карыбеков Бишкек менен Москванын ортосунда 2012-жылы ГЭС куруу боюнча макулдашууга каршы чыккандардын бири:
- Ошондо мен долбоор ишке ашпайт деген элем. Күтүлгөндөй эле макулдашуу бузулду. Бул жагдай саясий өнөктөштүккө да таасирин тийгизбей койбойт. Мындан ары ГЭСтер боюнча жаңы долбоорлор иштелип чыккан учурда деле Орусия ага катышпайт. Чакырсак да келбейт. Кандай гана мамиле болбосун, туруктуулук зарыл.
Андан сырткары, экономикалык жаатта Кыргызстан менен Түркия кызматташтыкты күчөтүүгө бел байлап жатат. Анкара менен Москва бири-бирине жонун салып тургандыктан, бул деле Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достукту солгундатышы турган иш.
Былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жылуу мамиле даана байкалып, бийлик өкүлдөрү Москва Бишкектин негизги өнөктөшү экенин байма-бай айта баштаган болчу. Бирок жыл аягында эки мамлекет ортосундагы экономикалык келишимдер арабөк экени ачыкка чыкты.
Вице-премьер-министр Олег Панкратов өткөн жумада Орусиянын “Газпром” ишканасы да мурда убада берген инвестициялык программасын аткара албай калышы мүмкүн деп билдирген. Министр буга Бишкектин айрым жаңы конуштарына газ түтүктөрү тартылганына карабай, тургундар электр энергиясын пайдаланууну артык көрүп жатканын негиз кылган эле.
Эми кайрадан REGNUM агенттиги чыгарган рейтингге келсек. Жадыбалда 100 балл же ага жакын упай ыйгарылган өлкөлөр Москва менен согуштук маанайда экени айтылат. Ал эми 1ден 10го чейинки көрсөткүч жакын санаалаш дегенди түшүндүрөт.
Аталган рейтинг боюнча Орусиядан жүзүн буруп бараткан өлкөлөрдүн сап башында 90 балл менен Украина турат. Киевдин артында Сауд Арабия, Түркия жана Азербайжан урат. Балтика жана Европа мамлекеттери да 60-70 баллдык көрсөткүчтө.
Ал эми Москва менен ымаласын бекемдеп жаткан мамлекеттердин катарына Египет, Иран, Сирия, Израил, Пакистан, Грузия, Армения жана Казакстан кирет.