Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54

Бишкек мэринин бүдөмүк абалы


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын ичинен бийликте жалгыз калган Бишкектин мэри Албек Ибраимов өзүнө козголгон кылмыш ишинде "саясий себеп бар" деп билдирди.

20-июнда Албек Ибраимов жергиликтүү “Апрель” телеканалы менен болгон маегинде мэрдин айланасындагы акыркы кептер шаарды башкаруудагы ишмердүүлүгүнө, инвесторлор менен сүйлөшүүгө терс таасир тийгизип жатканын айтты.​

- Мен көпкө чейин "баары өтөт, алдыга жыла бериш керек" деп үмүт кылгам. "Азыр шаарда курулуш болуп атат, программаны аткарыш керек" дечү элем. Бирок мен акыркы билдирүүмдөн кийин бул текшерүүлөрдө, мамиледе башкача кызыкчылык бар экенин түшүндүм. Ошондуктан ачык эле билдирдим.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү катары Албек Ибраимов экс-президент, партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевге кайрылып, өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө жазган. Анда Ибраимов анын санаалаштарына жана Атамбаевдин командасындагы адамдарга козголгон кылмыш иштеринде "саясий себеп бар" деп билдирген болчу.

Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП партиялаштарынын камалышы боюнча билдирүү таратып, анда экс-президент бул аракеттерди “коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп атаган. Ошондой эле Атамбаев өзү бийликте турган убакта бардык чечимдерди президент кабыл алганын, алар үчүн өзү жооптуу экенин кыйыткан.

Албек Ибраимов да өз кайрылуусуна партия лидеринин атын кошкону ар кандай чечмеленүүдө. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков өзүн чарбакер катары көрсөтүп келаткан мэрдин акыркы саясий билдирүүлөрүн мындайча баалады:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Өз атынан деле билдирип чыкса болот. Мэрлик да саясий кызмат. Ибраимов өз атынан билдирүү тарата албайбы? Атамбаевге айтып жатканы - анын коргоосуна муктаж болуп жатканын ачыкка чыгарууда. Бул Атамбаевдин уруксаты менен кеңешчилери ушундай стратегия ойлоп чыгышса керек. Атамбаевге тийише алышпайт, кол тийбестиги бар. Андыктан "баарын мен кылгам" деп өзүнө алып жатат.

"Дастан" ишканасындагы, “Манас" аба майданындагы жетекчилик кызматтардан кийин коомчулукка таанымал боло баштаган Ибраимов массалык маалымат каражаттарына "жабык" аткаминер катары белгилүү. Бирок мурунку менен кийинки бийликтин саясий тирешинен кийин, шаар башчынын кызматтан кетиши боюнча сөздөр күчөгөн соң өзүнө карата айтылган сындарга жооп берип, коомчулукка көбүрөөк чыга баштады.

Саясат таануучу Марс Сариевдин баамында, Ибраимов кызматта көбүрөөк калууга аракет кылып, саясий айдыңда жигердүү аракеттерге өтүп жатат. Бул - Атамбаев баштаган саясий күчтүн бийликте өз таасирин калтыруу далалаты.

- Атамбаев да колдоо кылып түрткүлөп жатат. Мурун таптакыр аткаруучу катары саясатта жок болчу. Азыр саясатчы болуп баратат. Себеби, аткаруучу катары камалып кетсе позициясы төмөндөп кетет. Ал эми саясат жүргүзүп жатып камалып калсапозиция үчүн деп айтылат, - деди Марс Сариев.

Анткен менен айрым талдоочулардын пикиринде, эртеби-кечпи Ибраимовдун кызматтан кетиши белгилүү болуп калды. Саясий серепчи Турат Акимов учурда Ибраимов мэрлик кызматтан өз арызы менен кетип калса туура чечим болот деп эсептейт:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Ушундай имиштер, шек түшүп жаткандан кийин бул кызматты ээлеп турушу болбойт го. "Тергөө амалдары бүткүчө кызматтан кетип турайын" деш керек. Анан "өзүмдүн адилеттүүлүгүмдү далилдейм, саясатка айландыргым келбейт. Мамилем жакшы болбой жаткандан кийин кетейин" деп чечим кабыл алса туура болот.

"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда сурак берип чыккан. Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалынан пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Албек Ибраимов бул ишкананы 2011-2012-жылдары башкарган. Ал өзүнө коюлган айыпка макул эмес экенин билдирген.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG