Сырттан машине ташып, ортодогу пайда менен үй-бүлө баккан 50-60 ишкер колдоруна “Ишкерлер куурады”, “Өкмөт бизге жардам бер” деген ураандарды кармап, талаптарын бийликке жеткирүүгө аракет кылышты. Баштарына калпак кийип, колдоруна желек кармаган ишкерлердин улам бири журналистке арыз-муңун айтып жатышты. Алардын бири Тилек Кожогулов “Азаттыкка” буларды билдирди:
- Мурда бир машиненин бажы төлөмү 800 доллар болсо, январдан бери 5200 долларга жетти. Ошентип мурда беш миң доллар турган машине азыр бажы, жол чыгымдарын кошкондо 12 миң долларга чыгып кетти. Аны эч ким албайт. Бул жерде көбү насыя алып иштеген ишкерлер. Эптеп үй-бүлөсүн багып жатышат. Биз өкмөттөн бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдырууну өтүнөбүз. Эптеп чек арада турган машинелерибизди киргизип алалы.
Ишкерлердин айтымында, учурда 800гө жакын автоунаа Кыргызстанга өткөрүлбөй, чек араларда кармалып турат жана күн санап алардын унаа токтоочу жайга төлөнчү акысы да өсүп барат. Алар аталган унааларды бажы төлөмдөрүн эски тариф менен төлөп, өлкөгө киргизип кетүүгө үлгүрбөй калышкан.
Бажы төлөмү алты эсе өстү
Өкмөт өткөн жылдын 22-сентябрында чыгарган токтому менен автоунаалардын бажы төлөмүн алгач 10 центке, 1-январдан тарта 50 центке көтөргөн. Ошентип 2005-жылы өндүрүштөн чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 куб сантиметр унаанын бажы төлөмү сентябрга чейин миң доллар болсо, жаңы жылдан кийин 6,5 миң долларга көтөрүлгөн.
Чогулгандар өкмөттөн мына ушул тарифти чек арада турган унаалар өткүчө эскиси менен эсептеп турууну, ал үчүн февраль соңуна чейин убакыт сурашты.
Экономика министри Темир Сариев өкмөттүн жаңы бажы тарифи төрт ай бою коомдук талкууга коюлганын, ишкерлердин кызыкчылыгы да эске алынганын айтат. Анын пикиринде, айрым ишкерлер жаңы жылдан кийин машине кымбаттайт деген ой менен билип туруп тобокелчиликке барышкан.
- Ишкерлердин көбү машинелерди январга чейин жетишебиз деп тобокелге салышкан. Алар жолго декабрь айына чыгышкан. Алар кандай болорун билген. Токтом кокустан эле ишке кирип калган жок да, төрт ай убакыт берилди. Бирок ошого карабай ишкерлердин абалын түшүнүп, азыр маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолун караштырып жатабыз. Бирок өкмөттүн токтомун жокко чыгарып, же мөөнөтүн узартуу мыйзамга каршы келет.
Сариев кошумчалагандай, учурда атайын жумушчу топ бул маселенин үстүндө иштеп жатат жана өкмөт кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.
Кыргыздар эми “Лада” минеби?
Бажы төлөмү кымбаттагандан кийин кыргызстандыктар өздөрү каалаган арзан жана сапаттуу темир тулпар сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашты. Эми авторынокту Орусиянын сапатсыз унаалары басат. Мындай пикирин “Азаттыкка” экономист Азамат Акелеев билдирди. Анын ырасташынча, өкмөттүн тариф саясаты Орусиянын автомобиль өнөр жайын колдоого багытталган.
- Былтыр Казакстанда эң көп ташылып келген машине орустардын "Ладасы" болгон. Эми бизде да ушундай болот. Көп мүмкүнчүлүктү колдон чыгарабыз. Эл арзан жана сапаттуу машине алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Эми Бажы биримдигине киргенден кийин ушундай маселелер биринен сала бири чыга берет.
Анткен менен өкмөттүн бажы тармагындагы жаңы тариф саясаты өлкөдөгү эски унаалардан арылууну көздөйт деп Экономика министрлиги элди ынандырып келет.
Кыргызстан Евразия экономикалык аймагына киргенден кийин өлкөнү Орусиянын автоунаалары каптаары турган иш. Анткени ал жактан кирген унааларга эч кандай бажы төлөмү алынбайт. Маселен, аталган биримдиктеги Казакстанга өткөн жылы 120 миңден ашык орус машинеси кирген. Буга чейин Кыргызстанга жыл сайын жүз миңге жакын автоунаа Америка, Германия, Жапония жана Балтика өлкөлөрүнөн ташылып келчү.