Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:22

Суракматов Бишкектин мэри болуп шайланды


Бишкектин жаңы мэри шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00

Бишкектин жаңы мэри шайланды

Бишкек шаардык кеңеши Азиз Суракматовду баш калаанын мэри кылып шайлады.

Буга чейинки ишмердиги жана бизнеси талкууга түшкөн жаңы мэрге бир гана депутат каршы болду. Жайкы саясий тыныгуу маалында бир айга жакын коомчулуктун талкуусунда болгон Бишкек шаарынын мэрине добуш берүү тез эле өттү.

Мэриянын имаратына депутаттар чогулганга чейин 50гө жакын жарандык активист, шаар тургундары чогулуп, нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар альтернативасыз өтүп жаткан шайлоого жана Суракматовдун талапкерлигине каршы болуп, шаардык кеңештин тарашын талап кылышты.

Акциянын катышуучуларынын бири, жарандык активист Калича Умуралиева буга чейин курулуш бизнеси менен алектенип келген Азиз Суракматов шаар башына келсе мэрдин ыйгарым укуктарын өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн деп чочулайт:

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Шаардык кеңеште жалаң курулуш компаниясы барлар отурат. Эми курулушчу мэрди шайлаганы жатышат. Шаардыктар, жөнөкөй жарандар эмне кылышыбыз керек? Шаарыбыз бетондон курулган "жунглиге" айланып калды. Мыйзамдарда баары жакшы көрсөтүлгөн. Бирок шаардыктар үчүн мыйзам аткарылбайт, жашоону жеңилдеткен эч нерсе каралбайт.

Активисттер Бишкек мэриясынын имаратынын тышында акция өткөрүп жатканда кезексиз жыйынга чогулган шаардык кеңештин депутаттары мэрликке көрсөтүлгөн жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун программасын жалпы жыйында укпай эле дароо добуш берүүгө өтүштү.

Мындай дароо добуш берүүнү шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченко сунуш кылып, көпчүлүк депутаттар аны колдошту.

Депутаттардын мындай чечимине нааразы болгон "Республика - Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Канатбек Музуралиев шаардык кеңеш мэрдин убадаларын албаганына өкүнүч билдирди:

- Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков айткандай, "дежүр адамдар" өздөрүн көрсөтүп калууга, жагынып калууга аракет кылып жатышат. Мен мэрге талапкердин программасын эмес, ал киши журналисттер аркылуу шаардыктарга дагы бир жолу убадаларын эскертсеби деп ойлогом. Бирок бул сунушту колдогондор аз болду.

Бир саатка жетпеген мэр шайлоонун натыйжасында добуш берүүгө катышкан 44 депутаттын 43ү Азиз Суракматовду колдоп, бир депутат каршы болду.

Мэр шайлоого каршы активисттердин акциясы. 8-август, 2018-жыл.
Мэр шайлоого каршы активисттердин акциясы. 8-август, 2018-жыл.

​Социалдык тармактарда айрымдар жаңы мэрге каршы чыккан жалгыз депутат - КСДП фракциясынын мүчөсү, "5-каналдын" мурдагы директору Евгения Бердникова экенин жазып чыгышты. Бирок Бердникова бул маалыматты ырастаган жок.

47 жаштагы Азиз Суракматовду мэрлик кызматка шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуш кылган. Мындай чечимди кабыл алган кеңеш жана талапкер шайлоого чейин кескин сын пикирлерге кабылды.

Буга чейин шаардык архитектура башкармалыгында иштеп, Жогорку Кеңеште депутат болгон Азиз Суракматов баш калаада көп кабаттуу имараттарды курган "Елизавета" курулуш компаниясына тиешеси бар экени белгилүү болгон.

Шаардагы активисттер бул көрүнүштү кызыкчылыктардын кагылышын жарата турган жагдай катары баалап, айрымдары талапкерди каттоодон баш тартууну өтүнүп БШКга да кайрылышкан. БШК бул өтүнүчтү четке какты.

Азиз Суракматов буга чейинки ишмердигинин мэрлик кызматка эч кандай зыяны тийбей турганын билдирүүдө. Ал тиешелүү кайрылууну Борбордук шайлоо комиссиясына жибергенин маалымдады:

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, кызыкчылыктар кагылышы болбогондой шарт түзөбүз. Мен Борбордук шайлоо комиссиясына кат менен кайрылдым. Мэрликке киришкен соң бардык документтерди мыйзамга ылайык жүргүзөм. Ал эми "Елизавета" курулуш компаниясында буга чейин эле иштебей калгам.

Ошондой эле Суракматов өз ишиндеги негизги максаты катары шаардагы коомдук транспорттук маселелерди чечүүгө аракет кыларын белгиледи:

- Бишкек шаарында Советтер Союзунун учурунда 800дөй автобус, 400дөй тролейбус жүрчү. Ошол убактагыдай сандагы коомдук транспорт жүргүзүүгө аракет кылабыз. Муну бир жыл ичинде кылам деп айта албайм. Бирок сатып алууга аракет кылабыз.

Азиз Суракматов буга чейинки мэрлер сыяктуу камалуудан коркпой турганын кошумчалады. Суракматовго чейинки мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов "мыйзам бузган" деген шек менен азыр камакта отурушат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы катары айтылып жүргөн Албек Ибраимовду шаардык кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен 13-июлда кызматтан кетирген эле. Ошондон кийин шаардык кеңеш кийинки мэрликке татыктуу кадрды алып келүүгө убада берген.

Бакыт Рыспаев.
Бакыт Рыспаев.

Эксперт Бакыт Рыспаевдин айтымында, бийлик альтернативасыз шайлоо өткөрүүгө көнүп баратат:

- Эми бул талапкердин шайланары башынан эле белгилүү болгон. Болгону жарандык коом өз үнүн угузууга аракет кылды. Бул кырдаал шаардык кеңештин жалаң бизнестен келген адамдары бийлик көрсөткөн талапкерди колдоого даяр экенин көрсөттү. Атаандаштыгы жок шайлоону "шайлоо" эмес, сылык түрдө "дайындоонун формасы" деп атасак болот.

Суракматовго чейин өткөн айда өлкөнүн түштүк борбору макамы бар Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев да альтернативасыз негизде шайланып келген.

Бишкек мэрин шайлоого каршы өткөн активисттердин акциясынан сүрөт баян. 8-август.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG