Президент болгусу келген 59 кишинин үчөө БШКга аты-жөнү, туулган күнү тууралуу жазылган арызынан башка эч кандай маалымат бере элек. Талапкер болууга талпынгандардын жетөө аял, алтоо пенсия жашында, дагы тогузу убактылуу жумушсуз жана экөө убактылуу тергөө абагында. Президент болуу дымагын билдиргендердин бешөө учурда Жогорку Кеңеште депутат, өкмөт башчы кызматын аркалагандары үчөө. Талапкер болом дегендердин экөө орто билимдүү.
Баш мыйзам боюнча президенттикке 35 жаштан 70 жашка чейинки жарандар гана ат салыша алат. Бирок БШКга 32 жана 34 жаштагы жарандар да арыз тапшырган. Дымактуулардын сакалдуусу 65 жашта. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов талапкерлерди каттоо тартиби боюнча мындай дейт.
- Биз мыйзам боюнча арызды албай койгонго акыбыз жок экен. Критерийге туура келбесе да арызын алып туруп анан себебин негиздеп беришибиз керек. Бир талапкердин жашы жетпейт деп арызын алган эмеспиз. Ал кайра сот аркылуу чечим чыгарып келип арызын тапшырды. Эми ошол эле жоопту кайра жөнөтөбүз. Жумушчу топ түзүлүп, талапкерлерди электен өткөрө баштады.
БШКга арыз жазгандардын арасында “түбөлүк талапкер” атка конгон 62 жаштагы Өмүрбек Бөлтүрүков да бар. Ал алтынчы ирет президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип жатат. Бөлтүрүков буга чейинки шайлоолордо "талапкер" деген статус ала алган эмес. Ал өлкөнү мен гана оңдоп кете алам деп ойлойт. “Бөлтүрүк” дыйкан чарбасынын башчысы үчүн 30 миң кишинин колу, миллион сомдук күрөө же кыргыз тил сынагы “баш оору” деле эмес:
- Тагдыр экен, алтынчы жолу коюп калдым. Биринчи жолу 1995-жылы койгом. Анда жетөөбүз болчубуз. Азыр болсо баары коюп жатышпайбы. Кыргыздар айткандай, "иттин уулу байгара" деле коюп жатат. "Мен ага караганда Бөлтүрүктүн баласымын да" деп тамашалап коем. Мурда 65 жашка чейин эле талапкер болсо болот эле. Эми 70 жашка чейин мүмкүнчүлүк бар, буюрса.
Рекорд койгондордон Бөлтүрүков жалгыз эмес, Турсунбай Бакир уулу да алтынчы ирет аттанып жатат. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева төртүнчү ирет, Акбаралы Айтикеев үчүнчү жолу талапкерлигин көрсөтүп жатат. Экиден көп жолу талапкерликке ниеттенип жаткандар булар менен эле чектелбейт.
Академик Жамин Акималиев президенттик шайлоону эрмектегендерге нааразы. Анын ою боюнча талапкерлерди билими, жашы, соттуулугу боюнча электен өткөрүп, андан соң гана БШК каттоого алышы керек:
- Соттолгон кишилер президент болом деп катталып жатышат. Соту жүрүп жаткан кишилер, түрмөдөн чыккандары да жүрөт. Мыйзамды жакшылап карасак жакшы болот эле. Талапкерлерди конкреттүү критерий менен иргеш керек. Азыр деле 59 адамдын жарымын электен өткөрүп тизмеден чыгарып койсо болот. Келечекте мыйзамдарды кайра иштеп чыгыш керек. Анткени мамлекет башчысына талапкер болуу оюнчук эмес да.
Мамлекет башчынын кызмат ордуна ат салышып жаткандардын арасында жарандык коомдон 29 киши бар. Алардын катарындагы Рита Карасартова талапкер болуу деле чоң сыноо экенин айтууда.
- Кыргыз тил сынагы, 30 миң кишинин колу, миллион сомдук күрөө – бул үч тепкич деле оор сыноо экен. Менимче талапкерлердин көбү ушулардан деле өтпөйт. Чыныгы талапкерлер аз эле калат. Айрымдар балким элге таанылуу үчүн же кайсы бир саясатчы менен биригүү үчүн талапкерлигин коюп жаткандыр.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соңку маалымат жыйынында талапкерлердин 11инде буга чейин кылмыш иштери болгонун, айрымдары эки ирет соттолгонун билдирди.
Боршайком шайлоо бюллетенине кирчү талапкерлердин так тизмесин 10-сентябрда жарыялайт. Ага чейин талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын, миллион сом шайлоо күрөөсүн жана кыргыз тилден сынак тапшырышы керек. Мындан сырткары талапкердин соттуулугу жок болуп, акыркы 15 жылда Кыргызстанда жашап-жашабаганы эске алынат. Президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкер болом деп 89 жаран арыз берген болчу.