БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматовдун "Азаттык" радиосуна маалымдашы боюнча, 15-октябрда болуучу президенттик шайлоодо участоктон тышкары добуш берүү жөнүндө арыз менен 22 миң 821 жаран кайрылган.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча акыркы тизмеге 3 млн 25 миң 770 шайлоочу катталган. Булардын ичинен 314 миң жаран форма №2 менен шайлоого катышары кабарланган.