Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

“Белизгейт” жаңжалы кайрадан иликтенет


"Белизгейт" чыры парламентте
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:22 0:00

"Белизгейт" чыры парламентте.

"Белизгейт" жаңжалы кайрадан иликтенери парламент жыйынында айтылды. Ага ылайык, Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатат.

Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жыйынында эң көп айтылган сөз кайрадан "Белизгейт" болду.

Мындан эки жыл мурда да парламентте дал ушул өлкөнүн аталышы аталып, анда "Ата Мекен" партиясынын үч депутаты Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова баш каарман болгон эле. Ал кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев Белизден келди деген документке таянып, үч саясатчы "Альфа Телеком" компаниясынын акцияларын сатууга ниеттенген деп жарыялаган.

Бирок бул ирет парламентте “атамекеменчи” саясатчыларга караганда Абдил Сегизбаевдин ысымы көп аталды.

Буга УКМКнын учурдагы жетекчилигинин "Альфа Телеком" компаниясы боюнча Белизден эч кандай расмий документ келбегенин ачык жарыялаганы себеп болду.

Аталган комитеттин төрагасы Идрис Кадыркуловдун айтымында, бир кезде Сегизбаев айткан расмий документ азыр табылбай жатат:

- 2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин Белиз мамлекетинен "Мегаком" компаниясынын акциялары боюнча трасттык документтердин УКМКнын дарегине расмий түрдө келип түшпөгөнү жана бул документтер УКМКда катталбаганы аныкталды.

Анткен менен Белизден келди делген документтин көчүрмөсү Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн экен. Анын негизинде Башкы көзөмөл органы териштирүү баштап, бирок быйыл июль айында токтотуп койгон.

Эми "Белизгейттин" жаңы жагдайлары белгилүү болгондон кийин иш кайрадан териштирилип жатканын башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дүйшөмбиев билдирди:

- Быйыл 31-июлда бул факт боюнча иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, кылмыш ишин козгоодон баш тартканбыз. Бирок 18-сентябрда Башкы прокуратуранын тиешелүү башкармалыгы бул иштин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугун карап чыгып, мурдагы токтомду жокко чыгарды. Эми кошумча текшерүү жүрүп, анын жыйынтыгы менен жаңы юридикалык баа берилет.

Бул териштирүүнүн жыйынтыгын күтпөй туруп эле депутаттар жаңжал боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууга чакырышты.

Маселен, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Сегизбаев парламентке жалган маалымат бергени үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деген пикирде:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Сегизбаев биз «кана кагаз?» деп сураганда «кагаз бар» деп турган. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган чоң күнөө коюлган. “Мамлекеттик мүлктү сатканга аракет жасады. Мына, далил болгон кагаз” деп айткан. Бул жерде кылмыштын толук аракети көрүнүп турат. УКМКнын мурдагы башчысынын үстүнөн иш козгош керек. Жок дегенде "Жогорку Кеңешке калп маалымат бергени үчүн" деп. Бул чоң кылмыш. Тезирээк чара колдонуш керек.

Дал ушундай эле позицияны колдогон "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиевдин божомолунда, УКМКнын мурдагы төрагасы “Белизгейт” боюнча жалган документти жашырыш үчүн материалдарга “жашыруун сыр” деген гриф ыйгарып койгон.

- Жасалма документти көтөрүп чыккан. Бирок кийин бирөө көтөрүп чыгышы мүмкүн экенин билип, атайын “жашыруун сыр” деген гриф берип койгон. Башкы прокуратура, УКМКнын азыркы жетекчилиги да мындай документтин келбегенин ачык айтты. Ошондуктан, бул боюнча козголгон ишти "жашыруун" деп, көпчүлүктүн бул тууралуу билбей калышын каалаган.

Чынында эле Башкы прокуратуранын өкүлдөрү УКМК жөнөткөн ишке "өтө жашыруун" деген макам ыйгарылганы үчүн көп маалымат ачык айтылбай жатканын билдирген. Эми депутаттар “жашыруун” деген грифти алып салууну сунуштап жатат. Бул үчүн УКМК атайын комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл.

Бирок бул маселе боюнча чукул жыйынтык чыгарбоого чакыргандар да табылды. Депутат Рыскелди Момбеков соттун чечими жок туруп, Сегизбаевди бир тараптуу күнөөлөбөй турууга чакырды:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- “Белизгейт” боюнча маселе болуп же болбогону аныкталып, жанагы апостилдерди экспертиза жокко чыгарса, соттун чечими чыкса гана Абдилди керек болсо атып салгыла, асып салгыла. Азыр эч нерсе жок туруп эле кылмыш ишин козгош керек, КТР төгүндөө үчүн мынча убакыт бериш керек деп айтып жатасыңар. Ал боюнча сот чечим чыгарыш керек. Бул жерде өзүбүз эле сот болгонубуз туура эмес.

Буга чейин Абдил Сегизбаев "Азаттыкка" берген маегинде, "Белизгейт" боюнча документтер оперативдик жол менен түшкөнүн ырастап, депутаттарга жооп кайтарган:

- Бул документтер учурунда ыкчам жол менен колубузга түшкөн. Ошол учурда "Мегаком" боюнча коррупциялык схемалар 2010-жылдан бери болгону бизге белгилүү болуп калган. Андан кийин бул документтер ошол коррупциялык схемалар орун алганын тастыктаган бир элемент катары кабыл алынган. Ал жөнүндө президентке кирип, ыкчам маалыматтар бизге түштү, ушунун негизинде текшерүү өткөрөлү деп сунуш кылганбыз.

Бирок Сегизбаев УКМК Белиз өлкөсүнө кайрылганда бул маалыматты төгүндөгөн да, ырастаган да жооп келбегенин кошумчалаган.

Ошентип эки жыл өткөн соң "Белизгейт" кыргыз парламентинде кайрадан башкы маселеге айланды. Бул ирет ал кезде айыптуу катары көрүнгөн "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү актыгын далилдегенин айтышууда.

Анткен менен эксперттер Кыргызстанда тез өзгөргөн саясий абалдан улам кимдин жеңүүчү болгонун азырынча айтуу кыйын экенин белгилешет. Бирок депутаттар да, саясат таануучулар да бул окуя азыркы бийлик үчүн жакшы сабак болушу керек экенин эскертишүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG