Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:24

Сөгүндү деген мэрдин ишин комиссия иликтейт


Балыкчынын азыркы мэри Алмаз Мамбетов (солдо) жана мурунку шаар башчысы Сатыбек Шамшудинов.
Балыкчынын азыркы мэри Алмаз Мамбетов (солдо) жана мурунку шаар башчысы Сатыбек Шамшудинов.

Балыкчы шаарынын мэрине байланышкан маселени атайын комиссия териштирип жатат.

Буга Балыкчы шаарынын мэри делген адамдын сөгүнүп, одоно сөздөрдү айткан телефон сүйлөшүүсүнүн аудиотасмасы интернетке тарап кетиши негиз болду. Мэр өзү ал боюнча пикирин билдире элек.

Балыкчынын азыркы мэри Алмаз Мамбетов менен мурунку шаар башчысы Сатыбек Шамшудинов делген адамдардын телефон сүйлөшүүсүнүн интернетке тарап кеткен аудиокөчүрмөсүндө орой жана оозго алгыс сөздөр айтылган. Чырды жаздырып алып, интернетке тараткан Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудинов өзү болгон экен. Азыркы мэрден мурда шаарды бир жыл башкарган Шамшудинов жаңжалдын чоо-жайын айтып берди:

- Бул аудиону мен жаздырып алгам. 10-июль күнү 21.00 чамасында болгон. Сүйлөшүүдөгү келишпестик Балыкчы шаардык кеңешине жолдомо кат болгон. Ал жерде мэр бир жылдык отчетун берсин деген кайрылуу болгон. Анан “ошол кайрылууга сиз эмнеге кол койгонсуз?” деп мага коркутуу иретинде телефон чалып жатат.

Сатыбек Шамшудинов телефон сүйлөшүүлөрдү териштирүүнү сурап Балыкчы шаардык милициясына, сотко, президентке, премьер министрге, Жогорку Кеңештин төрагасына кат жүзүндө кайрылганын, азырынча жооп келе электигин айтты:

- Жооптору келе элек. Кат жүзүндө кайрылганбыз. Анан жыйынтык чыгабы деп интернет баракчаларына бергенбиз.

Телефондогу сүйлөшүү учурунда опузалаган, орой, оозго алгыз сөздөрдү айтты делген азыркы мэр Алмаз Мамбетовдун окуя боюнча пикирин билүүгө мүмкүн боло элек. Балыкчы шаар мэриясынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев мэр кадимкидей эле иштеп жатканын айтып, ал окуя боюнча эч кандай реакция кыла электигине токтолду:

- Күндөгү режим менен иштеп жатабыз. Мэр бүгүн аппараттык чогулуш өткөрдү. Пландалган жумуштар боюнча иштеп жатабыз. Бул боюнча мэрдин атынан же мэриянын атынан реакция кыла элек.

Ал арада эки мэрдин телефондогу кайым айтышуусун иликтөөчү этикалык комиссия куралганын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

- Азыркы тапта изилдөө болуп жатат. Чын эле ошол Алмаз Мамбетов сүйлөгөн сөзбү же башка кишиби, карайбыз. Эми үн өзгөрүү деген да маселелер болот да. Ошол үчүн бул тастыкталсын, иш аягына чейин чыккандан кийин анан биз жообун беребиз, - деди өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев.

Мэрге таандык деп саналган интернеттеги аудиого карата оюн биринчилерден болуп жаш активист Мавлян Аскарбеков айтып, мамлекеттик кызматкердин этикалык жүрүм-турумун сындап чыкты: ​

- Деңгээлин өздөрү көрсөтүп жатпайбы. Мына, бир шаардын мэри айтып атат “мен өзүм билем, бул менин шаарым, бул жерде мен мэрмин, урганым жок силерди” деп. Эми айтпай эле коёюн башка сөздөрүн.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин оюнча, шайлоо аркылуу келген шаар башчысынын мындай аракеттерин сот гана таразалай алат:

- Бул жалпы коомдун оорусу болуп турат. Бүгүнкү күндө сый-урмат жоголуп жатат. Эми жоопкерчиликке кантип аны тарта алабыз. Эгер шайланган адам болсо тарта албайбыз. Бир гана шайлоочулар мөөнөтү бүткөндө шайлабай коюшу мүмкүн. Башкача жолу жок, башкача жолу капа болгон киши сотко бериш керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин башка бир депутаты Садык Шернияз болсо экинчи тарапты да акыйнек айтышууну жаздырып алганы үчүн актоого болбостугун белгиледи:

- Эгерде эл арасында ошентип сүйлөшүп жатса, анда туура болот эле. Ал эми телефондон жазып алыптыр. Ошол жазып алган кишиге ким баа берет. Ушул маселе да бар да бул жерде.

Садык Шер.
Садык Шер.

Алмаз Мамбетовду Балыкчы шаар мэрлигине шаардык кеңеш 2016-жылдын май айында шайлашкан. Ал мурда тышкы иштер министрлигинде, Бишкек шаар мэриясында иштеген.

Буга чейин ушундай эле телефон аркылуу жашыруун жаздырып алынып, интернетке тараган аудиотасмага байланышкан жаңжал Жогорку Кеңештин депутаты менен журналисттин ортосунда чыгып, ага тиешелүү тараптар кандай баа бергени беймаалым калган.

XS
SM
MD
LG