26-ноябрда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын футбол калыстарынын жыйыны өтүп, ал жыйында Бахадыр Кочкаров футболго кошкон салымы үчүн ыраазычылык кат менен сыйланды.
ФИФАга жол тапкан кыргыз калысы
Эл аралык футбол федерациясынын калысы Бахадыр Кочкаров эмгек жолун 1997-жылы баштаган. Ал өзбекстандык ФИФАнын калысы Равшан Ирматовдун бригадасында 2010-жылы Түштүк Африка өлкөсүндө өткөн дүйнө чемпионатында беш оюнда, 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында 4 оюнда калыстык кылып, жалпы 9 оюнду тейлеген.
Андан сырткары Лондон олимпиадасы, Азия оюндары, Азия чемпионаттарын кошкондо 400дөн ашуун эл аралык оюнда калыстык кызматты аткарган.
Спорт журналисти Адилет Керимбеков Ош шаарында туулуп өскөн эл аралык адис мындай ийгиликке карандай мээнети, талбаган эмгеги менен жетти деп эсептейт:
- Кочкаровдун ФИФА калыстар арасында өз орду бар. Кыргызстандык калыстын ушундай бир деңгээлге жетиши Кыргызстандын футбол дүйнөсүндө өзүнүн орду бар экенин көрсөтөт. Биздин футбол боюнча улуттук курама командабыз дүйнө чемпионатына катыша албаса да, кыргызстандык калыс дөө-шаа командалардын оюндарында кызмат аткарды. Футболдук беттеш башталаарда футболчуларга кошуп, калыстардын да аты-жөнүн, кайсы өлкөдөн экенин экранга жазып көрсөтүшөт. Кочкаров өз эмгеги менен миллиондогон футбол сүйүүчүлөрүнө Кыргызстанды таанытты. ФИФА мындай дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү мелдештерге мыкты калыстарды гана тейлегенге чыгарат. Кочкаров дүйнө чемпионатында тогуз оюнга калыстык кылып, футбол калыстар тарыхында жаңы рекорд жаратты. Бул эң мыкты жетишкендик жана кыргыз калыстарынын Азия чөлкөмүндө мыктылардын катарында экенинин белгиси.
Акыркы оюн
ФИФА калысы Бахадыр Кочкаров 49 жашта. Ал ноябрдын башында Тайванда 19 жашка чейинки курама командалардын арасында өткөн Азия чемпионатынын тандоо оюндарында кызмат өтөдү. Бул анын калыстык карьерасындагы тейлеген акыркы оюну болду.
ФИФА калысы карьерасын жыйынтыктаса да, футболдон алыстабай турганын “Азаттыкка” билдирди:
- Кудай мага ушундай команданы бергени үчүн миң мертебе ыраазымын. Адам сый келип, сыйы менен кетиши керек, мен ушундай чечим кабыл алдым, – деди Бахадыр Кочкаров. - Мен футболдо калам. Футбол жана ФИФА мени ушундай даражага жеткирди. Эгер мен футболдон баш тартып, жүз буруп кетсем туура эмес болот. Андыктан өз тажрыйбам менен бөлүшүп, жаш калыстарды даярдагым келет. ФИФАга, өз өлкөмө, Кыргызстандын футбол федерациясына, командама, футболду сүйгөн ар бир адамга ыраазычылыгымды билдирем. Мен футболду аябай сүйөм. Футбол - менин жашоом. Эми футболдун башка тармагында да өз өлкөм үчүн пайда келтире берем деген ойдомун.
Бахадыр Кочкаров мындан ары футбол калыстарынын ишмердүүлүгүнө көз салган (футбол калыстарынын инспектору) кызматты аркалаарын билдирди. Ал үчүн атайын окуудан өтүп, 2020-жылдын жай айларында сынак тапшырат.
Кыргызстандын футбол федерациясынын баш катчысынын орун басары Нурдин Букуев Бахадыр Кочкаров кыргыз футболу үчүн баа жеткис адис экенин белгилеп, жаш калыстарды тарбиялоодо салымы чоң экенин айтты.
- Бахадыр Кочкаровдун кыргыз футболуна салымы өтө чоң. Ал калыстык кызматты аркалап тим болбостон, ишмердүүлүгү учурунда бир топ жаш калыстарды тарбиялап, мураскерлерди калтырды. Эми ал калыстык карьерасын жыйынтыктаганы менен жаш калыстарды өстүрүүдө, футбол тууралуу тажрыйбасы, билими менен бөлүшүп, өзүндөй мыкты калыстарды тарбиялаганга жардам берип, салымын кошо берет деген үмүттөбүз.
Бахадыр Кочкаров 2015-жылы Кыргызстандагы футболдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Даңк” медалы менен сыйланган.