Бири бүтүрүү кечесинин шаан-шөкөтүн, экинчиси жогорку окуу жайды, келечек кесибин ойлонуп турган учуру. Бирок жогорку окуу жайды бери кой, "мындан кийин кайда барам? Кантип жашайм? Келечегим кандай болот?" деген суроолор жүрөгүн өйүп турган бүтүрүүчүлөр да бар. "Азаттык+" бүгүн балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жөнүндө кеп кылат.
Орто билим алгандан кийин балдар үйүндө тарбияланган улан-кыздар өз алдынча кетүүгө мажбур. Бирок алардын көпчүлүгү буга даяр эмес. Адистердин белгилешинче, алдардын арасында жашоодон ордун таба албай калгандары көп. Маселен, 2013-жылы “Биздин добуш” коомдук фонду изилдөө жүргүзүп, сойкулук менен алектенген 118 кыз менен сүйлөшүп көрүшкөндө, алардын 74ү балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү болуп чыккан.
Чыкыйган көйнөк, классика стилиндеги кийим, кеңседеги жумуш. Юрист болом деген Кристина бир учурда келечегин ушинтип элестеткен. Бирок ал азыр сулуулук салонунда маникюр жасайт. Кристина Бишкектеги "Светлый путь" балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү.
Жылына бул балдар үйүн онго чукул бала аяктайт. Мекеме алардын дээрлик баарын жумуш менен камсыздай албаса да, айрымдарын тааныш-билиш менен болсо да жумушка орноштурат.
Өз алдынча жумуш таппай, коом менен аралаша албаганы кайрадан балдар үйүнө келип иштешет. “Светлый путь” балдар үйүндө ушул тапта 50дөн ашык бала тарбияланат. Мындагы чач тарач, дене тарбия сабактарын мекеменин бүтүрүүчүлөрү окутушат.
Балдарга тигүүдөн сабак берген Наталья он жыл мурун бул окуу жайды аяктап келген. Алгач башка бүтүрүүчүлөрдөй бир топ урунуп-беринип, кыйынчылыкка туш болот. Кийин өз үйүнө айланган балдар үйүндө иштеп калат. Бирок бардык эле бүтүрүүчүлөр жардам сурап кайрылбайт, айрымдарынын коом менен аралашуусу кыйын болот. Мындан улам адистер бүтүрүчүүлөрдү адаптациялоочу атайын мамлекеттик программа керектигин айтышат.