Ошондой эле коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү активдүү жаштар менен студияда талкуулады. Жыл ичиндеги берүүлөрдүн айрымдарын чогуу эстейли. Бейбаш жаштардын жүрүм-турумун кантип оңдоого болот? Бул көрүнүш мыйзамдын жумшактыгы же тарбиянын жоктугунан кабар береби? "Азаттык+" мына ушундай коомдук жайда өзүн алып жүрүүнү билбеген жаштар жөнүндө талкуулаган.
Ал эми шарты катаал, тоолуу Нарынга болгон сапарыбызда тоодо топоз кармап оокат кылган тоолуктар, өмүрүн тобокелге салып, бийик тоодон алтын казгандардын жашоосун көрсөткөн. Айганыштын аянычтуу өлүмү, иштейм деп кетип "кылмышкерге" айлангандар, темир тор артындагы мигранттар да биздин берүүдө.
Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит айылы жөнүндөгү программа кызыктуу чыгарылыштардын катарына кирген. Аталган айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюлдук байланыш дагы жакшы тартпайт.
Жыл аяктап баратканда тарткан кайрымдуулук жөнүндөгү программа дагы кызыктуу болду. 2015-жылы британиялык Charities Aid Foundation фонду Кыргызстанды берешен, кайрымдуу өлкөлөрдүн катарына киргизген. Бул берүүдө кайрымдуу, берешен адамдарды көрсөткөн.