Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Ыраакы Чыгыштан ысык салам


Сүрөттө: Хабаровсктогу кыргыздар Нооруз майрамын белгилешүүдө
Сүрөттө: Хабаровсктогу кыргыздар Нооруз майрамын белгилешүүдө

Кыргызстандан 7000 чакырым алыс жайгашкан Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск өрөөнүндө соңку маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын саны алты миңге жетет.

Биз барган Хабаровск өрөөнүнүн борбору Хабаровск шаары эл аралык Темир жол жана авиатранспорттук жолдорунун кесилишинде, Амур дарыясын бойлой Кытай чек арасына жакын жайгашкан. Өзгөчө географиялык жайгашуусуна жараша 2010-жылы Хабаровск “Форбс” журналынын рейтинги боюнча Орусиядагы бизнести өнүктүүрүгө шарты бар шаарлардын ичинен экинчи орунга татыган.

Айтмакчы, Орусиянын эң ири 5000 рублинде дал ушул шаардагы Граф Муравьев Амурскийдин эстелиги жана "Амур керемети" деген эки кабаттуу көпүрөнүн сүрөтү тушүрүлгөн. Хабаровск бир гана транспорттук байланыш эле эмес, эл аралык экономикалык да борбор. Жыл сайын шаарда тышкы экономика саясатын жүргүзгөн ишканалардын саны көбөйүүдө.

Ишкерлер сексенден ашуун өлкө менен соода алака түзүп келет. Кыргызстандан 7000 чакырым алыс жайгашкан Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск өрөөнүндө соңку маалыматтар боюнча кыргызстандыктардын саны 6000ге жетет. Алардын дээрлик баары бир учурда каражат табуу кыялын ишке ашыруу үчүн мекенден алысташкан.

Ыраакы Чыгыштан ысык салам
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:11 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG