Адистер азыр маалымат технологияларын колдонуп билим берүү окуучулардын билим сапатын жогорулатып, окууга кызыгуусун арттырат дешүүдө.
“Азаттык+” бул жолку көрсөтүүсүндө билим берүүдө колдонулуп жаткан маалымат технологиялары тууралуу сөз кылды. Интернет, технологиялар, чөнтөк телефон, компьютер жана планшеттер биздин жашоого ыкчам аралашкан мезгилде заманбап билим алуучуга саргарган кагаздар кызык болбой калганы айкын.
Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов мектеп-лицей-интернаты “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Кагазсыз мектептер” долбооруна кирген. “Кагазсыз мектептер” долбоору жөнүндө кыскача жалпылап айтканда мектептеги бардык иш кагаздарын электрондук вариантка өткөрүлгөн. Ошол журнал, күндөлүк, сабактардын тизмеси, мектеп гезити, календардык пландары, мектептин уставы жана башка ченемдик-укуктук документтердин баары мектептин сайтында жайгашкан.
Жаңы технологиялар доорундагы билим алуу (2)
Жаңы технологиялар доорундагы билим алуу (3)