Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019
Алмазбек Атамбаев. 3-июль, 2019

Бийликке каршы митингдин алты талабы

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлеринин бийликке каршы митинги аяктады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы митинг өткөрүштү.

«Соке болбой калды» аттуу акцияда «Эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин!» деген чакырык ташталып, бийликке талапты аткарууга эки айлык мөөнөт берилди.

15:44 3.7.2019

"Медиа-Форум" алдында өтүп жаткан митинг. (Түз эфир)

15:42 3.7.2019

1-июлда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов тургундарды митингдерге катышуудан баш тартууга чакырган. Эл арасында ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү райондук администрация жетекчилерине, квартал башчыларга жана үй комитетинин башчыларына тапшырганы тартылган видеону 24.kg агенттиги жарыялаган.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыраткан. Бул чечим укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат. Бийлик Атамбаев жана анын тарапкерлеринин митинги тууралуу маалыматына расмий комментарий бере элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Суусамырда Кожомкул балбандын 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды.

XS
SM
MD
LG