Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17
Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мурдагы президент Атамбаев кармалды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды (видео)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Аны Кой-Таштан Кант аркылуу Бишкекке алып келишти. Акыркы маалыматтарда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда кайра башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

19:30

Мурдагы президент Атамбаев кармалды

Бир катар маалымат каражаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түшкөнүн кабарлашты. Азырынча бул маалыматты расмий органдар ырастай элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн, 8-августта саат 16ларда башталган. Милиция темир дарбазаны чопкутталган машине менен сүзүп кирип, Атамбаевдин тарапташтарын короодон сыртка сүрүп чыгарган. Анда кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулганын «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлаган.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Операция учурунда күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлери кагылышып, бир нече киши жабыркады. Алардын арасында атайын кызматтын аскерлери жана милиция кызматкерлери бар. Кагылышта башына таш тийип, оор жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго эки жолу операция жасалды. Азырынча ал эсине келе электигин дарыгерлер билдирип жатышат. Күч түзүмүнүн бир өкүлү курман болду.

Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгоп, ИИМ сотко чейинки тергөө амалдары башталганын билдирди.

19:44

Ооруканаларга жабыркап түшкөндөрдүн аягы токтой элек

Саламаттык сактоо министрлигинин 18:50гө карата берген маалыматына караганда, Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жараат алган беш киши келип түштү. Алардын арасында ок тийген күч түзүмдөрүнүн төрт өкүлү бар. Бирөө жөнөкөй жаран, ал кулак тундуруучу гранатадан жабыркаган. Бардыгынын абалы туруктуу.

19:25

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө тиреш уланууда.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү Атамбаевдин үйүнө киришти. Бирок ичинде ким бар-жогун айтпай жатышат. Операцияга 1,5-2 миңдей милиционер катышууда.

19:25

Күч түзүмдөрү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө киришти, бирок ал чыга элек

Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) күчтөрү Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө киришти. Бирок алар үйдүн ичинде ким бар-жогун айтпай жатышат. Уюктук жана Интернет байланышы жок. Күч түзүмдөрү Атамбаевдин тарапташтарын көздөш жаш чыгаруучу газ жана башка атайын каражаттар менен качырышты.

Окуя болгон жерде «Тез жардам»​ машинелери жүрөт.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн анын тарапташтарын айдап чыгышканы менен, Кой-Таштын кире беришинде адамдар күч органдарынын өкүлдөрүнө дагы эле таш ыргытып жатышат. Күч органдары атайын каражаттарды колдонууда.

Үй тарапка ӨКМдин кызматкерлери атайын техника менен келишти, бирок эмнени ачары белгисиз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG