Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

Сот өкүмү мандатсыз калтырабы?


Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова.
Депутаттар Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова.

Райондук соттун чечиминен кийин депутаттар Алмамбет Шыкмаматов менен Аида Саляновага чыккан соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кириши мүмкүн.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду эркиндикте калтыруу менен аны 5 миллион сом айыпка жыкты. Ал Кылмыш кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп табылды.

Шыкмаматов: мага мандат маанилүү эмес

Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова “Азаттыкка” маалымдагандай, райондук соттун чечими шаардык соттун өкүмүнөн кийин гана күчүнө кирет. Эгерде шаардык сот актабаса, “атамекенчи” Шыкмаматов “соттуулугу бар” кишилердин катарына кирип калат.

- Шаардык соттон Шыкмаматов толук акталбай, эгерде азыркы өкүм мыйзамдуу күчүнө кирсе, анда депутаттык мандатынан дароо ажырайт. Себеби Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда соттуулугу бар адамга депутат болууга тыюу салынган.

Принцип үчүн бардык инстанцияга, эл аралык сотко да кайрылам.
Алмамбет Шыкмаматов

​​Алмамбет Шыкмаматов шаардык соттон да акталарына көзү жетпейт. Өзүнө козголгон кылмыш ишин бийликтин каалоосу деп эсептеген депутат актыгын далилдеп, акыйкаттыкка жетиш үчүн эл аралык сотко чейин даттанууну көздөп турат:

- Кеп депутаттык мандатта деле эмес. Мен мандаттан ажырасам эле саясаттан четтеп калмак белем. Мен көчөдө жүрүп деле саясатта болом. Коомдо болуп жаткан көйгөйдү атуул катары деле көтөрө берем. Азыркы сот процесси тууралуу айтсам, принцип үчүн бардык инстанцияга, эл аралык сотко да кайрылам.

Жакын арада депутаттык мандатынан ажырап калчулардын катарын дагы бир “атамекенчи” депутат Аида Салянова толукташы мүмкүн. 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту депутатты беш жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган.

Учурда Салянованын иши шаардык сотто каралып жатат. Депутаттын тарапкерлери "сот иши саясий буйрукка ылайык жүрүп, шаардык соттун төрайымы Наталья Воронцова бардык сотторго басым жасап жатат" деп айтып чыгышты.

Ал эми мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына "саясий куугунтук жок" деген ишенимде.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

- Ооба, бул жерде “саясий куугунтук” жок, болгону саясат бар. Бул адамдар маалында ар кандай кызматта иштеп жүргөндө таза болушу керек эле. Мен мактанбайм, бирок омбудсмен болуп беш жыл иштеп, мыйзамсыз ишке жол берген эмесмин. Бул жерде “Ата Мекендин” депутаттарын алсыратуу боюнча бийликтин саясаты деле жок. Анткени бийликтин фракциясы ансыз деле көпчүлүктү түзөт. “Ата Мекендин” сегизге чукул эле депутаты калды, алар чечим кабыл алууда эч нерсени деле чечпейт.

21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин арызын карап, аны сегиз жылга кесүү тууралуу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Анын негизинде өткөн жумада Боршайком Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты. Ушуну менен Өмүрбек Текебаев 6-чакырылыштагы парламентте “соттуулугуна” байланыштуу мандатынан ажыраган алгачкы депутат болуп калды.

Эгерде Шыкмаматов менен Саляновага байланыштуу жүрүп жаткан соттук териштирүү райондук соттун өкүмдөрүн күчүндө калтырса, бул эки депутат да мандатынан ажырап калышы мүмкүн.

Чудинов, Исаев чек эмес...

Ушундай эле жагдайга бир күн мурда айдоо жерди трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ири айыпка жыгылган "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү Игорь Чудинов да кириптер болушу мүмкүн.

Ал эми “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен октябрь айында камакка алынганы белгилүү.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай коррупцияга каршы күрөш деген негиз менен кармалып, камалып жаткан депутаттардын басымдуу бөлүгүндө саясий мотив бар деп эсептейт. Муну талдоочу төмөнкүдөй негиздеди:

Сейтек Качкынбай.
Сейтек Качкынбай.

- Өзгөчө президенттик шайлоодон кийин авторитардык тренд катуу байкалды. Айрыкча шайлоодо бийлик партиясына салым кошпой, сын айткан адамдар чабуулдун объектиси болуп калды. Бул жерде мандатынан ажыратпаса деле, депутаттардын демин басуу айдан ачык көрүнүп турбайбы. Алсак төрага Чыныбай Турсунбеков кызматтан дароо алынды, андан кийин оппозициядагы биринчи оппоненти болгон “Република – Ата-Журттун” лидерин алмаштырды. Ушул эле фракциядан вице-спикер Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алышты. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын ичине өз депутаттарынан оппозиция түзүп, фракция лидери Бакыт Төрөбаевге басым болуп жатканын кантип танабыз?

Сейтек Качкынбай саясатта парламенттеги сынчыл депутаттарды алсыратуу аркылуу бийликти бир колго топтоо жараяны жүрүп жатат деп эсептейт.

Учурда кылмыш иши козголгон депутаттардын катарында коалициялык көпчүлүктөгү "Бир Бол" фракциясынан депутаттар Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров, КСДПнын өкүлү Музафар Исаков да бар. Бирок аталган депутаттарга байланышкан акыркы иш эмне үчүн токтоп турганы тууралуу маалымат таратыла элек.

Жалпысынан 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште жети эл өкүлүнө кылмыш иши козголуп, бирөөнө чыккан өкүм толук күчүнө кирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG