1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урманбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кирген. Ал согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы бутунан жарадар болуп, үч айдан кийин бутун кесип салышкан.
Ал 19 жашында согушка аттанып, майдандагы каармандыгы үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Ардагер экинчи топтогу майып экендигине карабай шайдоот жана алдыда жасайм деген иштери көп.
- Майданда 1943-1945-жылдары болдум. Аскерге чакырылганда мен болгону 19 жашта элем. Эми согуш жөнүндө айта берсе узун сөз. Мына, бул буттун бирөө ошол кан майданда калган. Украинанын, Беларустун аймактарында согуштук. 1943-жылы декабрь айында полктун командиринин буйругу менен чалгынга чыгып, эки жоокер болуп душмандын ар кандай аскердик жүк жүктөлгөн 75 автомашинасын колго түшүрдүк.
Асек Урманбетов аксакалдын айтымында, чабуулга өткөн немис автоматчыларынын мизин майтарып, пулемотко каршы жалгыз салгылашууга туура келген. Анын натыйжасында он фашисттин айрымдары жаракат алса, кээ бири жок кылынган. Бул өз кезегинде советтик аскерлердин чабуулга өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берген. Ардагер майдан тууралуу кебин мындайча улады.
- Аскер аба күчтөрүндөгү зениттик полкто кызмат өтөдүм. Куйбышевдеги маанилүү заводдорду кайтарчубуз. Милдетибиз - немистердин самолетторун заводго жолотпой, аткылап туруу. 9-майды Чехословакиядан тостум. Эртең менен мылтык үнүнөн чочуп ойгонсок, элдин баары сүйүнүп, жеңишти белгилеп жатыптыр. 12-майда биздин полкту Жапонияга жиберди. Жапонияда бир тилкеге мина көмүп, үстүнө чүпүрөк таштап коет экен. Аны зыянсыздандырабыз деп далай кишилерибиз жарылып өлдү.
Асек Урманбетовго 2005-жылы Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы берилген. Анткени ал маданият тармагына ат көтөргүс салым кошкон экен.
- Үйгө кайткан соң Борбордук комитетте, профсоюзда иштеп жүрдүм. Кийин Турдакун Усубалиевдин аялы Г.Айтиев атындагы музейге ишке чакырды. Ал ошол жерде директор болчу. Музейде 31 жыл эмгектендим. Кыргыздын көөнө мурастары болгон буюмдарды чогулттум. Азыр мен жыйнаган үч миңдей буюм музейде турат. 1998-жылы пенсияга чыктым. Мээнетимди эске алыштыбы, 2005-жылы Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамын беришти.
Асек Урманбетовдун жеке турмушуна келсек, ал согуштан кайткан жылы өзүнөн алты жаш кичүү Зина аттуу кызга үйлөнүп, аны менен бактылуу өмүр сүрүп, алты балалуу болгон. "Өзүбүздүн Саруудан экен, апама жагып калыптыр. Алты балалуу болдук. Ажал экен 75 жашында көз жумду" дейт ардагер.
Кызыгы Асек Урманбетов карыганда дагы бир ирет үйлөнгөн. Аны өзү мындайча айтып берди.
- Бишкекте протез жасаган завод бар эмеспи. Ошонун бир бөлмөсүн согуштун ардагери деп мага бошотуп беришкен. Мен 70ке чыкканда шык даарып, ыр жаза баштадым. Ал жерден эки китебимди бүтүрдүм. Ошентип жүрүп Тамара апаң менен баш коштум. Ал энең жөнүндө мага Бурулкан Карагулова деген акын, журналист кызым айткан. Көздөп жүрүп, Тамара 85 жылдыгын кафеден белгилегенде тааныштым. Бир топко сүйлөшүп жүрдүк. Анан 22-апрелде экөөбүз аянттан үйлөндүк, никебиз кыйылды. Аны телевидениеден келип тартып, көргөзүшкөн.
Асек Урманбетов 93 жашка келип калса да жасай турган иштери дагы көп экенин, бир буту протез, көзү жакшы көрбөгөнүнө карабай, жаңы чыгармаларды жаратуунун үстүндө иштеп жатканын кеп салды. Ал бүгүнкү жаштар алты саны аман туруп, жашоого кайдыгер карап, жалкоолук кылып жатканы өкүндүрөөрүн айтат.
- Азыр биздин жаштарга жакшы шарттар, кандай сонун мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Азыр илимди, техниканы колдонуп, эмне деген кереметтерди жаратса болот. Канча деген мыкты тил курстары бар. Окуйм, ийгиликке жетем десе, жаштарда мүмкүнчүлүк чоң. Бир гана жалкоолукту жыйыштырып, аракет кылыш керек. А биздин учурда мындай шарттар жок эле. Биз кандай гана кыйынчылыктарды, кыйың кезеңди башыбыздан өткөрбөдүк.
Карыганда шык даарыган Асек Урманбетов, жогоруда айтылгандай, кыргыз коомчулугуна акын катары да белгилүү. 75 жашында ыр жазып баштаган ардагер бир канча китептин автору. Учурда ал Бишкек шаарында жашайт.
Айнура Турсунова, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин бүтүрүүчүсү