Бул жашоодо бир эле көрүп, бирок өмүр бою эсиңде калган адамдар болот эмеспи. Мен үчүн ошондой адамдардын бири үч күн мурда Киевде жардыруудан мерт болгон журналист Павел Шеремет эле.
Бул киши менен 2012-жылы таанышкам. Эл аралык компаниялардын бири Ысык-Көлдө борборазиялык журналисттер үчүн семинар уюштуруп, анда Павел Шеремет менен катар Украинадагы "Украинская правда" порталынын негиздөөчүсү Алена Притула, орусиялык белгилүү журналист Елена Масюк өз тажрыйбасы, кеп-кеңештери менен бөлүшкөн.
Павел Шеремет абдан жөнөкөй, шайыр, көргөн-билгенин башкаларга бөлүшүүгө даяр адам катары таасир калтырган. Семинар өткөн үч-төрт күн аралыгында өзүнүн кесиптик таржымалын айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүшкөн эле.
Орусиянын Биринчи каналында иштеп, кийин бул каналдын бир тараптуу, орус бийлигин гана жактаган саясатына макул болбой бошоп кеткенин айткан. Өз мекени Беларуста президент Лукашенконун былык иштерин ачкан репортаждарын кантип жазганын баяндап берген. Ошондон тарта бул инсандын чыгармачылыгына кызыгып, макалаларын үзбөй окуп жүрдүм.
Шеремет орус телеканалындагы жакшы маяна, атак-даңк алып келген ишин агитациялык машинанын бир бөлүгү болгусу келбегени үчүн таштап кеткен экен.
Шереметти Беларус президенти Лукашенконун каардуу бийлиги сындыра алган жок. Журналисттик иликтөөсү үчүн түрмөгө да отуруп чыкты. Жанындагы жолдошу, чогуу иштеген оператору Дмитрий Завадский дайынсыз жоголду. Оператор бийлик колдуу болгону байма-бай айтылып келет. Беларус жарандыгынан ажырады.
Бирок анын баары Павел Шереметти сындыра алган жок. Бозгунда жүргөн кезде да беларус бийлигинин былык иштерине көз жумбады. Өзү негиздеген "Беларусский партизан" порталы аркылуу сөз эркиндигинин, адам укугун сакталышы үчүн бийликке каршы партизандык күрөш жүргүздү. Фейсбуктагы баракчасында да өзүн азыркы замандын партизаны катары сыпаттаганын окуганым бар.
Шереметтин журналисттик ишмердигинен биз алчу сабак көп деп ойлойм. Павел Шеремет "Журналисттин негизги байлыгы анын таза ысымы, ар кандай тар кызыкчылыктардан жогору турган абийири" деп улам-улам кайталаган эле.
"Макала жазган учурда редактор же кожоюндун алдында эмес, өз абийириңдин алдында уялбай, тартынбай максатка жеткиле" дегени дале эсимде.
Постсоветтик аймакта медиа базардын чакандыгынан, бийлик басымынын күчтүүлүгүнөн өз алдынча иштөө кыйын. Андан да кыйыны эч кимге сатылбай, абийирди таза бойдон сактап калуу.
Азыр көпчүлүк шарынан чыга албай, кайсы бир адамдардын каарына калуудан, коомдон обочодо калуудан коркобуз. Бирок журналист катары көргөнүн көргөндөй айтып, мекенинен алыс болсо да эч нерседен тайманбай иш алып барган жагынан Павел Шереметтен үлгү алсак болчудай.