Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Араб кыздарын сулуулаган мекендеш


Хани Тукеева, визажист, дизайнер.
Хани Тукеева, визажист, дизайнер.

Араб өлкөлөрүндө алдыңкы беш сулуулук борборуна кирген Sara beauty center салонуна атайын сынактын негизинде тандалып алынган кыргызстандык Хани Тукеева Омандын Маскат шаарында иштеп, тажрыйба алмашып жүрөт.

29 жаштагы визажист араб кыздарынын сулуулукка мамилеси, өзүн алып жүргөнү, жашоо-шарты туурасында “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: Омандагы Sara beauty center сулуулук борборуна кандайча иштеп калдыңыз?

Хани Тукеева: Бул жалаң айымдар үчүн ачылган сулуулук борбору. Омандагы же Араб өлкөлөрүндөгү алдыңкы беш борбордун бирине кирет. Учурда ага сынак аркылуу өтүп, эмгектенип жатам. Бул жерде окуп жана тажрыйба алмашса болот.

Кыргызстандагы борборлордон айырмачылыгы чоң, ошондуктан тандап алгам. Кардарлардын 90% араб аялдары. Арасында атактуу моделдер да бар.

Хани Тукееванын эмгектери.
Хани Тукееванын эмгектери.

“Азаттык”: Сынак кандай негизде өттү?

Хани Тукеева: Негизи бул сулуулук борборунун ээси өзү да абдан таланттуу адам.

Ал сулуулук салонун 2003-жылы негиздеп, ошондон бери иштетип келе жатат.

Дүйнөнүн бардык бурчунан өзүнө мастерлерди тандап алат. Мен билгенден сынакка мени менен бирге он чакты кыз катышты. Биз видеосабак менен жумушубузду көрсөтүп, өзүбүздү тааныштырганбыз. Мени менен бирге ирандык кыз да финалга өткөн, бирок мен жеңүүчү болдум.

Хани Тукееванын эмгектери.
Хани Тукееванын эмгектери.

“Азаттык”: Косметикалардын курамын да изилдеп чыкканга мүмкүнчүлүк боло турганын жазган экенсиз. Тажрыйба алмашуу кандай өтүп жатат?

Хани Тукеева: Косметика жаатында эксперт болуш да көп убакытты талап кылат экен. Мен бул жерде дагы беш ай окуйм. Азыр кичине темалардан баштадык. Мисалы беттеги боёкту жууп кетирүүчү каражаттарды, алардын курамын эксперимент кылып жатабыз. Жыйынтык жакшы болот деп үмүттөнөм.

“Азаттык”: Омандын жашоочулары Кыргызстан тууралуу билет бекен?

Хани Тукеева: Эртең менен окуп, кечинде иштегеним үчүн көп деле кишилер менен сүйлөшпөйм. Бирок мени менен жүргөн жана айланамдагылар Кыргызстан тууралуу билишпейт деле. Казакстандын, Орусияга жакын турганыбызды түшүндүргөнгө аракет кылып жатам.

“Азаттык”: Оманга чейин Кыргызстанда эле иштегенсизби же башка жакта да иштеп келдиңиз беле?

Хани Тукеева: Визажист болуп Кыргызстанда эле иштегем. Өзүмдүн кесибим дизайнер. Сүрөттү жакшы тартып, бир нерсени бат эле үйрөнүп алган жөндөмүм бар. Ошондуктан визажист болууну видеолордон көрүп жатып эле үйрөнүп алгам.

Хани Тукеева, визажист, дизайнер.
Хани Тукеева, визажист, дизайнер.

“Азаттык”: Омандын эмнеси жакты, эмнеси таң калтырды?

Хани Тукеева: Бул жакта кыз-келиндерди аябай сыйлашат, Аялдын укуктары жакшы корголгон. Көчөдө баратсаң жолду бошотуп турушат, сүзүп өтүшпөйт. Өзүмдү ханышадай эле сезип жүрөм. Адамдардын мамилеси, атмосфера жакты. Бири-бири менен урушкан, наалыган адамдарды көрбөйсүң. Телеканалдардан деле жаман, негитивдүү жаңылыктарды беришпейт экен. Ошонусу менен таң калтырды. Шаар таза.

“Азаттык”: Кыргызстанда кыздар өзүн жакшы карап калды, жасанып жүрөт деп айтып калышат эмеспи. Омандагы кыз-келиндердин айырмачылыгы эмнеде экен?

Хани Тукеева: Кыргызстанда кыз-келиндер өздөрүн жакшы карап калды деген сөз чын, бул жакшы. Бул жакта кыз-келиндер болгон акчасын өзүнө жумшайт. Сыртынан кара кийингени менен ичинде жакшы көйнөктөрү бар.

Бетине чейин укалатып, жеңил макияж жасатып жүрүшөт. 90 пайыз аялдар өзүн жакшы карайт десем болот. Кыргызстанда көбүнчө сыя түстүү, кызгылт, сары түстөр менен боёнушат, бул жакта болсо күрөң, табийгый түстөргө басым жасашат. Бирок кызыл помаданы абдан жакшы көрүшөт. Бул жакта тойлордо эркектер менен аялдар эки башка залда отурат. Ошондуктан каалагандай көйнөк кийип, жасанып, эринге кызыл помаданы сыйпап алып бара беришет. Анан бул жактагы салондорго эркектер такыр кирбейт. Кокус уруксаты жок кирип алса, жазаланат.

Тейлөө кызматы аябай жакшы, дайыма күлүп турушат. Кыргызстанда салонго кирсең бой көтөргөндөй болуп, кээде кабагын бүркөп отура беришет. Бул жакта такыр андайды көрбөйсүң.

Элде эмнеге мусулман аялдар караңгы деген ой калыптанып калган. Мен азыр ошол көз карашты бузуу үчүн болгон күчүмдү жумшап, жакшы нерсе тартуулагым келет. Күйөөм “өзүңдү карап, сени көргөндө башкалар да жоолук салынгысы келгендей болуп жүр” деп көп айтат.

“Азаттык”: Мындан ары Оманда калып карьераны өстүрүү пландарың жокпу?

Хани Тукеева: Бул жакта көп калбаганга аракет кылып жатам. Кыргызстанга барсам, биздин айымдарыбызга жакшы шарт түзүп, өзгөчө салон ачам деген планым бар. Аялзаты үчүн карьера эмес, үй-бүлө биринчи орунда турат. Ошондуктан мекениме сөзсүз кайтып барам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG