Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Апта: Назарбаев кетти, Нур-Султан калат


Мурунку Астана, азыркы Нур-Султан шаары, 4-сентябрь, 2016-жыл.
Мурунку Астана, азыркы Нур-Султан шаары, 4-сентябрь, 2016-жыл.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

Орусиянын Тергөө комитети үч кыргызстандык жаран Якутия (Саха) Республикасынын борбору Якутск шаарында жергиликтүү аялды "уурдап кетип, зордуктаган" деген шек менен кармалганын 18-мартта билдирген. Алардын бири күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган. Маалыматка караганда, кылмыш 17-мартка караган түнү болгон.

Бул окуядан кийин Якутск шаарында стихиялуу, кийин бийлик уруксат берген митингдер өттү. Шаада кырдаал үч-төрт күн чыңалып турду. 300 миңге чукул киши жашаган калаанын тейлөө кызматтарында иштеген борбор азиялык мигранттар коопсуздугунан чочулап, үйлөрүнөн чыкпай отуруп калышты.

22-мартта Якутск шаарында таксиде иштеген Кубан Карабеков менен байланышканыбызда шаарда кырдаал турукташканын, мигранттар ишке чыгышканын айтты.

Якутия: мигранттарга каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:06 0:00

19-мартта Кыргызстандан Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов баштаган топ барып, Якутиянын бийлиги менен сүйлөшүү жүргүздү. Жума күнү Москвада Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, өлкөнүн бардык аймактарында мыйзамдуу жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттарынын укугунун сакталышына кепилдик берүүнү сүйлөшкөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

18-марттын кечинде Якутск шаарында жумурияттын башчысы, баш калаанын мэри жана миңдеген адам катышкан митинг өттү. Анда бийликтегилер мыйзамсыз миграция маселесин чечүүгө убада беришкен. Республиканын башчысы Айсен Николаев март-апрелде келгиндерди жапырт текшерүү жүрөрүн, эреже бузгандар депортацияланарын айткан.

Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева "Настоящее время" телеканалы менен болгон маегинде буга кандай негиз бар экенин түшүндүрдү. ​«Шаардагы коомдук тамактануу, коомдук транспорт, такси, чачтарач кызматтарын каптаган мыйзамсыз ишкерлик көп суроо жаратып жатат" - деген жүйө келтирди. - Азыр өз базарыбызды эмгек миграциясынан коргош үчүн чара көрүп жатабыз» - деди мэр.

Соңку окуялардан кийин Якутиянын полициясы борбор азиялык мигранттарга ыдык көрсөткөн жергиликтүү тургундарды кармап, ошол эле учурда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо максатында рейддер жүрүп жатканы кабарланган.​

Якутиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Жазбек Бекболиев жергиликтүү элдин кескин нааразылыгына соңку беш айда мигранттар кириптер болгон чуулгандуу окуялар түрткү болгонун баса белгиледи.

Бекболиев: Кырдаалдын чыңалышына кыргыздар себепкер болдук
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:29 0:00
Түз линк

20-мартта кыргызстандык делегация жергиликтүү телеканал аркылуу жабырлануучудан, анын жакындарынан жана якут элинен кечирим сурады.

Расмий маалыматка караганда, Якутия (Саха) республикасында былтыр жыныстык мүнөздө 296 кылмыш катталса, анын төртөө мигранттардын катышуусунда болгон.

Эки жыл мурун Улан-Удэнин базарында кыргызстандык сатуучу улгайган аялга орой мамиле кылып, кемсинткени үчүн жүздөгөн бурят нааразылык билдирип чыккан. Анда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жергиликтүү калктан мекендештин кылыгы үчүн тизелеп кечирим суроого мажбур болушкан эле.

Борбор калаанын аталышы өзгөрдү

Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев бийликтен кетти. Астана шаары Нур-Султан деп аталып калды.

Нооруздун алдында, 19-марттын кечинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуп жатканын жарыялаган. Эл башы мамлекеттик телеканал аркылуу кайрылуусунда өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн казак калкына алкышын айтты.

79 жаштагы Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин да билдирди. Бул орган улуттук коопсуздукту, ички саясий стабилдүүлүктү камсыздоо, конституциялык түзүлүштү, көз карандысыздыкты коргоо максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү координациялап турат.

Назарбаевдин президенттиктен кетүү тууралуу кайрылуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:10 0:00

Орусиялык саясат таануучу, Борбор Азия боюнча адис Аркадий Дубнов BBC радиосуна берген комментарийинде "Назарбаев алдын ала даярдалган кызматка - Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары кетип жатат. Анын ыйгарым укуктары президенттикинен да жогору болот. Башкача айтканда, ал Казакстандын Дэн Сяопинине айланат", - деген баа берди.

Назарбаев президенттин милдетинин калган мөөнөтүн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарып турарын жарыялады.

20-мартта Астанадагы казак парламентинин эки палатасынын чогуу өткөн жыйынында Касым-Жомарт Токаев ант берип, президенттик кызматка киришти.

65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев дасыккан саясатчы жана тажрыйбалуу дипломат. Ал СССРдин Тышкы иштер министрлигинде жана чет өлкөдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө иштеген. Эгемен Казакстанда тышкы иштер министри, премьер-министр жана парламент төрагасы кызматтарын аркалаган. Токаев 2011-2013-жылдары БУУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал 2013-жылы кайрадан Сенаттын төрагасы болуп шайланган.

Токаев ант бергенден кийинки сөзүндө негизинен туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин “мамлекет үчүн сиңирген эмгегин” жогору баалап, борбор шаар Астананы – Нур-Султан шаары деп өзгөртүүнү сунуш кылды. "Астананын курулушу Эл башыбыздын эрдиги болуп саналат. Баш калаабыз эгемен элибиздин чыныгы жүзүнө жана калкыбыздын мактанычына айланды" - деген жаңы президенттин сунушун парламент ушул эле күнү дароо колдоду.

20-мартта Токаевдин ордуна Сенаттын төрайымы болуп Дарига Назарбаева шайланды. 55 жаштагы Дарига Назарбаева - экс-президенттин тун кызы. Мыйзамга ылайык, анын талапкерлигин Токаев сунуш кылды. ​"Эл башыбыз коомду өнүктүрүү, турмушу начар адамдарды социалдык жактан колдоону күчөтүү жаатында чоң милдеттерди жүктөдү", - деген жаңы спикер парламенттин ролун баса белгиледи. Ошентип Дарига Назарбаева ээлеген кызматы боюнча коңшу өлкөдөгү экинчи адамга айланды.​

Шотландиядагы Глазго университетинин Борбор Азия боюнча окумуштуусу, илимдин доктор Лука Анческиге кесиптешим Кубат Касымбеков кайрылып, Казакстанда саясий бийликтин картасы кандай өзгөрө турганын сурады.

Анченски: Назарбаевдин мурасы карама-каршылыктуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00
Түз линк

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев "Азаттык" менен болгон маегинде коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевди "эгемен Казакстандын түптөөчүсү" деп баалап, анын саясий мурасына токтолду.

Акаев: Нурсултан Назарбаев казак элитасын таптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:58 0:00
Түз линк

Казакстандын мурдагы премьер-министри, Назарбаевдин оппонентине айланган саясатчы, учурда Лондондо жашаган Акежан Кажегелдин жаңы президент Токаев "Эл башынын көлөкөсүнөн чыга алабы" деген суроого мындай жооп берди.

"Анын адилет шайлоо өткөргөнгө эрки жетип, анда өзү утулуп калса да бийликти туура жол менен өткөрүп берсе, коңшу Кыргызстандагы Роза Отунбаевадай тарыхта калат, - деген оюн айтты. - Ал Назарбаевдин жолун уласа, шайлоону бурмалап, өзүнө добуштарды жазып алат. Ошол бийлигин кармап кала алабы же жокпу - аны элдин маанайы көрсөтөт".

Нурсултанга каршылар кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:19 0:00

22-мартта коңшу өлкөдө Нооруз майрамдалып жатканда Астана жана Алматы шаарларында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармады. Алар баш калааны Нур-Султан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан.

Астанада Ноорузда акцияга чыккандардын нааразылыгын түз ободо чагылдырган "Азаттыктын" казак кызматы менен "Настоящее Время" телеканалынын журналисти кармалып, полицияга сурак берип чыгышты.

21-мартта казак баш калаасында ушундай эле талап менен акция өткөргөнү жаткан 20га чукул киши полиция бөлүмүнө жеткирилген.

23-мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астананы Нур-Султан деп өзгөртүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Ак Ордонун расмий сайтында кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG