Кыргызстандын башка райондору сыяктуу эле Аксыда да Нооруз майрамы шаан-шөкөт, ыр-бий менен белгиленүүдө. Жаңы эле казанын ачкан Гүлмира айым сүмөлөктүн бетиндеги сүрөттөрдү жакшылыкка жоруп олтурат:
- Элдик салтка ылайык, сүмөлөк бышкандан кийинки анын бетинде пайда болуп калган сүрөт өлкөнүн тарыхына жоромолдонот. Азыр биздин сүмөлөктүн бетинде тоолордун элеси менен андан чыккан вулкандын элеси чыгып калыптыр. Биз муну кыргыз жеринде тынчтык болот, өсүп-өнүгүү болот деп жоруп жатабыз.
Район акими Медетбек Айдаралиев да аксылыктардын майрамдык маанайы менен бөлүшө кетти:
- 12 айыл өкмөттө, район борбору Кербен шаарында шаан-шөкөттөр өтүп жатат. Бардык жерде элди куттуктап жатабыз. Улуттук тамак-аштардын сынагы жана волейбол оюну өтүп жатат. Айылдарда боз үйлөр тигилген, чоң масштабда көк бөрү оюнун уюштурдук. Концерт, ыр-кеселер дагы деле уланып жатат. Элдин маанайы аябай жакшы, жылдагыдан да жакшы.
Деген менен чек арадагы соңку чыңалуулардан улам Аксы районунун тургундары кыжаалат болуп, кооптонуу сезими да жок эмес. Итагар айылынын тургуну Муратбек Боробаев майрамдын шаңы болбой жатканын айтууда:
- Эч нерсени билбегендер үчүн кадимкидей эле майрам болуп жатат. Анан жашы токтолуп, жердин баркын билген, жердин кымбаттыгын сезген мага окшогон адамдарга саал оор болууда. Бир эсе кооптонуу күч. Президент келип кеткенден кийин эле мобу чек арага өзбек туугандар келип, жолду тосуп алганы көңүлдү өйүтүп, майрам майрамдай болбой турат. Нооруздун шаңы деле көзгө көрүнбөй турат. Жаштар ызы-чуу болуп, өзүбүз эле барып жолду кайтарып алабыз дегендерин араң басып турабыз. Эми атчан бара калып эле тартып алгыдай, бул илгерки чабыш заман эмес да. Өкмөтүбүздү болсо кандай деп баалаганды да билбей турабыз.
18-мартта Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын чек арачылары кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Алар ары-бери каттаган Кыргызстандын жарандарын текшерүүгө алып, паспорттук көзөмөл жүргүзүүдө.
Бул ортодо кыргыз бийликтери да аталган аймакта аскерлерди күчөтүлгөн тартипте кармап турат. Ага жакын жашаган жарандар Ноорузга жумшачу каражаттарын чогултуп, кыргыз аскерлерине тамак-аш, азык-түлүк сатып беришти. Кара-Төбө айылынын тургуну Бакытбек Үмөтов буларга токтолду:
- Айылдыктар жыйын кылып, быйыл Ноорузга көп каражат жумшабай, ошого кеткен акчага биздин аскерлерге жардам берели деп чечтик. Анан көчө-көчө ушул майрам күндөрү тамак жасап, өзүбүздүн жоокерлерибизге алып барып бердик. Эртең менен бир жамаат тапканын алып барат, түштө дагы бир жамаат аш бышырып, алып барып берди. Тамеки, суусундук, кыскасы колдон келишинче жардам бергендер көп болуп жатат. Эми майрамды тоспосок тоспоппуз деп, болгон күч-аракетибизди ошол жакка жумшап жатышат айылдагылар. Болбосо жылда Ноорузду улак, аркан тартыш, тигил-бул оюндар менен кызуу белгилечүбүз. Эми бул жерде биздин Коргоо министрлиги аскерлерди бага албай калып жаткан жери жок, болгону биздин кыштактагылар кичине болсо да аскерлерге кол кабыш кылалы деген ички мүдөөсү ушундай болуп жатат.
Аксыда кыргыз-өзбек чек арасында иштеп жаткан кыргызстандык аскерлерге өлкөнү башка аймактарынан да жардам жеткирилүүдө. Маселен, Бишкек шаарынын тургуну, Аксы районунда туулган Самарбек Өмүрзаков "Азаттыкка" буларды билдирди:
- Мага бардык аймактардан тааныштарым, досторум жүрөктөрү сыгылып, “Аксыга баралыбы, не кылалы?” деп тынбай телефон чалып атышты. Мен “Баары тынчтык жол менен чечилет, андан көрө каржыдан жардам кылгыла” деп өтүнгөм. Ошого Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй жана Ош облустарынан ыктыярчылар акча чогултуп беришти. Ага азык-түлүк сатып алып, Аксыга алып баратабыз. 4-5 кой да бар, аларды барып аскерлерге союп беребиз. Жардам бергендер чоңдор эмес, жөнөкөй эле катардагы жарандар. Мени атайын өкүл кылып, “сен ошол жердин кулунусуң” деп жөнөтүп жатышат. Биздин максат жөн гана ошол жердеги чек арачыларды, аскерлерди колдоо.
Кыргызстан бийликтери өзбек аскерлери курчап турган аймак Чала-Сарт деп аталарын, ал буга чейин талаш тилке болгонун билдирүүдө. Бирок жергиликтүүлөр ал участок Сары-Булак деп аталарын жана ал түздөн-түз Кыргызстанга караштуу экенин кабарлашууда.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкенге нааразылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек.