Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Москвалык жаш актерлор Айтматовдун айылында


Москвалык жаштар Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова менен.
Москвалык жаштар Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова менен.

Москвалык студенттер жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын сахналаштырып, аны жазуучунун айылдаштарына тартуулашты.

Спектакль Айтматов туулуп-өскөн Таластын Шекер айылындагы Төрөкул Айтматов атындагы орто мектептин залында коюлду.

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалындагы кыргыздын турмушун, жоготуунун, жокчулуктун азабын сүрөттөгөн «Саманчынын жолу» повести сахнада кыргыз, серб, украин элинин музыкалык чыгармаларынын коштоосунда жандуу кыймыл-аракеттер менен көрсөтүлдү.

Москвалык студенттер.
Москвалык студенттер.

19 кишиден турган бул топтун оюну айылдыктарга жакканы байкалды.

- Бизге ушунчалык жакшы таасир этти. Кыймыл менен көрсөтүп жаткан ролу аябай жакты. Жүз аарчымды колума кармап, аябай ыйладым,- деди Шекердин тургуну Жыргал Өскөналиева.

Москвадагы №40 эл аралык кино-колледжинин 3-курсунун студенти Валерия Безкоровайная Толгонайдын ролун аткарды. Ал Айтматов дүйнөсү менен кантип таанышканы тууралуу буларды айтты:

- Актерлук кесипти окуп жатканыма карабай китеп окуганда аябай кыйналам. Өзүм бир орунда тура албаган жанмын. Китепти оюңду бир жерге топтоп окушуң керек. Айтматов мен тынч отуруп, бир дем менен окуп чыккан биринчи жазуучу. «Саманчынын жолун» тамак ичпей аягына чейин окудум. Ага чейин жазуучунун чыгармалары менен такыр тааныш эмес элем. Бир эле чыгармасын окуп алып спектакль аткарууга киришти деп түшүнбөгүлө. Мен Айтматовдун китептер топтомун алып «Жамийласын», «Биринчи мугалимин» да окуп чыктым. Анан Шекерге келүүнү туура таптык. Айтматов кантип, кандай жерде жашаганын, ал жазган чыгармалар кантип жаралганын жакындан түшүнгүм келди. Жазуучунун туулган жерине болгон сапарыбыз Татарстанда өтө турган фестивалда ийгилик алып келет деп үмүттөнүп жатабыз.

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова.
Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова.

Валерия Безкоровайнаянын айтымында, «Саманчынын жолу» ушул форматта 22-майда Татарстандын Казан шаарында өтө турган фестивалда көрсөтүлөт.

Бул иш-чараны "Курак” аялдар форуму, ApricotGuestHouse жана Айтматов адабий үйү биргеликте ишке ашырган. "Айтматов жүргөн жерлер" долбоорунун алкагындагы бул үч күндүк сапарга өлкөнүн булуң-бурчунан жазуучунун күйөрмандары да кошулган.

Делегациянын курамында жазуучунун бир тууганы Роза Айтматова жүрдү. Саамалык алкагында Таластагы Айтматовдун эстелиги орун алган жерлерге гүлчамбар коюлуп, жазуучунун чыгармаларындагы айрым прототиптер жашап өткөн жерлерге саякат жасалды.

Иш-чаранын максатын аны уюштуруучулардын бири Банур Абдиева минтип түшүндүрдү:

- Бул экинчи тур. Былтыр, 2017-жылы биз Ысык-Көл облусундагы Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тасмалар тартылган жерлерди кыдырганбыз. Мисалы, "Ак Кеме" тасмасы тартылган жер, улуу манасчы Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматов жолугуп, маектешкен жерин таанып-билгенбиз. Ошондо биз Таласка да ички туристтер үчүн ушундай тур уюштуруу керек деп ойлогон элек. Бул долбоорду чынын айтканда эч ким колдобойт. Арабызда ар кайсы курактагы адамдар бар. Биз Айтматов тууралуу анын мааракесинде же дагы бир белгилүү даталарда гана эскербей, жай күндөрү деле жазуучу жүргөн жерлерди келечек муунга жакындан тааныта беришибиз керек.

Быйыл Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Анын алкагында мамлекеттик деңгээлде жана коомчулукта көптөгөн ири иш-чаралар мерчемделип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG